Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:11

БУУ: Кыргызстанда буудай тартыш болушу мүмкүн


Кыргызстандын буудайы.
Кыргызстандын буудайы.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Азык-түлүк жана айыл чарба уюму 2020-жылы Борбор Азия өлкөлөрүндө буудай тартыш болорун эскертти.

Уюм муну дан эгиндерин өндүрүүгө пандемия жана аба ырайы терс таасир эткени менен байланыштырды. Кыргызстандын бийлиги азык-түлүк коопсуздугу боюнча өлкөдө быйыл коркунуч жаралбай турганын билдирүүдө. Адистердин позициясы башкача.

Дүйнөлүк уюмдун эскертүүсү

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (Food and Agriculture Organization - FAO) буудай өндүрүшүнө байланыштуу жаңы болжолун COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин талдаган экинчи баяндамасында жарыялады.

Августтун башында жарык көргөн изилдөөдө быйыл Европада жана Борбор Азияда жалпы дан эгиндерин өндүрүү өз нугунда жүрүп жатканы кабарланып, бирок буудайдын дүң жыйымы кемий турганы айтылат.

Аталган уюм өзгөчө Кыргызстан менен Тажикстанда аба ырайынын начардыгынан жана ресурстардын жетишсиздигинен буудай өндүрүү да, аны колдонуу да азаяры белгиленген. Ресурс деп бул жерде үрөн менен жер семирткичтер тууралуу кеп болуп жатат.

Мекеменин өкүлү Чен Фан мунун натыйжасында Борбор Азиядагы өлкөлөрдө азык- түлүк коопсуздугу боюнча маселе жараларын эскертет.

«COVID-19 вирусунун натыйжасында тамактануудагы негизги азыктардын кымбатташы коопсуздукка жана калктын бул топтогу тамак-аш менен камсыз болушуна олуттуу коркунуч туудурушу мүмкүн», деп келтирилет Чен Фандын сөзү мекеменин (fao.org) сайтында.

Азык-түлүк жана айыл чарба мекемеси бул жагдайдан жалаң эле керектөөчүлөр эле эмес, өндүрүүчүлөр да зыян тартарын маалымдайт. Тагыраагы коронавирус жана аба ырайы Борбор Азиядагы мамлекеттерде дан эгиндерин сактоого, ташууга, таратууга, экспорттоого, финансылык абалга жана эмгек рыногуна да терс таасирин тийгизген.

Уюм ушундай эле өңүттөгү кабатырлыгын май айында тараткан биринчи баяндамасында да ачыкка чыгарган эле.

Бирок Кыргызстандын бийлиги өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе жок экенине ишендиргиси келип жатат. Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев бул жөнүндө 29-июлда жана 7-августта өткөргөн брифингдерде эки жолу билдирүү кылды. Соңку басма сөз жыйынында министр буудайдын аянты жана өнүмү быйыл жылдагыдан көп экенин маалымдады:

Эркинбек Чодуев.
Эркинбек Чодуев.

«Чынын айтканда, пандемия айыл чарбасына бир топ кыйынчылык алып келди десек болот. Бирок ошого карабастан биз жазгы талаа жумуштарын жакшы деңгээлде бүтүрүп алдык. Буудайдын себилиши быйылкы жылы 7,5 миң гектарга көп болду. Башкача айтканда, 247 жарым миң гектар жерге буудай себилди. Ушул күнгө карата буудайдын 63%, арпанын 62% орулуп-жыйылып бүттү. Түшүмдүүлүк былтыркыдан бир топ жакшы болду, гектарына 28 центнерден айланды. 2019-жылы биз жалпысынан 600 миң тонна буудай өндүрүп алсак, 2020-жылы 680 миң тонна буудай жыйнап алууну милдет кылганбыз».

Чодуев кабарлагандай, августтун башына карата Ош, Баткен, Чүй, Талас жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында буудайдын дээрлик көпчүлүгү жыйналып бүткөн, эми бул аймактардын тоолуу райондору жана Ысык-Көл менен Нарын дубаны калган.

Министрдин айтымында, быйыл дыйкандар үрөн жана жер семирткичтер менен жетиштүү көлөмдө камсыз болуп, фермерлердин көбү жеңилдетилген насыяларды алышкан.

«Алдыбызда күздүк эгүү иштери да турат. Быйыл азык-түлүк коопсуздугун сактоо максатында буудайдын аянтын дагы 300 миң гектарга көбөйтүү боюнча сунуш киргизип, өкмөттөн колдоо алдык. Анын 220 миңи күздүк буудай. Ошондуктан мамлекеттик колдоо катары биринчи жолу дотация маселеси чечилген. 9,2 млн. сомдук үрөндү үрөнчүлүк чарбалардан дыйкан-фермерлерге алып бердик, калган акча турат. Күздүк эгүүдө кооперативдердин 30% үрөнүн алып бергенге толук шарт бар», - деди айыл чарба министри Эркинбек Чодуев 7-августта.

«Айтылган коркунуч реалдуу»

Кыргыз өкмөтү былтыркы жылы 2019-2023-жылдарга азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча жаңы программасын бекиткен. Бирок жыл айланбай жатып, быйыл жазда коронавирус пандемиясынан улам өлкөдө ун жана ун азыктары тартыш боло баштаган.

Ошондон кийин сыртка буудай чыгарууга алты айга тыюу салынып, кайра тескерисинче аны чет жактан көбүрөөк алып келүү жанданган. Мындан тышкары Кыргызстандын өзүндө буудайды көбөйтүүгө чара көрүлө баштаган.

Бирок ишкерлер реалдуу өндүрүш министрлик айткандай эмес экенин, түшүм керек болсо жылдагыдан аз болуп калганын билдирип жатышат. Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушов​ ушундай пикирде.

Рустам Жунушов.
Рустам Жунушов.

«Бизде «680-700 миң тоннага чейин буудай чогултабыз» деп жатышат, бирок ал жалган сөз. Бизде азыр аянттар реалдуу көбөйгөн жок, мынчалык көп жыйнай алышпайт. Буудай аянттары кыскарып, акыркы үч-төрт жылда минимумга келген. Буудай өндүрүү өлкөдө былтыр да аз болгон эле, быйыл андан да аз болуп жатат. Жергиликтүү буудайды жылда 12 сомдон алчубуз, быйыл башталышында 15 сом коюп, бүгүнкү күндө 17 сом десек да, комбинаттарга алып келгендер аз. Салыштырмалуу жокко эсе десек да болот. Анан кайдагы миң-миң тонналарды айтып жатышат, билбейм. Көбү арпа экти, жем үчүн. Буудайды кыргызстандык фермерлер биздин эсепте ашып кетсе 250-300 миң тонна жыйнашы мүмкүн. Анын жарымына жакыны төртүнчү-бешинчи сорт болуп калат, унга жарабайт. Натыйжада биз кайра эле сырттан сатып алууга аргасыз болобуз, керек болсо жылдагыдан да көбүрөөк алышыбыз керек болот. Быйыл чын эле кыйын болот го», - дейт ал.

Рустам Жунушов​ Казакстандын түндүгүндө күн катуу ысып, жаан-чачындын жоктугунан буудай начар болуп жатканын, Орусиянын айрым жерлеринде жаан-чачындын көптүгүнөн эгин жетиштүү болбой жатканын эске салды. Өзбекстанда болсо суу сактагыч жарылып кеткендиктен, түшүм азыраак болушу ыктымал. Ошондуктан ал Өзбекстан Казакстандын түштүгүндөгү буудайдын көбүн өзүнө ташып келип жатканын да кошумчалады.

Бул аныктама жогоруда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба мекемеси келтирген маалыматтар менен дал келет.

Расмий маалыматтарда Кыргызстандын ун азыктарын керектөөсү жылына 600-650 мин тонна деп белгиленсе, расмий эмес эсептерде ал 1-1,5 млн. тоннага чейин жетери айтылат. Демек, анын жарымынан көбүн сырттан, көбүнчө Казакстандан жана Орусиядан сатып алып келет.

Сөз кезегин айыл чарба боюнча адис Бакыт Мамыткановго берели.

Бакыт Мамытканов.
Бакыт Мамытканов.

«Орусияда жылына 70-80 млн. тонна, кээде 100 млн. тоннага чейин буудай өндүрөт. Мунун көбү өздөрүндөгү керектөөнү басат, кошумча спирт заводдорго кетет. Анан алардын буудайынын көбү унга, нан жасоого жарабайт. Казакстан жылына 20 млн. тоннадай буудайды сыртка сатат. Биздики бир млн. тоннадай муктаждык бар экенин эске алганда, ушул өлкөлөрдөн алып келип турсак болот. Бирок алар жалаң эле бизге эмес, дагы 10-15 өлкөгө сатат да. Кошумча буудайды ташып келүүдө чек арада ар кандай тоскоолдуктарды киргизип коюп жатышпайбы. Транзит аркылуу Орусиядан алып келатып туруп калууда же темир жолдо кармалып калууда. Тажикстанда, Өзбекстанда, Кыргызстанда буудай дайыма тартыш болуп келген. Быйыл жогорудагы жагдайларды эске алганда бул өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда коркунуч реалдуу экенин моюнга алыш керек. Ошону үчүн биз мурдатан буудайды ташып келүүгө кошумча нарк салыгын алып таштоону сунуш кылып келгенбиз. Ошол салык жок болгондо буудайды жылда көп-көп ташып келип, ички завод-комбинаттарыбыз иштеп турмак. Ушундай кырдаалда алар бизди кризистен оңой алып чыгып кетмек», - дейт ал.

Ун өндүрүүчүлөр ассосиациясы кабарлагандай, 2015-жылы өлкө боюнча 62 ун комбинаты болсо, 2020-жылы андай ишканалардын саны 32ге түшкөн. Алардын ичинен 19у токтоп турса, тегирмен ташы айланып жаткан 11 эле ун комбинаты бар. Адистер комбинаттардын азайышын Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) киришинен жана Казакстандан, Орусиядан буудай менен ун аткезчилик жол менен көп ташыла баштаганынан көрүшөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG