Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июнь, 2020 жума, Бишкек убактысы 02:17

Карантин дыйкандардын колун байлады


Кыргызстандагы дыйкандар. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда жазгы талаа иштерине тоскоолдуктар болуп жатканын дыйкандар биринен сала бири даттанып чыгышты.

Айрымдар айдоого кетчү жолдор жабылганына нааразы болсо, башкалары чарбалык техниканын тетиктерин таба албай, кейип жатышат. Үрөн, көчөт издегендер да бар. Өкмөт болсо бул маселелер чечилип жатканын жана айдоо жумуштары жарымдап калганын билдирүүдө.

Талаага да, шаарга да жол жабык

Карантиндик режимдин шылтоосу менен айдоо аянттарына кеткен жолдор тосулуп калганын биринчилерден болуп багбанчылык менен алектенген Кыяс Молдокасымов айтып чыкты. Ал Бишкектин четиндеги Рухий-Мурас конушунан талаага чыгып кеткен көчө казылганын видеого тартып, социалдык тармактардагы баракчасына койду.

Молдокасымов өзү журналист болгону үчүн дыйкандар маселени көтөрүүнү андан суранганын кабарлады. Анын айтымында, жол азыр да ачыла элек.

Рухий-Мурас айылында тосулган жол.
Рухий-Мурас айылында тосулган жол.

«Рухий-Мурастын үстүндө дыйкандар каттаган таштак жол бар. Ошол жолду «Ысык-Атадан, Канттан чоочун адамдар кирип жатат» деп, жол тескөөчүлөр жана штабдагылар жаптырган экен. Бирок аны тосушканы менен ары жактан кирген адамдар аралап, башка жерлер аркылуу кирип жатышат. Болгону дыйкандар гана жеңил машинеси же айыл чарба техникасы менен талаадагы жерине өтө албай калышты. «Фермерлерге тоскоолдук кылбай, ачып эле койсоңор» деп кайрылдык эле, айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Калканович менен республикалык жол коопсуздук башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов келип, көрүп кетишти. Алар «изилдеп көрүп, анан чечебиз» дешти. Жол дагы эле казылган боюнча, жабык турат», - деди Кыяс Молдокасымов.

Анын сөзүнө караганда, Рухий-Мурас конушу борбор шаарга карайт. Бирок ал жолдон негизинен Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору тараптагы талааларга дыйкандар өтүшчү. Молдокасымов ырастагандай, жол тосулгандан улам бери дегенде 100-150дөй фермер талаадагы үлүш жерине бара албай, үрөн себе албай камалып жатышат.

Ушундай эле жагдайга кеп болгон Ысык-Ата районунун Интернационал жана Покровка айылдарынын фермерлери да кабылып жатышат. Алар негизинен Бишкектин жакасындагы посттордон улам ары бери каттай албай, үрөн таба албай жүдөшүүдө. Муну покровкалыктардын бири Бакыт Турдубаев «Азаттыкка» айтып берди.

«Биз жүгөрүнүн уругун Сокулук, Кара-Балта жактан алып келчү элек. Үрөн өзү кымбаттап кетти. Маселен, Түркиянын жүгөрү уруктарын мурда 69 сомдук курста 110 доллардан алчубуз. Азыр доллар 85 сом болуп кетип, андан кыйналып жатабыз. «Пионер» деген да жакшы урук бар, ал 150-160 доллар болуп, андан да кымбатка түшүп калды. Ошону да сатып алыш үчүн же күйүүчү-майлоочу май алып келели десек шаар аралап, барып келишке туура келет. Бирок посттордон «өткөрмөңөр жок экен» деп бастыра коюшпайт. Ошол себептүү азыр талаада көп жер айдалбай, себилбей эле турат».

Фермерлердин бул өңдүү даттанууларынан кийин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирүү берип, жазгы талаа иштерине байланыштуу дыйкандардын ишине тоскоолдук болбойт деп кабарлады. Ал муну 8-апрелдеги пландык басма сөз жыйынында айтты.

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

«Бүгүнкү күндөгү кырдаал, айыл чарба тармагына эч кандай тоскоолдук түзбөшү керек. Анын үстүнө штабдын, өкмөттүн да чечимдери бар. Тиешелүү мамлекеттик органдар ошол боюнча иш жүргүзүп жатат. Өзгөчө абал киргизилген жерлердеги коменданттарга, жергиликтүү бийликтин жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилген. Жазгы талаа жумушун жүргүзгөндөрдөн документ, өткөрмө суроо деген болбош керек. Тилекке каршы, ушуга окшогон маселелер кээ бир жерлерде болуп жатканын биз да угуп жатабыз. Биз ал боюнча сөзсүз түрдө карап, тескери жумуштарды жүргүзгөндөргө чара көрөбүз», - деди ал.

Өкмөт мүчөсүнүнүн сөзүнөн кийин Бишкек шаарынын комендатурасы да билдирүү таратып, баш калаанын аймагында талаа иштерин жүргүзүүчү адамдар жана алардын машинелери блокпосттордон тоскоолдуксуз өтө алышарын кабарлады.

Бул үчүн алардын жанында паспорту, айдоочулук күбөлүгү, машинеге тийиштүү документи жана жергиликтүү бийликтен айдоо аянты бар экенин тастыктаган маалымдама же айдоо жердин ээси менен ижара тууралуу келишим кагазы болушу керек.

Бирок бул документтери жок дыйкандарга блокпосттордон өтүүгө баары бир уруксат берилбейт экен. Бул биринчи вице-премьер-министрдин «дыйкандар посттон документсиз өтө алат» деген сөзүнө каршы келеби-келбейби, аны сиздин сотуңузга коёлу.

Ошол эле убакта посттон өтүп, бирок өзүнө керектүү нерселерди таба албай калып жаткан дыйкандардын даттануусу да өзүнчө бир тема. Фермерлер көбүнчө айыл чарба техникасынын тетиктерин же майлоочу май саткан базарлар, дүкөндөр жабык болуп калып жатканын белгилешүүдө. Бул жөнүндө Кочкор районунун Кум-Дөбө айылынын тургуну Амандык Сапарбеков мындайча суроо койду:

«Техниканын тетиктерине байланыштуу маселени чечип берсеңер жакшы болот эле. Шайман-тетик саткан контейнерлердин ачтырып койсоңор. Оор жүк ташыган машинелерге жармашып, тетик алып келели деп барып, баары жабык, темселеп кайра келатабыз. Бир сом акча жок. Ушуну карап бербейсиңерби? Бул силерге тамашабы? Жер айдоо жүрүп жатканда ушул жагын да ойлобойсуңарбы?».

Тиешелүү басма сөз жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул маселе жөнүндө да жооп берип, аталган жагдайда маселе жоктугуна ишендиргиси келди:

«Ал эми айыл чарба техникасын тетиктер менен камсыздоодо да эч кандай маселе жаралбашы керек. Өзгөчө абал түзүлгөн шаарларда тетиктерди сатуучу базарлар, дүкөндөр толук иштебей жатканын билебиз, бирок алардын ордуна шаардын сыртындагы жайларды иштетип жатабыз. Мисал үчүн, Бишкектеги базардын ордуна Сокулукта, Токмокто жана башка райондордо уюштурдук. Чүй облусундагы фермерлер ошол жерлерден тетиктерди алып турса болот. Ушундай эле тапшырма Ош шаарынын, Ош облусунун жана Жалал-Абад облусунун жетекчиликтерине да берилди».

Кубатбек Боронов өлкөдөгү айыл чарба техникасынын 91,5% жазгы талаа иштерине даяр экенин жарыя кылды. Ал машина-трактордук парктарды жаңылоо максатында быйыл 250 даана айыл чарба техникасы берилерин, анын 80 даанасы дыйкандардын колуна жеткенин белгиледи. Өкмөт өкүлүнүн маалыматы боюнча, республикада 90 машина-трактордук бекет (МТС) уюштурулса, ону 2020-жылы ишке кирди.

План жана аткаруу

Ошентип, өкмөт жазгы талаа жумуштары Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 80-90%, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында иштин жарымынан көбү аяктап калганын билдирүүдө. Жетекчилер ал тургай кээ бир аймактарда көрсөткүч мындан да жогору экендигине ишендирүүгө аракет кылууда.

Араванда болсо жашылча-жемиштер бышып, дыйкандар карантинден улам кайда сатарын билбей турган кези. Фотобаянды толук көрсөңүз болот.

Маселен, 8-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев бул дубанда айдап-себүү иштери 97% аткарылып бүткөнүн айтты.

Бул жерден кайрадан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун сөзүн угалы.

«Ирригация, урук маселелерин чечүү, дизелдик отунду, минералдык жер семирткичтерди сатууну уюштуруу жумуштары толук жүргүзүлүүдө. Жазгы талаа иштерин 40,6 миң тонна дизелдик отун талап кылынса, бүгүнкү күндө биздин республикада 32,4 миң тонна же болбосо 80% камсыз болду. Дизелдик отундун литринин орточо баасы 43,15 сомду түздү. Ал эми минералдык жер семирткич ташып келүү талаптагыдай. Бул багыттагы ассоциациялар жана фирмалар менен жолугушуу өткөрүлүп, январь айынан май айына чейинки графиги түзүлгөн. Айыл чарба министрлиги менен минералдык жер семирткич жеткирүүчүлөрдүн ассоциациясынын ортосунда келишимдер бар. Учурда өлкөдө 65,3 миң тонна минералдык жер семирткич бар. Бизде жылына 200 миң тоннадай жер семирткич талап кылынат. Бирок калганын алып келүү да үзгүлтүккө учурабайт», - деди ал.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев да пландуу брифинг учурунда өлкөдөгү эгиндин жалпы көлөмүн келтирди:

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары орун басары Жаныбек Керималиев да пландуу брифинг учурунда өлкөдөгү эгиндердин жалпы көлөмүн келтирди.

Жаныбек Керималиев.
Жаныбек Керималиев.

«2020-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты 1 млн. 220 миң гектар аянтты түзөт. Же өткөн жылга салыштырмалуу 2,5 миң гектарга көп болот деп болжолдоп жатабыз. Жалпы эсептин ичинен 745 миң гектар аянтта жазгы себүү иштери жүргүзүлөт».

Деген менен жазгы талаа иштерине карата даярдык жана анын аткарылышы жөнүндө дыйкандардын жана эксперттердин жүйөлөрү башкача.

Айыл чарбасы боюнча адис Бакыт Мамытканов «айдап-себүү иштери 80-90% бүттү» деген кабарды апыртма катары мүнөздөдү:

Бакыт Мамытканов.
Бакыт Мамытканов.

«Эки эле киши чыгып айтып койсо, баары сонун болуп калбайт. Аны элдин баары түшүнүп турат. Мисалы, биздин жерлер бардыгы бүтө элек. Дыйкандар айдоо аянттарынын көп жерлерин керек болсо айдай элек. Айыл чарба министрлиги «бардыгы сонун, мынча иш бүттү» дегенге үйрөнүп алыптыр, жыйынтыгы дайыма начар чыгып калып жатканын көрүп келатабыз. Тескерисинче, жылдан-жылга ички дүң өнүмдүн түзүмүндө айыл чарбасынын үлүшү азайып жатат. Анан кантип, эмне менен өнүгүп жатабыз? Алар эмнени айтып жатышат, билбейм. Мен билгенден Керималиев калп айткандан башканы билбейт, Боронов ошо Керималиев берген маалыматты айтып жатат да. Албетте, дыйкандар аракет кылып жатат, бирок кыйынчылыктар көп. Көбү талаага жете албай калышты. Менин эсебимде быйыл минимум 20% жерге эч нерсе эгилбей калат».

Тобокелдик жана азык-түлүк коопсуздугу

Арийне, быйыл талаалардын кайсы бир бөлүгү иштетилбей калышы мүмкүн экенин айткандар арбын. Анын ичинде эгиндин кайсы бир түрү азыраак болуп калышы ыктымал дегендер да бар.

Маселен ысык аталык фермер Бакыт Турдубаев быйыл Чүйдө жашылча-жемиш эккендер кыскарып кеткенин белгилеп, бул жыл соңунда аларды кымбаттатып жибербейби деп кабатырланды:

«Мен көрүп-билгенден биз тарапта жерди ижарага алгандар капуста, бадыраң, ашкабак, дарбыз сыяктуу жашылчаларды көбүрөөк айдашчу. Эски беде-седеси барлар ошолорду калтырып жатат, арпа-буудай бар. Бирок быйыл жашылча же жер-жемиш айдалганын такыр байкабадым. Себебы, шартка жараша уруктары же башка нерселери жок болуп калды. Керек болсо дагы 30% жерлерге эч нерсе себиле элек. Менимче ушунун баары эле кайра түшүмдүн, жыйын-теримдин азайышына алып келет го. Бул жерде эч кимди күнөөлөй албайсың, бирок акыбал ушундай болуп калганын айткым келди».

Какаганга муштаган болуп, ушул күндөрү Кыргызстандын айрым аймактарында кар да катуу жаап салды. Бул эгиндин айрым түрлөрүнө залакасын тийгизсе, ошол элек убакта бактардын көбүн үшүк алып кетиши мүмкүн болуп калды.

Оштун тургуну, багбан Абдулла Капаров соңку сууктан улам алма-өрүк быйыл түшүм бербей калышы ыктымал экенин эске салды:

Баткендеги өрүкзар.
Баткендеги өрүкзар.

«Бул кар эми түшүмдүн баарын уруп таштайт. Үшүк ургандан кийин бактан эч нерсе ала албай калабыз. Эң начар болжол, алма-өрүк же башка бак 100% түшүмүн бербей калышы мүмкүн. Болбосо былтыркы жылдын жарымындай түшүм алабыз. Өзү коронавирус пандемиясы, карантинден улам багбанчылык ансыз да жабыр тартып жаткан. Чоң багы барлар эптеп жатышкан, бирок үйүндө беш-ондон дарак олтургузгандар көчөт таба албай калышты. Себеби бардыгына эле уруксат бере бербейт да. Адамдар дүрбөлөңгө түшүп, көчөгө чыкпай жатышса, көчөттү кайдан алып келишет. Эми болсо кар ошого кошумча болуп калды».

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстандагы өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдеринин кириши, ун азыгына болгон таңкыстыкты жаратканын жакшы билебиз. Өкмөт чет жактан, Материалдык резервдер фондунан ун рынокко чыгарылып жатканын азырга дейре айтып келатканы менен, калкта муктаждык толук жоюла элек. Бул жагдай айыл чарбасындагы дан эгиндеринин маселесин дагы бир сыйра эстетти.

Эгемендик алгандан берки айыл чарбасындагы өзгөрүүлөрдөн улам кыргызстандык фермерлер буудай эгүүнү таптакыр азайтып жиберишкен. Адатта жарандар буудайды же унду Орусиядан, Казакстандан алууга өткөн. Мындай кырдаал өлкөнү дайыма азык-түлүк коркунучунда кармап тура берет.

Түшүнгөн кишиге пандемия дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдө эле бирдей каатчылыкты жаратты. Эгер ошондой шартта маселен Казакстанда да быйыл дан эгиндери азайып кетсе же түшүмү азайып кетсе кандай болот? Береги өлкөдөгү ун өндүрүшүнөн дээрлик көз каранды болгон кыргызстандыктар кантет? Ушул жерден кепке айыл чарба боюнча эксперт Бакыт Мамытканов кошулду.

«Бул коронавирус пандемиясы бүткөндөн кийин жашообуз мурдагыдай болбойт. Баалуулуктар өзгөрөт. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча дүйнө боюнча акыркы беш-алты жылда катуу айтып келатышкан. Азыр мобу карантинде элдин баары үйүндө олтуруп жатканда ар бир мамлекетте 20-30% жерлерге эч нерсе эгилбей калат. Натыйжада кымбатчылык эле болот. Буудайдын жакшы сортторун алып келип, элге шарттарды түзүп берген аракет бизде дээрлик жокко эсе да. Жылына 300 миң тоннадан ашык буудай алып келет экенбиз. Өзү биздин талап 1 миллион тонна болсо дыйкандарыбыз болгону 600 миң тонна гана буудай өндүрөт экен. Былтыр маселен Казакстанда кургакчылык болуп, ансыз да буудай жакшы болбой калган. Эгер быйыл да ушундай жагдайлар болсо, же жанагы аянттын өзүнүн кыскарып кетсе анда, буудай жана ун азыктарында жетишпестик болушу ыктымал»,- деди ал.

Буудай талаасы.
Буудай талаасы.

Кыргыз өкмөтү бул жагдайды эске алып, быйыл өлкөдө кылкандуу дан эгиндеринин көлөмүн көбөйтүү чарасын көргөнүн билдирүүдө. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев ошол себептүү ун тартыш болбойт деп эсептейт.

«Биздин министрлик азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында буудай, арпа сыяктуу кылкандуу дан эгиндеринин аянтын көбөйтүүнү максат кылган. Кыргызстан боюнча быйыл дан эгиндери 631 миң 9 гектарга айдап себилет, бул жалпы айдоо аянтынын 51,8% түзөт», - деди ал.

Азык-түлүк коопсуздугуна жооптуу Мамлекеттик резервдер фондунун жетекчиси Каныбек Айдаров да тиешелүү басма сөз жыйынында кампада ун жетиштүү экенин билдирип, кабатырланууга негиз жок экенин айткандай болду.

«Кыргызстан элинин унга болгон муктаждыгы - миллион тонна. Запас жетиштүү. Жашыруун маалымат болгону үчүн анын көлөмүн так айта албайбыз. Буга чейин да кабарлаганымдай, Орусия Федерациясынан 28 миң тонна кошумча буудай алып келүү боюнча келишимге кол коюлду», - деди ал.

Буудай талаасы.
Буудай талаасы.

Кантсе да жаз ортолоп калды. Дыйкандар, фермерлер жана багбандар карантиндик шартта ар кандай жол менен керектүү жумуштарын бүтүрүп, айдап-себүү бүтүрүү менен алек. Өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал, айрым шаар аймактардагы өзгөчө абал режими бүтсө бул жумуштар балким дагы да калыбына келер. Аны 15-апрелден кийин дагы көрөбүз жана өзүнчө талдоого аракет кылабыз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (21)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG