Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Эл үнү: Сүт менен гумжардамдан чыккан нааразылык


Тамак-аш базарында ун саткандар.
Тамак-аш базарында ун саткандар.

Гуманитардык жардам ала албаган Жайыл районунун жана сүттүн баасынын арзандап кеткенине нааразы болгон Ысык-Ата районунун бир нече тургуну нааразы болуп көчөгө чыгышты. "Эл үнүнө” кыйналган турмуштун айынан карызга батир жана акча сурагандар да кайрылды.

6-майда Жайыл районундагы майып балалуу ондон ашык эне Кара-Балта шаарынын мэриясына барып, гуманитардык жардам берүүнү талап кылышты.

Айнура Моңолдорова:

- Үч балам бар, батирде турабыз. Бир кызым майып, гуманитардык жардам жок. “Кечке чейин тура бергиле” деп коюшту. Бир да гумжардам алган жокпуз. Жашаган жерибизде сарайда эч кандай шарт жок, сууну кошунадан ташып ичебиз.

Аты-жөнүн айткысы келбеген аял:

- 6-майга чейин ушул жерде турган ата-энелерге эч кимден эч кандай жардам болгон жок. Биз төшөктө жаткан, оор илдетке кабылган балдарды багабыз. Акимиатты, мэрияны сагалап келебиз. Келгенибизге эки саат болду. Бизге “эч кандай жардам жок, күтө бергиле” деп коюшту. Бул биринчи эле жолу эмес. Буга чейин деле тизме беребиз, андагы бешөөнө жардам берип, оозун жабат. Калганы калат. Биз көппүз. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 117. Биз өзүбүздү эле айтып жатабыз. Бизге окшоп эшик каккан ата-энелер толтура. Гумжардам берилип жатат дейт. Кайда, кимге берип жатат? Мына ушул жерде турган ата-энелер үйдөгү ооруган балдарын таштап келдик.

Жайыл районунун Полтавка айлынын тургуну:

- Өзүм 2-топтогу майыпмын. Ушул күнгө чейин эч кандай жардам жок. Айыл өкмөтү “бизде жардам жок, мэрияга баргыла” дейт. Мэрияга келсек деле эч нерсе жок. Эшигин жаап салышкан, эч кимди киргизбей, телефон номерге чалгыла дейт. Ал шаардык телефондун номери экен. Ага чалганга телефонубузда бирдик жок. Анан эптеп айласын таап чалсак, “кезек күткүлө” деп коюшту. Ал кезекти бир жарым айдан бери күтүп жатабыз, дагы канча күтүшүбүз керек?

Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов “жыйында отурам, бир аздан кийин жооп берем” деп коюп, кийин телефонго жооп кайтарган жок.

Күттүргөн жардам жетеби?

Беш баланын энеси Фируза:

- Эки жумадан бери өкмөттүн гумжардам тараткан номерине чалам же жардам беришпейт. Башка жеке жардам тараткандардан сурасам, “күйөөң бар экен” деп беришкен жок. 9-майда баламдын туулган күнү. Ал байкушум “туулган күнүмдө көбүрөөк тамак алып берчи” деп отурат. Сактаган тамак-аш деле калбады. Гуманитардык жардам тийеби же беришпейби?

Ново-Павловка айылындагы Алтын Ордо конушунун тургуну:

- Батирде жашайбыз. Азыр жумуш жоктугуна байланыштуу үйдө отурабыз. Кызыбызга бир жаш, эки ай болду. Диагнозу – ДЦП. 3200 сом жөлөк пул чыгат. Батирге 3500 сом төлөйбүз. Күйөөмдүн да жумушу жок. Өзүм болсо сасык тумоолоп жатам. Жардам берип койсоңуздар.

Фатима Султаналиева, Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургуну:

- Жолдошум каза болгон. 2013-жылдан бери төрт балам менен ата-энемдин үйүндө жашайм. Биздин айыл өкмөтүнөн толук эмес жана муктаж үй-бүлөлөргө берилчү көмүрдү ала албай келем. Бул карантинде берилип жаткан гумжардамдын бирин алсам, экинчисине илинбейм. Анын себебин айыл өкмөтүнөн сурасам, “ата-энең менен бирге турат экенсиң, иштеген жумушуң бар” дейт. Мен кайсы тизмеге кирем – толук кандуу же жарым-жартылай үй-бүлөбү?

Карызга батир, акча сурагандар

Бишкек шаарында ижарада турган көп балалуу эне карызга батир берчүлөрдөн жардам сурайт. Орусиянын Сургут шаарына барып, ишсиз калган жаран “көбөйүп кеткен карызымды төлөшчү кишилерди издейм” деп өтүндү.

Назира, Жети-Өгүз районунда жашаган кош бойлуу келин:

- 1987-жылы туулгам. Күйөөмдүн аты Арзымат. Ал дагы 1987-жылкы. Ортобузда үч кызыбыз бар. Базарда ижарага орун алып, балдардын кийимин сатчумун. Жаңы эле баштагам. Үстөгү менен 30 миң карыз алган акчага товар сатып алгам. Андан тышкары насыя да алгам. Анын мөөнөтүн үч айга жылдырганбыз. Анын да үстөгү да өсүп кетти. Карызга акча берип турсаңар, кайра иштеп берет элем.

Сүттүн айынан тургундар көчөгө чыгышты

- Ал эми Чүй районундагы Кегети айылы менен Ысык-Ата районундагы Тельман атындагы айылдын тургундары 6-майда таң эртең менен көчөгө чогулушту.

Аты-жөнү белгисиз тургун:

- Мындай кырдаалда сүттүн баасын эмнеге түшүрөт? Бизден сүт алгандар бааны түшүргөнү үчүн ушинтип Тельман айылынын тургундары чогулуп, нааразылык билдирип жатышат. Азыр баарыбыз үйдө отурабыз. Караганыбыз сүт. Сүттүн баасы болсо түштү. Ошол маселени чечип берсе деп, элдин көйгөйү ошол. Бизден сүт алгандар барып, “Кант-сүт” ишканасына тапшырат экен. Ошол жерге барып, биздин маселебизди чечип берсеңиздер.

Дагы бир тургун:

- Сүт алгандар элдин убалына деле калып жатат. Кыйналгандан улам ушинтип чыгып атабыз. Сүттүн баасын 16 сомго түшүрүп салды. Балмуздактын баасы эки сомго кымбаттады. Дүкөндө тамак арзандамак беле? Баары эле нааразы. Эмне үчүн бааны түшүрөт? Элдин убалын ойлошпойбу? Гуманитардык жардам келбейт. Деги эле көрө электер бар.

Такси: Патент кымбаттады

Эрнист Рахматиллиев:

- Такси айдайм. 40 жаштамын. 500 сомдон эле патент алып иштеп жүрчүбүз. Эми ага Социалдык фонддун төлөмүн кошуп коюптур. Барып патент алайын десем, “750 сом төлөмөйүнчө патент албайсың” дешти. Муну кандай түшүнсө болот?

Орусиядагы мигранттар: Саламаттыгыбыз сак

Аты-жөнү белгисиз мигрант:

- Биз кудайга шүгүр жакшыбыз. Биздин группада 256 адам бар. Баарыбыз тең эле күндө кабарлашып турабыз. Коронавирус жуккандар жок. Бул жерде көбүнчөсү кош бойлуулар жана улгайып калган апалар бар. Алар догдурга көрүнгөнү келип, кайра уча албай калгандар. Кичинекей балдары менен. Бизде ооругандар жок, кудайга шүгүр. Баарыңар тең эч жакка чыкпай үйдө болсоңор.

Аты-жөнүн айтпаган аял:

- Бизде бардык улуттар: кыргыз, өзбек, тажик, орус бар. Баары эле иштеп жатат. Оору жугузган эч ким жок. Мен Москванын борборунда жашайм. Өзбек, тажик, кыргыз улутундагылардан “коронавирус жуктуруптур” деп укканым да, көргөнүм да жок.

Аты-жөнүн айтапаган аял:

- Москвада мигранттар ооруп жатат деп биз уккан жокпуз. Ушунча группалар бар. Эч кимден уккан жокпуз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG