Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Эл Мамлекеттик бажы кызматына терс баа берди


Мамлекеттик бажы кызматынын имараты.
Мамлекеттик бажы кызматынын имараты.

Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстанда эң коррупцияланышкан мамлекеттик орган деп табылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин иликтөөсүндө айтылат.

Талдоочулар бул кызмат жемкорлукка батып калганы жаңылык эмес экенин, аны ашкерелеген бир нече журналисттик иликтөөлөр жарыяланганын мисал келтиришти.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети 2020-жылдын жарымына карата элдин ишеним деңгээли боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, кыргызстандыктар Мамлекеттик бажы кызматын «эң коррупциялашкан мекеме» деп эсептей турганы белгилүү болду.

Статкомдун сурамжылоосуна катышкандар мамлекеттик органдардагы коррупцияны -100дөн +100гө чейинки балл менен баалашкан. Бажы кызматына эң төмөн - 15,4 балл берилген. Бул кызматка карата коррупцияга байланыштуу сын кайсы гана бийликтин тушунда болбосун айтылып келатат.

Кыргызстандыктар мындан тышкары Мамлекеттик бажы кызматын эң начар иштеген мамлекеттик орган деп билишет. Бул кызмат өткөн жылдын экинчи жарымында да ушундай эле баага татыган.

Коррупция менен күрөш боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева бул кабар жаңылык деле болбой калганын, негизги маселе коррупцияны жоюуга аракет кылбаган бийликте күнөө бар экенин айтты:

Эркайым Мамбеталиева.
Эркайым Мамбеталиева.

«30 жылдан бери Мамлекеттик бажы кызматы, Архитектура комитети коррупциялашкан органдар экени айтылып эле келатат. Маселе башкада. Шайлоодо президент же партиялар болобу, коррупция менен күрөш тууралуу убадаларды берет. Алар бийликке келгенден кийин чечим кабыл алуу укугуна ээ болушат. Бирок коррупцияга каршы чара көрүлбөйт.

Алмазбек Атамбаев президенттик ишине киришип жатып «коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын негизи болот» деген. Сооронбай Жээнбеков да ушуну кайталап келет, учурунда муну Курманбек Бакиев да айткан. Демек, азыркы көрсөткүч ошол убадалардын аткарылбаганын билдирет. Муну алар элди алдап туруп бийликке келишкен деп айтса да болот. Себеби, тенденция өзгөрбөсө чечим кабыл алуучу тараптар элди алдаган да».

Статкомдун рейтинги боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) коррупцияланышкан мекемелердин арасында экинчи орунда турат. Ага сурамжылоого катышкандар -3,4 балл берген.

Үчүнчү орунда +2,8 балл менен Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат, төртүнчүдө 5,3 балл менен Мамлекеттик салык кызматы жана кийинки орунда Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба агенттиги бар. Бул сурамжылоого катышкандар «жемкорлук көп» деп эсептеген алдыңкы мекемелер.

Алтынбек Жунус уулу.
Алтынбек Жунус уулу.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу Улуттук статистика комитетинин маалыматына таң калбайт. Тескерисинче анын көрсөткүчүнө кирбей калган башка да мамлекеттик органдарды кошуп санап берди:

«Кыргызстанда коррупциясыз таза иштеп жаткан мекеме жок. Баары тең эле коррупцияга белчесинен баткан. Анын ичинен Мамлекеттик бажы кызматы биринчи орунга жазылып, даана ордун тааптыр. Себеби, Бажыга барсаң акча бермейинче иш бүтүрө албайсың. Бүгүнкү күндө коррупция менен күрөш тандалма, ал бийликтин атаандаштары менен гана болуп жатат. Ал эми жемкорлук менен ырааттуу күрөш жок.

Ошол эле Транспорт жана жол министрлигинин жетекчисинин орун басарлары пара менен кармалды. «Автомобил, суу транспорту жана салмак габаритин көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлери менен айдоочулар кол кармашпай эле иштеп калышат» дешкен эле. Ал да ишке аша элек. Буга бийлик өзү да кызыкчылыгы бар. Анткени жетекчилер акча өөнөп отурушат. Кыргызстан пандемияда өлүм боюнча биринчи орунга чыкса, коррупция менен да биринчи орунда келатат».

Коррупциялык иштерди талдаган адистер Улуттук статистика комитетинин сурамжылоосуна катышкандардын көбү турмушта өзүлөрү коррупциялык иштерге кабылган мекелер тууралуу айтып беришкенин, чындыгында бул рейтингге илинбей калган дагы далай мамлекеттик органдар бар экенин айтышат.

Алардын бири - Транспорт жана жол министрлиги. Буга быйыл июнь айында Бишкек-Ош жолу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси баш болгон ондон ашуун адам «масштабдуу коррупциялык схемага» шек саналып кармалганы, транспорт министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев былтыр 500 миң доллар пара талап кылып соттолгону далил.

Ал эми бажыдагы коррупцияны айтпаган киши калган жок. «Азаттык» бир нече жылдан бери бул маселени көтөрүп келе жатат. Өнөктөш медиалар менен кыргыз бажысындагы коррупциялык схемалар, аларды көзөмөлдөгөн жетекчилер жана аны көмүскө башкарып турган адамдар тууралуу бир катар журналисттик иликтөөлөрдү жарыялады. Аларды документтер, фактылар менен ырастап берди. Бирок азырынча жыйынтык жок.

Гүлжигит Исаков.
Гүлжигит Исаков.

Саясат талдоочу Гүлжигит Исаков жемкорлукту ашкере кылган иликтөөлөргө бийлик тарап реакция кылбай жатканын айтып, «Улуттук статистика комитетинин иликтөөлөрү рейтинг бойдон калууда» деди:

«Маселени айтып коюу журналисттерге, бизге жарашат. Биз байкадык, көрдүк, баамдап изилдеп чыктык. Ал эми чечим кабыл алып, чара көрө тургандар хор ырдагансып, бизге кошулуп алып эле бизди кайталап койгону туура эмес. Бийликтин коомчулуктан айырмачылыгы - алар маселени иликтеп чара көрүш керек да. Элдин катарына туруп алып эле «чын эле абал ушундай турбайбы» деп койгону - эки жүздүүлүк».

Президент Сооронбай Жээнбеков былтыр жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында бажыда коррупция буга чейин эле болуп келгенин айткан. Бажыны көзөмөлдөй турган органдар, президенттер ал схемада чогуу болгонун, бул кызматта анын «капчыгы» жок экенин айтып ишендирүүгө аракет кылган.

Сооронбай Жээнбековду колдогон саясатчылардын бири Кубанычбек Кадыров Мамлекеттик бажы кызматында коррупция бар, бирок бийлик аны жоюуга аракет кылып жатат деп эсептейт.

Кубанычбек Кадыров.
Кубанычбек Кадыров.

«30 жылдан бери Кыргызстанда бир эле бажычы камалганын уктуңар беле? - деп суроо койду ал. - Сооронбай Шарипович келгенден кийин 167 млн. сомду жеп койгон бажынын мурдагы төрагалары, кызматкерлери камалды. Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагаларынын бири 40 млн. сомду бюджетке төгүп берди. Дагы бири 30 млн. сом төлөдү. Борбор Азия мамлекеттеринде бажы кызматы - эң коррупцияланышкан орган. Эми 30 жылдан бери топтолуп калган маселени аз убакыт ичинде чечүү кыйын. Аны чечиш үчүн президенттин күчтүү командасы болушу керек».

Коррупцияга каршы «Таза Кол» аттуу фонддун жетекчиси Расул Умбеталиев Кытай менен Кыргызстандын бажы кызматтарынын бир жылдык отчётторунда эле миллиондогон доллар айырма чыгып жатканы кыргыз бажысындагы коррупциянын масштабын көрсөтөт деген пикирде.

«Бажы кызматынын мурдагы жетекчилери, кызматкерлери кармалганы менен сот аларды кайра эле актап чыгарып жатат, - деди фонддун башчысы. - Алар мамлекетке миллиарддаган сом зыян келтирген. Алардын кутулуп кетиши бажы эле эмес, мамлекеттик башкаруу системасы да коррупцияланышып кеткенин көрсөтөт. Укук коргоо органдары, Башкы прокуратура, УКМК коррупцияга малынып калган. Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн жана коррупцияга каршы турчу орган өзүлөрү коррупцияны уюштурууда».

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин иликтөөсү тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы азырынча комментарий бере элек. Мекеменин басма сөз кызматы маалымат даярдалып жатканын айтканы менен жооп берген жок.

Бажычы айтты, башкасы ишенбеди
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:04 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG