Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Эл үнү: Узартылган карантин, айлык күткөн милиция


Бишкек
Бишкек

Коронавирус дартын токтотуу үчүн жарыяланган өзгөчө абал 10-майга чейин улана турган болду. Мындай чечим тамак-аш, каражат жагынан кыйынчылык тартып жаткан адамдарды бейпайга салып, өкмөттөн жана кайрымдуу адамдардан жардам күтүп турушкан чагы.

Аты-жөнүн айтапаган жаран:

- Узартылган мөөнөт боюнча айтайын дегеним, биздин тамак-ашыбыз түгөнгөнүнө эки-үч күн болду. Көрүнгөндөн карыз сурап, дүкөн да карызга бербей калды. Биз дагы 10 күн эмне жеп жашайбыз?

Аты-жөнү белгисиз аял:

- Карантинге байланыштуу жолдошум экөөбүз тең үйдө отуруп калдык. Беш кызым бар. Батирде жашап, кыйналып жатабыз. Тамак-аш жагынан бир аз жардам берсеңер. Пригородное айылындагы Жеңиште 499-үйдө жашайм. Бир жолу жардам: 1 кг. күрүч, 1 кг. буурчак, 900 гр. кумшекер, 1 литр май келди. Көпчүлүкпүз, күйөөм экөөбүздү кошкондо жети кишибиз.

Жалгыз бой жаран:

- Көп жылдан бери бир үйдө жалгыз жашайм. Иштеген ишим жок. Эч жерден эч кандай жардам албайм. Буга чейин элдин кызматын кылып, каражат таап, оокат кылып жүрдүк. Азыр мага окшогондорго кандай иш, жардам бере аласыңар?

Арзыкан Назирова, Пригородное айылындагы Жеңиште турам:

- Батирде турам. Өкмөт 900 грамм төрт нерсе берип, эми “силерге эки-үч сыйрадан бергенбиз” деп жатат. Эки балам бар, жолдошум деле иштебейт. Күнүмдүк иш жасап, тыйын тапчу.

Күнүмдүк жумушта иштечү элек. Эми ал жумушубуз да эбактан бери токтоп калган. Азыр тамак-ашыбыз да калган жок. Эч жакка чыга албай жатабыз. Чет жакта батирде турабыз. Эч ким бизди укпайт.

“Эл үнүнө” Ат-Башы жана Нарын райондорунун ортосунда жайгашкан Кызыл-Бел деген жерде 45 адамдан турган алты түтүн эл эч кандай жардам албай калганы тууралуу кат келди:

“Ара жолдо калган алты түтүндө 45 киши жашайт. Нарын шаары менен Ат-Башынын ортосунда Кызыл-Белде жашагандарга ушул күнгө чейин бир да жолу тамак-аштан жагынан жардам берилген жок. Бизде кандай жашоо болот?”.

Нарын районунун акиминин орун басары Сымбат Аттокурова мындай жооп узатты:

- Ал жерде биздин Нарын районунан аз эле түтүн бар. Жан-Булактан эки үй-бүлө, анан Дөбөлүдөн. Жан-Булактан эки үй бүлө жакшы турат, бир үй бүлөгө болсо унун бергенбиз. Шаарга караштуу да жарандар бар ал жерде. Биз өзүбүзгө тиешелүү жардамды бердик. Райондун тургундарын карап жатабыз, бир үй-бүлөгө бир мүшөк ун берилген.

“Кызыбызды дарылата албай калдык”

Айсулуу Нурбекова, Сокулук районундагы Күн-Туу айылынын тургуну:

- Майып кызымдын дарылануусу эки айдан бери токтоп калды. Анын буту кыйшык, эми күндөн күнгө бузулуп баратат. Атайын сөөктү оңдогон бут кийимге жетпей, массажы да токтоп калды. Блок-постторду коюп салышыптыр, өтө албай жатабыз. Дарыланууга акчабыз жок, жолдошум базарга чыгып, майда-чүйдө сатып, соода кылчу эле. Базарлар жабылгандан бери эч нерсе кыла албай калдык. Кызымдын буту кайра кыйшайып кетти, азыр бир жаш, эки айга толду. Догдурлар "бир жарым жашында түзөлүп калышы керек" дешкен.

Документин жоготуп, Дагестанда жүргөн мигрант

“Эл үнүнө” окурман Дагестанда адашып жүргөн жаш жигиттин туугандарына кабар берип коюуну өтүнүп, ал жигит тартылган тасманы жөнөттү. Жигиттин өзүнүн айтымында, ал Өзгөн районундагы Куршаб айылынын тургуну экен.

- Москвага биринчи келгенимде чөнтөгүмдө паспорт бар болчу. Жүрүп-жүрүп, бирөө “Китай город” деген жакшы жер барын айтып калды. Ошоякта жүргөм. 28-февралда Дагестанга келдим эле. Ушул жерде жүрөм. Кайсы ай, кайсы күн экенин деле билбейм. Өзгөндүн Куршабынан болом. Бердалы деген абам бар, Шагындан болот, кой сатат. Атамдын аты Заты, куршабдык. Апамдын аты Кенжеш. Баш-Булактан болот. Досумдун номери: +996 501 246-444. Документимди жоготуп алдым.

Айылда цемент кымбат

Эркебай Жумаев, Өзгөн районундагы Куршаб айылынын тургуну:

- Мына акыркы маалда кээ бир товарга бааны өтө эле ашырып ийип атышат. Ун Орусиядан, май Казакстандан келсин – аларга макул. Бирок өзүбүздөн чыккан цементти акыркы маалда өтө эле кымбаттатып ийишти. Биз азыр дүкөндөн 1 кг. цементти жети сомдон алып жатабыз. Дүкөндө 1 кг. цементке 1 сом 40 тыйын, 2 сомго чейин кошуп жатышат. Айылда цемент алып, эшигинин алдына төгүп же пайдубал куйгандар бар да. Монополияга каршы кызмат жер-жерлерге барып, ошол дүкөндөрдү көзөмөлдөбөйбү. Мына бул Кызыл-Кыя заводунда цемент алганга төрт-беш күн кезекке туруп жатат. Акыркы мезгилде ал жерден “чет мамлекетке сатылып кетти” деп жатышат. Жасалма жол менен кезек түзүп жатышат. Араванда жалаң эле депутаттардын, өзүбүздүн аткаминерлердин заводдору. Алар да “экспортко беребиз, завод бузулду” деген шылтоо менен бир чыгарып, кайра токтотуп, дүкөнчүлөр “үч-төрт күн кезекке туруп, пара берип алып келип жатабыз” деп жатышат. Элге оор болуп калды. Ушуну өкмөт, мамлекет көзөмөлдөп койсо болбойбу?

Монополияга каршы күрөш агенттигинин жетекчиси Шухрат Сабировдун жообу:

- Социалдык маанилүү 14 товардын тизмеси бар. Алар боюнча күндө мониторинг жүргүзүп жатабыз. Цемент ал тизмеге кирген эмес. 23-апрелдеги маалыматка караганда цементтин кымбаттаганы байкалды. Республика боюнча орточо эсеп менен 4,2% кымбаттаптыр. Ал эми импорттолгон цемент 6,7% кымбаттаптыр. Мындай баанын өскөнү Нарында, Таласта байкалат. Ошто жана жалпы эле түштүк райондордо цемент кымбаттаганы бизге көрүнгөн жок. Кырдаалга жараша ишканалар токтоп калды. Кызыл-Кыядагы цемент заводу акырындап ишке кире баштады. Буга чейин мурдагы калдыктар сатылып жаткан болушу мүмкүн. Кескин кымбаттап кеткени тууралуу факт жок. Орточо эсеп менен 1 тонна цементтин баасы 7337 сом болуп жатат.

Үйүнө жетпей убайым жегендер

Бишкекте жашаган кош бойлуу келиндин эжеси:

- Сиңдим Көлгө конокко кетип, кайра Бишкекке келе албай жатат. Майдын башында төрөйт эле. Медициналык картасы Бишкекте калыптыр. Жол ачылбай, Бишкекке келе албай жатат. Ушуну кандай кылсак болот?

Бишкектин коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевдин жообу:

- Бул жерде эч кандай көйгөй жок. Өткөрмө алуу боюнча электрондук базага кайрылыңыз, анын негизинде уруксат аласыз. Эгер өткөрмө ала албасаңыз деле догдурдун маалымкаты бар болсо, аны менен өткөрмө пункттарына көргөзүп, өтүп кете аласыз.

Милицияны ким колдойт?

Өзгөчө абал учурунда күнү-түнү кооптуу абалда иштеп жаткан ички иштер кызматкерлеринин маянасына кошумча акча берилет деп мурда кабарланганы белгилүү. Ушундан улам атын ачык айткысы келбеген милиция кызматкери “айлыкка акча кошулган жок” деп “Эл үнүнө” арызданды.

Бул суроого Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов төмөнкүчө жооп берди:

- Бүгүнкү Күндө Ички иштер министрлигинин бардык кызматкерлери, өзгөчө абал киргизилген аймактарда күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Кызматкерлер бардык тиешелүү нерселер: коргонуучу кийим-кече, медициналык каражаттар, тамак-аш менен камсыздалган. Айлык маселеси социалдык түйүндөрдө да айтылып жатканын билебиз. Бүгүн бул боюнча Жогорку Кеңештин атайын токтому жарыяланды. ИИМ Каржы министрлиги менен да иштешип жатат. Бул маселе мыйзам чегинде каралып жатат. Алар өздөрүнө тиешелүү айлыгын апрель айы үчүн толугу менен алышты. "Мага коргонуучу каражат берилген жок, айлык төлөнбөйт экен, кошумча акча берилбейт экен" деп ички иштер органдарынын катарынан кетип калгандар жок. “Бизге төлөнбөйт экен" деген да туура эмес. Бул маселенин үстүндө тиешелүү кызматтар иштеп жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG