Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Сүт саткандар заводдорго нааразы


Сүт өткөрүп жаткан фермерлер.
Сүт өткөрүп жаткан фермерлер.

Сүт өндүрүүчүлөр, саан уй кармаган фермалар «сүт заводдору бааны атайын көтөрбөй жатат» деп нааразы болуп жаткан чагы.

Учурда фермерлер бир литр сүттү 16-17 сомдон сатышат. Ал эми сүттү кайра иштетүүчү компаниялар баанын түшүшү жаз мезгилинде боло турган кадыресе көрүнүш экенин айтышууда.

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын тургуну Зейнеп Эргешова күнүнө 20-25 литр сүт чогултат. Кожойке сүтүн айылдагы эле сүт алган кишиге өткөрөрүн айтып буларга токтолду:

«Карантин башталары менен эле сүтүбүз арзандады. Жай келсе эле биздин сүттүн баасын арзандатып коюшат. 20-21 сомдон алып жатышкан. Азыр 16 сомго түшүрүп коюшту. Сүт алган кишиге айтсак, «бизден заводдор ушундай арзан алып жатышат» деп койду. Дүкөнгө барсаң сүт, айран, быштак, балмуздак кымбат сатылат. Эң арзан дегени 40 сом болуп жатат. Өткөндө балама балмуздак алсак 80 грамм балмуздак 32 сом экен. А биздин сүт аябай арзан кетип жатат. Мен аз эле сүт өткөрөм. Көп сүт өткөргөндөр бар экен. Алардан кымбатыраак алып жатыптыр».

Ал эми Панфилов районунун тургуну Аида карантин болуп күйөөсү да, өзү да жумушсуз калган. Азыр үйүндөгү үч уйдун сүтүн өткөрүп күн көрүп жатканын айткан үй кожойкеси сүттүн баасы түшүп кеткенине нааразы. Ал сатып жаткан сүтү уйларга кеткен жем-чөптүн да чыгымын актабай калып жатканын «Азаттыкка» айтты:

«Биздин райондо сүттү буга чейин 19-18 сомдон алып жатышкан. Азыр 17 сомдон алып калышты. «Дагы түшөт» деп айтышууда. Биз ушул уйлардын сүтүн тапшырып, акчасына азык-түлүк алып жатабыз. Жумасына бир жолу айлык катары 5-6 миң сомдон сүттүн акчасын алабыз. Уйга да жем-чөп беребиз, кезүүгө кошобуз. Мунун баары акча. Азыр сүт арзандап өзүн актабай калды. Биздин үч уюбуз бар. Кээ бир үй-бүлөлөр бир уйду саап, ошонун сүтүн балдарына бербей бир-эки литр болсо да тапшырып оокат кылып жатышат. Алар ошол сүттүн акчасын чогултуп үн, май, тамак-аш алып балдарын багып жатат. Карантин учурунда баары иштебей үйдө, шаардан балдары да келген. Карантин учурунда элди кыйнап сүттүн баасын түшүрбөй эле коюшса болмок. Керек болсо эки үч-сомго көтөрүп койсо болот эле».

Айыл чарба министрлиги сүттү кайра иштетүүчү компаниялар азыркы тапта бир литр сүттү 20-24 сомдон алып жатканын маалымдады.

Cүт комбинаттын жумушчулары жумуш учурунда.
Cүт комбинаттын жумушчулары жумуш учурунда.

Чүй облусундагы сүт иштетүүчү компаниялардын бири «Жайыл-Милк» компаниясы Жайыл, Москва жана Панфилов райондорунда жашаган фермерлерден сүт чогултат. Учурда компания алып жаткан бир литр сүттүн баасы 21-22 сом. Аталган компаниянын технологу Назгүл Бектенбай кызы «Азаттыкка» буларды айтты:

«Май айынын баштап 21-22 сомдон алып жатабыз. Буга чейин 23 сом болчу. Кыштын күнү бир литр сүттү 25 сомго чейин сатып алганбыз. Анткени кышында сүт аз болот. Жазында болсо уйлар талаага чыгып, сүттүн көлөмү көбөйт. Бирок жашыл чөптө углеводдор аз болгондуктан сүттүн майлуулугу азаят. Ошол себептен сүттүн баасы түшөт. Эгер биз менен келишим түзгөн компаниялар болсо биз 21 сомдон алып, өзүбүздүн автоунаалар менен алып кетибиз. Бирок азыр айылдарда сүттү атайын автоунаалар менен чогултуп жатышпайбы. Алар эми өздөрүнүн баасын коюп элден чогултуп, бизге алып келип жатышат. Биз алардан 22 сомдон алып жатабыз».

Сүт кышында кымбаттап, жазында арзандашы кадыресе көрүнүш. Монополияга каршы мамлекеттик агенттик билдиргендей, Кыргызстанда мындай көрүнүш көп жылдан бери кайталанат. Андан сырткары баанын төмөндөшүнө ортомчулар да себепкер болууда.

«Мындай көрүнүш көп жылдан бери кайталанат. Бул жерден маселенин баары биздин өндүрүш өтө чакан болгондугунда. Биз буга чейин бир нече жолу Чүй облусундагы фермерлер менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Эгер алар ар бири өз алдынча сүт сатпастан, баары чогулуп, юридикалык статус алып бир ферма түзүшсө, ортомчуларсыз сүт иштетүүчү компаниялар менен түздөн-түз иштешмек. Сүт комбинаттар менен көп жылдык келишим түзүп, сүттүн баасы мындай түшүп кетпей болчу. Фермерлер жыл сайын бул маселени көтөрүшөт. Бирок биригип иштешүүнү калаабай жатышат. Ошол себептен бул жерде ортомчулар өздөрүнүн бааларын коюшууда. Аларды да түшүнсө болот. Сүттү чогулуп, сактап, аны жеткирүүнүн да өзүнүн чыгымдары бар. Эгер фермерлер компания түзүп, сүт комбинаттары менен түздөн-түз иштешкенде, ортомчулар көрүп жаткан пайданы фермерлер өздөрү алышмак», - деди Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин өкүлү Лариса Шустикова.

Буга чейин фермерлерден алынып жаткан сүттүн арзандашы Талас облусунда да байкалган. Учурда Таласта фермерлерден бир литр сүттү 17-16 сомдон сатып жатышат. Ал эми дүкөндөрдө кайра иштетилип чыккан сүттүн баасы 32 сомдон 40 сомго чейин, ал эми сүт азыктары түрүнө жараша 50 сомдон өйдө, айрым азыктар 100, 150 сомго чейин сатылууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG