Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Өткөрмө бекеттен өөнөлгөн миллиондор


Коллаж.
Коллаж.

Бишкек-Ош автожолу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси баш болгон ондон ашуун адам «масштабдуу коррупциялык схемага» шек саналып кармалды.

Алар «Сосновка», «Кара-Көл» туннель бекеттеринен өткөн автоунаалардан мыйзамсыз акча алып турушканын, анын айынан бюджетке 20 млн. сом зыян келгени кабарланды.

Бул коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстанда алдыңкы орунда турган Транспорт жана жолдор министрлигине сынды күчөттү.

Сол чөнтөккө солонгон акча

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Транспорт жана жолдор министрлигинин Бишкек-Ош автожолу боюнча мамлекеттик дирекциясынын директору жана «Сосновка», «Кара-Көл» туннель бекеттеринин жетекчилери баш болгон 12 адамды кармады.

Мекеме тараткан маалыматта, посттордон машинелерди өткөрүүдөгү коррупциялык иштерден мамлекетке келтирилген зыян баштапкы эсеп боюнча 20 млн. сом деп аныкталды. Финансы полициясы кармалган чиновниктердин аты-жөнүн жарыялаган жок.

Маселе 12-июнда Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында да козголду.

Фракциянын лидери Айсулуу Мамашева «Сосновка», «Кара-Көл» туннель бекеттериндеги жемкорлук боюнча транспорт жана жолдор министринин жоопкерчилигин көтөрдү.

Жыйынга министр өзү келбегендиктен бул факт боюнча анын орун басары Бакыт Бердалиев жооп берди.

Бакыт Бердалиев.
Бакыт Бердалиев.

«Бишкек-Ош автожолу боюнча мамлекеттик дирекциясынын башкы директору 10-июнда суракка барганда камакка алыныптыр. «Сосновка» постунун жетекчиси Жанузаков 10-июнда, «Кара-Көл» бекетинин башчысы Кабылбеков 9-июнда кармалыптыр. Андан тышкары операторлор бар».

Финпол бул жемкорлук схемасына тиешеси бар башка да кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Финполиция 28-майда сөз болуп жаткан дирекциянын дагы үч кызматкерин коррупциялык иштерге шектүү катары кармаган.

Маалымат боюнча, 2018-жылы «Сосновка» жана «Кара-Көл» постторунда тоннель аркылуу өтүү үчүн атайын акы төлөө системасы иштей баштаган.

Кармалган кызматкерлер жол үчүн жана автотранспортторду көзөмөлдөө максатында алынган каражаттын аз бөлүгүн гана мамлекетке берип, калганын сол капчыкка салып келген. Мындан 2018-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын 1-мартына чейин Бишкек-Ош автожолундагы бир эле стационардык посттон бюджетке 10 млн. сомдон ашуун зыян келген. Шек саналып жаткандардын өздөрү жана адвокаттары азырынча комментарий бере элек.

«Жол жарабай калды»

Соода өнөр жай палатасынын Транспорт жана логистика департаментинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу өткөрмө жайларда айдоочулар кабылган коррупциялык иштер тууралуу айтып берди.

«Ички каттамдарда жүрүш үчүн транспорттун түрүнө жараша оор жүк ташыган машиненин жалпы салмагы 40-44 тоннага чейин болушу керек. Мисалы, орточо оор жүк ташыган автоунаанын салмагы 14,5-15 тоннага чейин жетет. Бизде бир машине 35-36 тоннага чейин жүк салат. Автоунаанын салмагын кошкондо 50 тоннадан ашып кетет. Ашыкча жүк жүктөгөн машинелердин айынан азыр Бишкек-Ош жолунун абалы мышык ыйлай турган абалга жетти. Посттордон акча берип коюп өтүп жатканы үчүн бул жерде айдоочулардын да күнөөсү бар. Айдоочулар «Сосновка», «Кара-Көл» постунда тургандарга 1500 сомго чейин беришет».

Бишкек-Ош жолунан каттаган автоунаалардан түрүнө жараша акча алынат. Мисалы, Кыргызстандын машинелери үчүн бир жеңил автоунаадан 45 сом, кичи автобустардан 75 сом, жүк ташыган автоунаадан 125 сом, 22ден 32 орундукка чейинки автобустардан жана 10 тоннага чейинки транспорттон 125 сом, оор жүк ташыган машинелерден 275 сом алынат. Ал эми чет элдик автоунаалардын айдоочулары автоунаанын көлөмүнө жараша беш доллардан, 60 долларга чейин төлөшөт. Ушул акчаны чогултууда жемкорлукка шек саналып Бишкек-Ош автожолу боюнча мамлекеттик дирекциясынын 15 кызматкери кармалды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат тараткан инфографика.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат тараткан инфографика.

«Машине көбөйгөнү менен акча аз»

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков бул маселени көптөн бери эле көтөрүп келет. Анын сөзү боюнча, 2011-жылы «Сосновка», «Кара-Көл» постунан бир жылда 100 млн. сомдон ашуун каражат чогулчу. Андан бери автоунаалардын саны эки эсе көбөйгөнү менен жолдон түшкөн акча ошол эле бойдон турат.

2018-жылы автоунаалардын төлөм алууну электрондук форматка өткөрүш үчүн 21 млн. сомго шлагбаум коюлуп иштей баштаганы менен коррупциялык иштер токтогон эмес.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Бишкек-Ош жолу боюнча мамлекеттик дирекцияда 90 киши иштейт. Алардын маянасына 6 млн. сом кетет, Социалдык фондго 1 млн. 200 миң сом беришет. Калган акча туннелдин ичин оңдоого жумшалышы керек болчу. Алар туннелдеги бир да лампочканы алмаштырбайт. Акча Транспорт министрлигиндеги жетекчилер менен өкмөттөгү кураторлордун чөнтөгүнө түшөт. Бул көрүнүп эле турган коррупция болчу. Муну министрлик, укук коргоо органдары жана өкмөттөгү адамдар билчү. Бул коррупциялык ишти төрт жылдан бери айтып келем. Кыргызстанда машинелердин саны эки эсе көбөйдү. Ал эми Бишкек-Ош жолу боюнча мамлекеттик дирекциянын кирешеси көбөйбөйт. Ошол эле Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттигине түшкөн акча да көбөйүп жатат».

Рыскелди Момбеков акыркы коррупциялык иштен бюджетке келтирилген чыгым Финансы полициясы эсептегенден да көп деген ойдо.

«Финполиция «бул жерде коррупция бар экен. Бюджетке 20 млн. сом зыян келиптир» деп билдирди. Бул чекеси эле. Эгерде жакшы казса, жылына 60 млн. сом түшпөй жатканы аныкталат. Ал эми туннелге койгон 21 млн. сомдук аппарат иштебей калды. Транспорт министринин мурдагы орун басарлары, автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси камакта. Бишкек-Ош жолу боюнча мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин баары кармалды. Жетекчилерде жок дегенде моралдык жоопкерчилик болуш керек да. Ушундай иштерден кийин өздөрү эле отставкага кетиш керек болчу».

Жемкорлукту кантип тыйса болот?

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Улугбек Ормонов Бишкек-Ош автожолундагы өткөрмө жайларынын ишин өзгөртмөйүнчө жемкорлук токтобой турганына көңүл бурду.

Улугбек Ормонов.
Улугбек Ормонов.

«Өткөрмө бекеттерде азыр деле адамдык фактор бар. Ошондуктан анын баарын автоматташтырылган электрондук системага өткөрмөйүнчө, коррупциялык иштерге чекит коюлушу кыйын. Себеби, Бишкек-Ош жолу ушул тапта түндүк менен түштүктү байланыштырып турган бир эле жол. Бул жолдон күнүнө миңдеген, анын ичинде оор жүк ташыган транспорттор өтөт. Маселени чечүүнүн бир эле жолу – бул айдоочулар төлөмдү электрондук негизде бериш керек».

Транспорт министрлиги Кыргызстанда эң коррупцияланышкан органдардын сап башында турат. Быйыл февраль айында транспорт жана жолдор министринин ошол кездеги орун басары Жеңишбек Ногойбаев жана автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы башчысы Анарбек Бекмуратов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлерине 10 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалган. Транспорт министринин мурдагы дагы бир орун басары Азимкан Жусубалиев 500 миң доллар пара талап кылууга шек саналып, 2019-жылы 14 жылга кесилген. Кийин Бишкек шаардык соту Жусубалиевдин жаза мөөнөтүн 12 жылга кыскарткан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG