Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:22

Пандемия кыргыз-кытай соодасындагы айырманы көрсөттү


Кытай лидери Си Цзиньпиң менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Шанхай кызматташтык уюмунун саммити. 2019-жылдын 13-июну. Бишкек, Кыргызстан.
Кытай лидери Си Цзиньпиң менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Шанхай кызматташтык уюмунун саммити. 2019-жылдын 13-июну. Бишкек, Кыргызстан.

Жыл башынан бери Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү кескин кыскарган.

Көрсөткүчтөр Бээжиндин эсеби менен 52%, Бишкектин санагы менен 39% азайды. Бул тенденция башка жагдайлар сыяктуу эле коронавирус пандемиясы менен байланыштырылууда. Бирок ошол эле кезде айрым өлкөлөрдүн Кытай менен алып-сатуусу өскөнү байкалды.

Бишкектин эсеби

Эки өлкө ортосундагы экономикалык алака тууралуу сөзүбүздү алгач расмий Бишкектин маалыматы менен баштайлы.

Демек, Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүсү 2020-жылдын алгачкы жарымында башка өлкөлөр сыяктуу эле ылдыйлады. Анын ичинде Кытай менен соодасы да түштү.

Улуттук статистика комитетинин Тышкы соода бөлүмүнүн башкы адиси Айнура Айтмамбетова аны мындайча тактап берди:

«2020-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 341,9 млн. долларды түзүп жатат. 2019-жылдын алгачкы алты айында бул көрсөткүч 874,3 млн. доллар болгон. Башкача айтканда, быйылкы жарым жылдыкта товар жүгүртүү 39,1% же 2,6 эсеге азайып жатат. Буга коронавирус пандемиясы себеп болду».

Эгер өз-өзүнчө бөлүп алсак, импорт 37%, экспорт 20,5% төмөндөгөн. Статистика мекемеси, ташып келүү жана ташып чыгуу кыскарган айрым товалардын тизмеси менен да бөлүштү.

«Экспорттоодо тамеки жана тамеки өнүмдөрү 2,1 эсе төмөндөдү, териден жана башка материалдан жасаган кийимдерди сатуу 2,3 эсе азайган. Импортоодо да тери, териден жасалган буюмдар, кийим алуу 6,1 эсеге, желим жана желимден жасалган буюмдарды сатып келүү 1,8 эсеге, химиялык жол менен жасалган жип, була жана кездемелерди алуу 2,4 эсеге, керамика жана керамика буюмдарын алып келүү 2,8 эсеге, электр машиналары, жабдуулар жана алардын тетиктерин сатып алуу 1,7 эсе төмөндөдү», - деди Улуттук статистика комитетинин өкүлү Айнура Айтмамбетова.

Мунун ичинен була жана кездемелерди алып келүү кыскарганы көбүрөөк түшүнүктүү. Анткени жеңил өнөр жайы жолго коюлган Кыргызстанда бул товарлар мурда Кытайдан көбүрөөк ташылчу.

Пандемияга байланыштуу Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки чек ара бекети «Эркечтам» менен «Торугарт» жыл башында бир-эки ай таптакыр жабык турду. Кийинчерээк товарлардын айрым түрлөрүн ташып келүү жанданганы кабарланган, бирок толук ачылган жок.

Экономист Эркин Абдразаков да жагдайга мындайча баа берди.

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

«Жер-жемиш, жашылча-жемиштер бышып жаткан маалда чек ара жабык болуп, Кытайга кетчүлөрүн сата албай калдык. Импортто болсо келишимдер менен иштеген фирмалар мурдатан алып келчү оюнчуктарды, канцелярдык товарларды жана башка буюмдарды көп алып келе алышкан жок. Мындан сырткары курулуш материалдары Кытайдан жеткиликтүү алынып келбеди. Азыр деле чек ара жабык. Сүйлөшүүлөрдү «азыр жүргүзөбүз» деп айтып жатышат, өкмөт да бул боюнча тапшырма берди, бирок бул маселе чечилген жок. Анүстүнө азыр Кытайда коронавирустун дагы бир түрү чыгып, айрым шаарларын кайрадан жаап атышпайбы. Керек болсо студенттер да бара албай калды. Ошондуктан Кытай менен өз ара соода алакабыз мындан ары да артка кетчүдөй болуп калды», - деди эксперт.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 2015-жылы 1 млрд. долларды, 2016-жылы 1 млрд. 548 млн. долларды, 2017-жылы 1 млрд. 597 млн. долларды, 2018-жылы 2 млрд. долларды, 2019-жылы 1 млрд. 816 млн. долларды түзгөн. Башкача айтканда, беш жылда эки эсе жакын өсүү орун алган эле.

Сандардагы айырмачылыктар

Адатта, Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсүнө байланыштуу эсеп Бишкек менен Бээжинде эки башкача жүргүзүлөт. Соңку алты айдагы көрсөткүчтө да чоң айырма байкалды.

Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын сайтындагы маалыматка ылайык, алгачкы алты айдагы кыргыз-кытай товар айлантуусу 1 млрд. 129 млн. АКШ долларын түздү жана 52% кыскарды. Мунун ичинен Кытайдан товар алуу 53%, Кытайга товар сатуу 5,3% азайганы көрүнөт.

Орусиянын Москва шаарындагы «Карнеги» борборунун консультанты Темур Умаров жагдайды мындайча талдады:

Темур Умаров.
Темур Умаров.

«Кытайдын расмий эсебин жалпы жонунан карасак алты айдын жыйынтыгында, алардын товар жүгүртүүсү бардык өлкөлөр менен кыскарганы байкалат. Мурдагы жылдын алты айына салыштырмалуу 6% азайган. Эгер конкреттүү постсоветтик өлкөлөрдү алсак, жыйынтык түрдүүчө. Маселен, Армения (+45,5%) жана Украина (+15,6%) сыяктуу өлкөлөр пандемияга карабай Кытай менен соодасын көбөйтүптүр, Кыргызстан (-52,8%) жана Өзбекстан (-22,2%) сыяктуу өлкөлөр соодасын кыйла азайтыптыр. Тажикстан да ошондой, соодасын (-34,4%) кыскарткан. Башкача айтканда, өлкө Кытайдын товарларына канчалык көз каранды болсо, ошончолук чоң жабыр тарткан, төмөндөө да ошончолук көп болгон», - деди ал.

Бул жерден деталдуу карай турган болсок, Кытайдан Кыргызстанга товар чыгаруу Бээжиндин эсебинде 1 млрд. 108 млн. доллар, Бишкектин эсебинде 319 млн. долларды түзүп жатат. Ал эми Кыргызстандан Кытайга товар жеткирүү Бээжиндин эсебинде 20 млн. доллар, Бишкектин эсебинде 22,9 млн. долларды түзгөн.

Мындай чоң айырмачылыктарды адистер бажыдагы коррупция менен байланыштырып жүрөт. Бирок Кыргызстандын бажы мекемеси муну эсептөөдөгү өзгөчөлүктөр катары түшүндүргөн. Кайрадан Темур Умаровго сөз берели.

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекетинде ишке кирген инспектордук-кароо комплексининин рентгени автоунааны текшерүүдө.
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекетинде ишке кирген инспектордук-кароо комплексининин рентгени автоунааны текшерүүдө.

«Статистикадагы дал келбестиктер Кытай менен Казакстандын, Кытай менен Тажикстандын ортосунда да бар. Орусия менен Кытайдын санагында да азыраак айырмачылыктар көрүнөт. Айырмачылыктар болгону бир чети нормалдуу, анткени эсептөө ыкмалары башкача. Бирок Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүүдө сандарды өзүнчө кароо керек. Анткени эки тараптын сандарын салыштырганда айырмачылык өтө чоң жана кызыктай ойдуңча (коллизия) пайда болуп калат. Маселен, Дүйнөлүк соода уюмунун статистикасын эле алсак, Кыргызстанга бир эле Кытайдан келген жылдык импорт, калган бүт дүйнөдөн келген импорттон 2 млрд. долларга көп болуп чыгат.

Бул күлкүлүү, нормалдуу эмес нерсе. Бул бажы системасынын эсептөө жетиштүү иштебегени жана коррупциялык аракет бар экенинин далили. Мында документтерди жасалмалоо болорун, номенклатураны өзгөртүп салышарын жана башка нерселер бар экенин аябай көп айтышты. Маселен, акыркы жолу эле Кыргызстандын экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров да өз интервьюсунда, кыргыз-кытай бажысындагы коррупция тууралуу ачык айтып, «кийим» ташып келатып, «банан» деп жазып коюшарын белгилеген.

Ушул факторлордун баары биригип, эки өлкөнүн сандарындагы айырмачылыктарды чыгарып жатат», - деди Москвадагы «Карнеги» борборунун өкүлү.

Орусиядагы көз карандысыз Евразия аналитикалык клубу Кытай менен соода-сатыкта Кыргызстандын көмүскө жүгүртүүсү көптүгүн белгилеп келет.

Аталган уюмдун 2018-жылдагы баяндамасында соңку 20 жылдагы кыргыз-кытай соодасындагы расмий көрсөткүчтөрдүн айырмасы 50 млрд. долларды түзгөнү белгиленген. Бул аралыкта Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы Кытайдан жалпы суммасы 11,64 млрд. долларлык товар келгенин белгилесе, Кытай Кыргызстанга 61, 667 млрд. долларлык товар жөнөткөнүн көрсөткөнү айтылат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG