Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:22

Дыйкандын көзүнөн учкан техника


Айыл чарба министрлиги сындан арылабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:41 0:00

Айыл чарба министрлигинин ишине айтылган сын-доомат тыйыла элек. Бул жолу фермелер Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде министрлик менен дыйкандардын ортосундагы байланыштын жоктугун, дыйкандарды техника менен камсыз кылуу аксап жатканын айтышты.

Алар министрликке жаңы келген жетекчи бул тармакта адис эмес деп сынга алышып, «дыйканга пайдасы тийбеген министрликке жыл сайын 1 миллиард 700 миллион сом коротуунун кажети барбы?» деген маселени көтөрүштү. Ал эми Айыл чарба министрлиги экспортту көбөйтүү, кайра иштетүү колго алынарын билдирип, олуттуу реформаларды убада кылып жатат.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 24-июндагы жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин иши талкууланды. Аталган министрлик акыркы жылдары коомчулуктун сынынын бутасында келатат.

Айыл чарба тармагы боюнча эксперт Манас Саматов сөз болуп жаткан министрлик адискөй жетекчилерден аксап жатканын айтып, «дыйкандарга пайда-батасы жок министрликти жоюп салуу керек» деген сунуш менен чыкты.

Манас Саматов
Манас Саматов

«Биз – дыйкандар парламентке да, президентке да нааразыбыз. 400 дыйкандын башына адистиги жок кишини министр кылып коюшканы бизди нааразы кылууда. Экинчиден, Кыргызстанда жипке тизгендей агрардык саясат, агрардык техникалык саясат, агрардык каржы саясаты жок. Себеби тармакты башкарган кишилер кесипкөй эмес. Буга алардын билими жетпей жатат».

Агрардык техникалык саясат демекчи, дыйкандар Кыргызстанда дыйкандардын колунда акыркы үлгүдөгү техникаларды кой, жөнөкөй эле өндүрүш каражаттары жетишсиз экенин айтып жатышат. Ушундан улам дыйкандар мамлекеттен жок дегенде чет өлкөдөн техникаларды алып келүүдө кошумча нарк салыгынан жеңилдик берүүнү суранышты. Ошондой эле айыл чарба техникаларын чыгарган дүйнөлүк бренддердин бардыгына Кыргызстанга техникаларын алып кирүүгө шарт түзүүнү сунуш кылышты.

«Кыргыз экспортёрлор жана импортёрлор ассоциациясынын» жетекчиси Ленара Ниязбекова дыйкандарды техника менен камсыздабай, өндүрүлгөн продукцияны сатуунун жолун аныктабай туруп Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) баш болгон башка рынокторго айыл чарба продукциясын чыгаруу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Ленара Ниязбекова
Ленара Ниязбекова

«​Чүй менен Талас облустарын эске албаганда Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткен өрөөндөрүндөгү дыйкандар жылаңач колдору менен чарбасын жүргүзүп ички жана тышкы рынокко өз күчтөрү менен чыкканга аракет кылып жатышат. Эмне үчүн жылаңач колдор менен дедим? Анткени бүгүнкү күнгө чейин дыйкандардын арасында айыл чарба техникаларын эптеп эле иштетип келаткандар бар. Алар 19-20-кылымдардагы эле абалды эске салат. Ал эми лизингге берилчү айыл чарба техникаларынын үстөк пайызы жогору, маалымат жетишсиз жана ортомчу компаниялар техникалардын үстүнө кошумча чоң каражат кошуп берип жатат».

Айыл чарба министрлигине үстөккө-босток айтылган сын-дооматтардан кийин мурдагы министр Нурбек Мурашев май айында кызматтан кеткен. Мурашевге негизинен былтыр айдалган картөшкөнүн кыйласы сатылбай, ороолордо чирип кетип, дыйкандардын мээнети акталбай калганына байланыштуу сындар айтылган.

Анын ордуна айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп буга чейин министрдин орун басары кызматында отурган Эркинбек Чодуев дайындалган. Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев министрлик алдына негизги үч чоң максатты койгонун айтып, аларды тизмектеп берди.

Жаныбек Керималиев
Жаныбек Керималиев

«Бизде өндөрүлгөн продукцияны чет мамлекеттерге чыгарып, экспорттун көлөмүн көбөйтүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү колго алуу жана айыл чарбасынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү. Андан тышкары органикалык айыл чарбасын жүргүзүү, кооперативдерди түзүү иштерин да жасап жатабыз. Жакын арада айыл чарбасында өзгөрүүлөр болот».

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буга чейин парламентте айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине Эркинбек Чодуевди өзү сунуш кылганын билдирген. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев муну менен өкмөт башчы анын ишинин жыйынтыгына өзү да жооп берерин белгиледи.

Кенжебек Бокоев
Кенжебек Бокоев

«Бирок кеп анда эмес. Маселенин баары бир да өзгөрүү болбой жатканында. Баягы эле чиновниктер, баягы эле бюрократия. Суусамырдагы бадалдар басып кеткен жайытты оңдой албайбыз же өзүбүздүн суу сактагычка кышы бою топтогон суубузду сата албайбыз. Мисалы, Киров суу сактагычына эки миң гектар жерди бөлүп бергенбиз. Жылына ал жакта иштеген кызматкерлерге 15 миллион сом төлөйбүз. Бирок суунун 90 пайызын коңшу өлкөргө бекер берип атабыз».

Расмий статистикага караганда, Кыргызстанда жалпы элдин 60 пайызын дыйканчылык жана малчылык менен алектенген айыл калкы түзөт. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде жалпы 4700гө жакын киши иштейт. Министрликтин бир жылдык бюджети 1 миллиард 700 миллион сом. Министрлик каражаттын 80 пайызы суу чарба департаментине жумшаларын айтып келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG