Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Эл үнү: Москвада тамак-аш тартыш


Орусиядагы карантин. 30-март, 2020-жыл.
Орусиядагы карантин. 30-март, 2020-жыл.

«Эл үнүнө» чет өлкөгө окууга барып, өз мекенине кайта албай жаткан студенттер кайрылышты. Екатеринбургдагы мигранттар арасында «28-апрелде Бишкекке атайын учак уюштурулуп жатыптыр» деген сөз тарап, көп жарандар кайрылышты. 

Айгерим Тайирбекова, Москвадагы студент:

- Биз Москва шаарына окууга келгенбиз. Карантин башталгандан бери жатакананы жаап салышты. Ушул убакка чейин эптеп күнүмдүк жашоого жеткирип келдик. Эмне кылууну билбей, өтө оор кырдаалда турабыз. Элчиликке чалсак, биздин аты-жөнүбүздү жазып алып, «силерге кайра чалабыз» дешкен. Ошол бойдон эч ким чалган жок. Колубузда билетибиз бар, кайда барып, эмне кылууну билбей турабыз. 18 жаштагы кыздарбыз. Бизге жардам берип койгулачы. Суранабыз.

Ош шаарынын тургуну Венера Иманалиева Орусиянын Челябинск шаарында 1-курста окуп жаткан уулунан так кабар ала албай санааркап жатканын билдирди.

Махабат, Ысык-Көл облусунун тургуну:

- Менин уулум Иркутск шаарындагы ИрНИТУнун 1-курсунун студенти. Аны менен кошо кыргыздын башка кыздар-балдары да окушат. Пандемияга байланыштуу көптөгөн ата-энелер балдарын Кыргызстанга алып келе албай жатышат. Биздин үнүбүздү өкмөткө жеткирип берсеңиздер. Жардам күтөбүз. Новосибирскиден учак уюштургандай эле Иркутск шаарынан да уюштуруп, студенттерди алып келип беришсе деп суранабыз. Балдар тамак-аштан кыйналып жатышат. Балдарга тамак-ашка акча-тыйын салуу да кыйын болуп калды.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык байланыштар жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова мындайча жооп берди:

- Биринчиден, бардык өлкөлөр өз чек арасын жабышты. Кыргыз жарандарын чет өлкөлөрдөн алып келүүнү Тышкы иштер министрлиги чечет. Алар башка өлкөлөрдүн тиешелүү мекемелери менен сүйлөшүп, чартердик каттамдарды уюштурууну жогорку деңгээлде чечишет.

Билим берүү жана илим министрлиги жакында Орусиянын билим берүү министрлигине кат жаздык. Ага чейин бул өлкөдө окуп жаткан кыргыз жарандарын тактап чыкканбыз. Ошол эле катта Орусиядан биздин студенттерди көзөмөлдөп, карантин учурунда камкордукка алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мамлекеттен чыгарбоону суранганбыз.

Ара жолдо калгандар, мекенге кетүүгө камынгандар

Аты-жөнүн атабаган жаран:

- Соль-Илецкиден кайрылып жатабыз. Баягыдай эле кыргыздар күтүп отурушат. Өзбек жана тажик туугандар чек арадан өтүп кетишти. Казак чек арачылары менен сүйлөшсөк: «Кыргызстандын элчиси келип сүйлөшсө чек араны ачып беребиз» деп атышат. Эмне үчүн бизди коё бербей жатасыңар? Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, «бир жуманын ичинде мигранттарды алып келебиз, сүйлөшүп жатабыз» дедиңер эле. Кана эми, качан? Кыргызстандын элчиси Жээнбек Кулубаев келип, 100-150дөй кыргыздын көйгөйүн чечип койбойсузбу?

Экинчи жаран:

- Бизге артка жол жок. Тышкы иштер министрлигине ушул жерде жаткан кыргыздардын атынан сунуш – Казакстандагы элчиликке тапшырма берсеңер. Канча киши, машине турганын тактап, тизмесин берели. Аракеттенип көргүлө, силерден ошону эле суранабыз. Ачарчылык жарыялабасак деле ачарчылык болуп жатат.

Үчүнчү жаран:

- Ушул жерде 14-марттан бери турабыз. Казакстан менен сүйлөшүп, бир-эки суткага уруксат берсеңер эле булар өткөрөбүз деп атышат.

Эл үнү: "Элчи Жээнбек Кулубаевден жардам сурайбыз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:54 0:00

Төртүнчү жаран:

- Бир катар медиа каражаттары «160 миң сом бөлүндү, алар толук жайгаштырылды» деп 10 күн мурун эле чыгарып коюшкан. 130 миң сом бөлүк-бөлүк болуп отуруп, араң келди. Калганы жок. Ал акча бир жолу тамак жасаганга эле жетип жатат.

Бешинчи жаран:

- Чек араны эле ачып бергиле. Тыйыныңардын деле кереги жок. Үйгө эле жетсек болду. Баарыбызды үч-төрт жолу текшеришкен. Таптаза, соо эле жүрөбүз.

Екатеринбург: Бишкекке учак жок

Екатеринбург шаарындагы мигранттар арасында «28-апрелде Бишкекке атайын учак уюштурулуп жатыптыр» деген сөз тарап, көп жарандар кайрылышты.

Кыргызстандын Акыйкатчысынын Уралдагы өкүлү Жыргалбек Белековдун жообу:

- Бул туура эмес маалымат. Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы келишим боюнча Москва менен Новосибирскиден эле учак каттамай болгон. Буга чейин Орусиянын 17 жараны, Свердловск облусунун спортчулары Кыргызстанда калып калган үчүн «Урал аба жолдору» өз учагын жөнөтүп алдыртышкан. Ошол бараткан учакка бул жактан депортация болгон эки-үч жаранды, кете албай калган жарандарыбыздын айрымдарын жана бир сөөк салганбыз. Ушул тапта Екатеринбург шаарынан эч кандай учак болбойт.

Москвада тамак-аш тартыш

Аты-жөнүн атабаган аял:

- Биз Москвада жашайбыз, абдан жардамга муктажбыз. Беш аял бир батирде турабыз, арабызда кош бойлуу келиндер да бар. Иштеген жерибиз жабык, дүкөнгө чыгыш үчүн да өткөрмө сурайт. Таптакыр үйдөн чыга албай калдык. Тамак-аш алганга акча жок, батирдин акысын да төлөй албай калдык. Өтө кыйын абалдабыз. Сиздерден жардам күтөбүз.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде күнү-түнү телефон чалуу борбору иштеп жатат, төмөнкү номерлер аркылуу байланыша аласыз:

+7 (499) 237 43 01;

+7 (499) 237 44 61;

Чөнтөк телефондор жана "Вотсап" тиркемеси менен иштегендер: +7 (925) 387 41 27, +7 (925) 387 45 97 жана +7 (925) 103 29 11

Тамак-аш менен ижара акысы

Дарья Плужникова, Кара-Балта шаарындагы Карл Маркс көчөсүндөгү №23 үйдүн 7-батиринин тургану:

- Төрт балам бар. Энем оорулуу. Тамак-аш жана дары- дармек жагынан жардам берчүлөргө ыраазылык билдирем.

Роза Окобаева, Бишкектин Ак-Бата конушунун 18-көчөсүнүн 6-үйүнүн тургуну майып баласы менен жардамга өтө муктаж.

Санжар Казыбеков, Сокулук районундагы Гавриловка айылынын тургуну:

- Өзүм, жубайым жана балам дагы майып. Азыр бирөөнүн көмөгүнө абдан муктажбыз.

Жаркынай, Талас облусунун тургуну:

- Жумуш жок, жолдошум да карантинге байланыштуу үйдө. Тамак-ашты карызга алып жатабыз. Акча түгөндү, эки кичинекей балабыз бар. Бир айдан бери бир топ жерге кайрылдык. «Мекен» фондуна, Талас обулусундагы 1227 номерине да чалдык. Жооп жок. Өзүбүз батирде турабыз. Карантин болбосо өз жаныбызды өзүбүз эле бакмакпыз.

Динара Абдыралиева, Учкунда кырманда батирде турат:

- Азыр үйдө убактылуу иштебейм. Жолдошум да иштебейт. Ал маршрутка айдачу, мен да ошол тармакта иштечүмүн. Үйдө балдар кичинекей, тамак-аштан кыйналып жатабыз.

Мектеп окуучусу: Коронавирус жаман экен

Араван районундагы «Ак чыйыр Араван» билим берүү мекемесинини мугалими Толкунбек Ахматалиев «үйдө окуп жаткан балдардын мүнөзү тез өзгөрүп, таарынчаак, терс кыялдуу, көтөрүмсүз болуп калышы мүмкүн, ага көңүл бурбай жылуу мамиле кылып, дем бергиле» деп ата-энелерге кайрылган. Мугалим агай өзүнүн 1-класстагы окуучусунун сагынычтуу саламын «Эл үнүнө» да жиберди.

(Аудио кандай болсо ошондой терилди):

«Саламатсызбы Толкун агай, жакшы дем алып туйдуңузбу. Мен жакшы дем алып туйдум. Мен Хикматуламын. Койонавийус эң жаман экен. Мен эжекейлейди-агайлайды сагынам. Мектеп болгону жакшы экен».

Урматтуу окурман, «Эл үнү» программасынын «WhatsApp» номери: 0550-988-755. Кайрылууңузду жазуу, аудио же видео түрүндө жөнөтүңүз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG