Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Эл үнү: Мигрант мамлекеттик бийликке бара алабы?


«Мекендештер» форумунун катышуучулары. 2-август, 2019-жыл.
«Мекендештер» форумунун катышуучулары. 2-август, 2019-жыл.

«Эл үнүнө» «гуманитардык жардам калыстык менен берилген жок» деп кайрылышты. Мектеп окуучулары менен студенттерди түйшөлткөн суроолорго да орун беребиз.

- Мен 75 жаштагы Калия, Воронцовка айылынын тургунумун. Москва районунда жашаган сиңдим турмуш шарты оор, ачка калып, ыйлап чалып жатат. Мен эмне кыларымды билбей силерге кайрылдым. Сиңдимдин жашы 65те. Анын эки баласы тубаса майып, дүлөй, келинчектери да ошондой. Улуу баласынын балдары бар. «Неберелерим ачка калды» деп айтып жатат. Аларга эч кандай жардам көрсөтүлбөптүр. Жөө мечитке, айыл өкмөтүнө барып, кайрылыптыр. «Алардын баары «эртең келебиз» деген бойдон жок» дейт. Ал «онкологиялык оорулуу келиним бозоруп, өзүм эмне кылышымды билбей стресстен кан басымым көтөрүлүп кетти. Жанымдагы медайымды чакырып эптеп аман калдым» деп айтып берди. Ал чалгандан бери мен уктай албай калдым. Айланайын, кыргыз элим, жардам бергиле! Мурун өзүм каттап же балдарым барып, жардам берип турчу эле, азыр эми биз да бара албай калдык.

Аты-жөнүн айтпаган жаран:

- Мен сиздерге жардам сурап, кайрылып жаткам. Төрт балам бар, күйөөм жок. Балдарым менен батирде турам. Сиздерден жардам күтөм.

Аты-жөнүн айтпаган жаран:

- Бизге жардам керек болуп жатат. Эки жалгыз бой эне кайрылып жатабыз. Экөөбүздүн эки жана үч балдарыбыз бар. Жардам берип, каралашкан адамыбыз жок.

Ак-Тилек конушунун тургуну:

- Мен 1961-жылкымын. Үч жылдан бери Ак-Тилек конушунда турабыз. Жолдошум экөөбүз тең күнүмдүк иште иштеп, азыр эми мындай шартта отуруп калдык. Аскерден жаңы эле келген уулум жана 17 жаштагы кызым бар. Ушул күнгө чейин бир да жолу өкмөттөн жардам сураган эмес элем, азыр эми жагдайыбыз оор. Кадимкидей сарсанаа болуп жатабыз. Өлгөн жокпуз, күн деле өтө берет экен деңизчи. Бирок эртеңки күнүбүз бизге бүдөмүк. Турмушта болгон эки балалуу кызымдын да азыр жашоо шарты оор болуп жатат.

Акылбек Султанбаев, Жалал-Абад шаарынын тургуну:

- Шаардык социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери келип, бирок «каттооң жок» деп башкаларга таратып, мага гумжардам беришкен жок. «Ооганчыларга, чернобылчыларга жардам берилет» деп айтылган эле. Бирок андай болгон жок. Мэрия карантиндин эрежелерин текшербей жатат. Мисалы, мен жатаканада жашайм. Биз жашаган жер вирустан коргонуу талаптарына такыр эле жооп бербейт. Буга шаар бийлиги көңүл бурбай жатат. Үйлөрдүн эшик-терезесинин ортосундагы аралык бир метр.

Мектептеги бүтүрүү экзамендери

- Май айынын аягында орто билим берүү мектептеринде окуу жылы аяктап, 9-жана 11-класстын окуучулары бүтүрүү экзамендерин бере башташат. «Эл үнү» программасына айрым жарандар change.kg деген кыймыл пайда болуп: «Быйыл мектептерде «бүтүрүү экзамендери алынбай эле бүтүрүүчүлөргө жетилүү аттестаты берилсин»» деген талапты коюп жатыптыр, ушундай маалымат чынбы?» деген суроо менен кайрылышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозматовдун жообу:

- Мектептердеги бүтүрүү сынактарын өткөрүү боюнча ушу тапта Билим берүү жана илим министрлиги бир нече ыкманы карап, талкуулап жатат. Акыркы чечим чыгып, бул боюнча белгилүү болгондон кийин министрлик тараптан расмий маалымат берилет.

Шахзод Мырзакматов, Ош мамлекеттик университетинин студенти:

- Мен Ош мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти болом. Ушу тапта бизде аралыктан билим алуу жогорку деңгээлде жүрүп жатат. Мугалим берген тапшырмаларды биз да аткарып, жооп берип жатабыз.

Билим алуунун мындай түрү бир катар көйгөйлөрдү пайда кылуу менен бирге, башка мүмкүнчүлүктөргө да жол ачты.

Лайли Үкүбаева, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору:

- Чет өлкөнүн тажрыйбаларын биздин мектептерде билим берүүдө колдонсокпу деген ойду айткым келет. Жээн неберелеримдин үчөө ушу тапта Америкада билим алат. Ал жакта мугалим «балдарыңарды кыйнап, стресске жеткирбегиле. Болгону математиканы унутпай, көбүрөөк китеп окушсун. Үй-бүлөлүк маселелерге аралашып, жаныңарда болсун, аларды оор абалга кептебегиле» деп айтышыптыр. Мен бул жактагы абал менен таанышайын деп туугандарымдан сурап көрдүм. Кайың сиңдим «бир теманы үч-төрт саатта түшүндүрүп, ал убакта кан басымым көтөрүлүп, стресс болдум» деп айтат. Бир үйдө үч-төрт балдары бар үй-бүлөлөр эмне болуп жатышат? Балдарга мындай шартта билим алуу абдан оор болуп жатат. Алар чындыгында кыйналды.

Ош шаарындагы студенттер:

- Окуу жылы аяктагандан кийин студенттер чет өлкөлөргө тил үйрөнүү жана адистик көндүмдү өнүктүрүш үчүн үч айга барчу эле. Кыргыз-Германия кызматташтык агенттиги аркылуу быйыл да Германияга барыш үчүн алдын-ала маектешүүдөн өтүп, виза алган жана документтерин визага берген студенттер бар эле, азыркы кырдаалга байланыштуу бул маселе токтоп калбайбы?

Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык иштер жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримованын жообу:

- Жайында университеттин студенттери чет өлкөгө кетүү туралуу бул учурда сөз Германия боюнча болуп жатат. Буга чейин сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, виза ачылган болчу. Соңку кырдаалга байланыштуу келишимди түзгөн тарап менен сүйлөшүш керек. Себеби, алар гана чечим чыгарат.

Мигрант мамлекеттик башкарууга бара алабы?

Москвадан аты-жөнүн айтууну каалабаган кыргыз жараны:

- Эмне себептен кадр маселесинде дагы эле эч нерсе чече албаган, жыйынтык чыгара албаган кызматкерлер отурат? Канчалаган министрлер, прокурорлор, соттор отурат. Алар эмне жыйынтык берип жатат? Мисалы, Өзбекстанды карасак, баарын алып туруп, ордуна илимдүү-билимдүү жаштарды алып келди. Дипломуна карабай койду. А бизде дагы эле карыса да ордун бошотпой отурушат. Мына, биз мекенчилдик сезимибиз менен келип, иштеп берүүгө даярбыз. Жаштарды ошол эле прокурор, сот кылып, Ички иштер министрлигине алып келгиле. Биз даярбыз, иштейбиз. Карапайым эл үчүн кызмат кылууга даярбыз. Эгер мамлекет коррупциядан таза болушун кааласак, анда кадр саясатын оңдоп, таза, жаш кадрларды алып келиш керек.

Бишкектин абасы жана карантиндин пайдасы

Бишкектин тургуну:

- Азыр аба тазаланып, эшикте жайлоодогудай болуп калды. Бул машине азайганынын натайжасы. Ошондуктан мен карантин аяктагандан кийин велосипед менен жүрүүнү тапшырыңыздар деп суранат элем. Эгер шаарда машинелердин жарымы эле жүрбөй калса, аба канчалык тазаланышы мүмкүн? Мунун баары биздин жана балдарыбыздын ден соолуугуна пайдасын тийгизмек. Фрунзедегидей шарт түзүп, бак-дарактарды калыбына келтириш керек. Ошондой эле курулуш иштерин өз тартиби менен жүргүзсөк жакшы болоор эле.

Урматтуу окурман, «Эл үнү» программасынын «WhatsApp» номери: 0550-988-755. Кайрылууңузду жазуу, аудио же видео түрүндө жөнөтүңүз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG