Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Пандемия дыйкандын түйшүгүн көбөйттү


Кара-Суудагы дарбыз талаасы.
Кара-Суудагы дарбыз талаасы.

2020-жылдын алгачкы жарымында Кыргызстанда 64 миллиард сомдук айыл чарба азыктары өндүрүлдү.

Өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу бул бир аз көбүрөөк жана пандемияга карабай дыйкан-фермерлердин иши жүрүп турду. Бирок ошол эле кезде жашылча-жемиштердин айрым түрлөрүн сата албай калгандар, чет жакка экспорттоодо түйшүккө баткандар четтен табылат.

Дарбыз менен капуста сатылбай калды

Жашылча-жемиштердин бир сыйра түшүмүн жыйнаган Ош облусунун Араван районунун бир катар дыйкандары алгачкылардан болуп капустасын сата албай калганына даттанып чыгышты.

Андан кийин аларга облустун башка райондорундагы, Жалал-Абад жана Баткен аймактарындагы фермерлер да кошулду.

Баткендик дыйкандардын бири Керим Айдаров гектарлап капуста эгип алган жылы анын наркы арзан болуп калганына кейиди:

Капуста талаасы.
Капуста талаасы.

«Ушул жерге капуста айдап, үй-бүлөмдү багам. Тиричиликке жарап жатат. Былтыр килограммын 20 сомдон сатсак, даанасы 10 сом болуп калды».

Айрым жерлерде капуста текейден арзан болуп, талаага төгүлүп кеткени же турган жеринен кайра тракторго айдалып кеткени да кабарланды. Себеби өз убагында сатылбаса капуста жана башка азыктар тез бузулуп кетет.

Аталган облустарда коон-дарбыз эккендер да түйшүккө баткандай болду. Алардын көбү жылда ресторан-кафелерге түшүмүн дүңүнөн өткөрчү экен. Карасуулук дыйкан Самара Кармышова аны мындайча түшүндүрдү:

«Той-аш азайды, жакшы болду десек, бир жагынан ушундай болот экен. Мурда бир «Портер» дарбыз алып барсаң, аны эки адам бөлүп алып коёт эле. Бири «той кылып жатам», бири «дагы бир нерсе өткөрүп жатам» дечү. Же алып-сатарлар турган жеринен алып кетишчү, же кафелерге түз эле сатчубуз. Ошого азыр дарбыз минтип талаада жайнап калды. Алгандар азыраак болуп жатат. Колдон келишинче саттык, бирок арзан болуп өзүн жакшы актабай калды».


Жергиликтүү бийлик бул шартты коңшу өлкөлөр менен карым-катнаштын чектелиши жана чек аралардын жабыктыгы менен байланыштырды. Ошол эле кезде быйылкы түшүмдүн көптүгү, атаандашуу да себеп дешет.

Арийне, жалпы Кыргызстанда айыл чарба азыктарын өндүрүү алгачкы жарым жылда арбыгандай болду.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, дыйкан-фермерлер алган өнүм алты айда 64 млрд. 646,4 млн. сомду түздү. Былтыркы жылдын тиешелүү мезгилинде бул сумма 59 млрд. 992 млн. сом болгон. Башкача айтканда, 1,6% көбөйдү.

Бул өтө чоң секирик эмес деңизчи, бирок жаздан бери пандемия шартында жашап жаткан дыйкандар үчүн жок дегенде артка кетпегени катары караса да болот.

Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев 28-июлдагы брифингде буларга токтолгон:

Эркинбек Чодуев.
Эркинбек Чодуев.

«Айыл чарбасындагы жалпы дүң чыгарылыштын ичинен мал чарбасында 50 млрд. 642 млн. сомдук, багбанчылыкта 11 млрд. 293,5 млн. сомдук азык өндүрүлдү. Азык-түлүк коопсуздугунда негизги нерсе нан жана нан азыктары болуп эсептелет. Быйыл өлкөдө 247,5 гектарга буудай себилген. Азыр аны оруп-жыйноо иштери жакшы уюшкандыкта жүрүп жатат. Пандемия маалында элди нан менен камсыз кылуу өтө маанилүү, ошондуктан быйыл буудай көбүрөөк аянтка себилди».

Экспорттоодо кыйынчылыктар бар

2020-жылдын алгачкы жарымындагы жалпы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү тууралуу айтылганы менен айыл чарба азыктарынын сыртка сатылышы боюнча расмий маалыматтар келтириле элек. Жалпы экспорт беш айда 352,0 млн. долларды түзүп (алтынды эске албаганда), 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 20% азайды.

Ага карабай министрлик айыл чарба азыктары сыртка тоскоолдуксуз кетип жатканын кабарлады.

«Биз белгилеп айтып кетишибиз керек, экспорт такыр токтогон жок. Жеке ишкерлер, чоң кооперативдер, дыйкан-фермерлер, тоскоолдуксуз эле Орусия Федерациясына жана Казакстанга өздөрү өндүргөн азыктарын жөнөтүп жатышат. Аларга шарттар түзүлүп, бир топ жакшы жумуштар жүрүүдө», - деди айыл чарба министри Эркинбек Чодуев расмий брифингде.

Жыл башында кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунаалар узун кезекке туруп, товар ташыгандар күндөп-түндөп жолдо калышкан. Кыргызстан менен Казакстандын расмий органдарынын кайым айтышуусунан жана кайра сүйлөшүүсүнөн кийин өтүү жеңилдеп калган.

Бирок андан бери деле товарын жөнөткөн ишкерлер чек ара бекеттеринде ашыкча текшерүүлөргө кабылып, убаракерчилик тартып жатканы айтылууда. Муну айыл чарба тармагындагы эксперт жана ишкер Манас Саматов да белгиледи:

Манас Саматов.
Манас Саматов.

«Эми соода жүгүртүү Евразия Экономикалык Биримдиги барбы-жокпу, жүрө берет. Мурдатан калыптанып калган. Болгону ошол уюмдун жасалма бөгөттөрү ишкерлерди жүдөтүп бүттү. Ашыкча эле бирдемелерди ойлоп таап, Москвадан көзөмөлдөп туруу амалы дагы эле иштеп жатат. Казакстанга, Орусияга товар киргизүүдө тоскоолдуктар толтура. Тосмой, коррупция ишкерлерди жана дыйкандарга ашыкча чыгымга учуратып жатат».

Кыргыз өкмөтү Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирип жатканда «айыл чарба азыктарын 250 миллион калкы бар базарга сатууга жол ачылат» деп убада берген. Кыргызстан өз базарын биримдиктин өлкөлөрүнө ачканы менен, тескерисинче, кыргызстандык дыйкандарга уюмдагы башка мамлекеттер эшигин ачкан жок.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы Биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG