Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:57

Коронавируска чалдыккандар 44 403 кишиге жетти


Бишкектеги күндүзгү стационарлардын бири. Июль, 2020-жыл.
Бишкектеги күндүзгү стационарлардын бири. Июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 дагы 87 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 6-сентябрдагы маалыматына караганда, Бишкекте - 16, Ош шаарында– 2, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда - 11, Талас облусунда - 4, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 16, Баткен облусунда - 20 кишиден вирус чыкты.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери Кыргызстанда коронавирустун курмандыктары 1061 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып жаткан. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Расмий эсеп боюнча өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирус жугузгандар 44 403ди түздү, анын 39826сы айыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG