Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Калкты коркуткан Кавасаки синдрому


Въетнамдагы балдар.
Въетнамдагы балдар.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда балдар арасында Кавасаки синдрому катталбаганын билдирип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

3-сентябрда парламент спикери Дастан Жумабеков да Саламаттык сактоо министрлигине коронавирус илдетинин экинчи толкуну болсо балдардын ден соолугуна кылдат кароо зарыл экенин айтты.

Коронавирус Кыргызстанда жайыла баштагандан бери аны жугузган балдар менен өспүрүмдөр 1100дөн ашык деп катталган. Алардын ичинен өлгөндөр тууралуу маалыматтар жок.

Рада Туманбаева.
Рада Туманбаева.

3-сентябрдагы отурумда Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева да балдарга байланыштуу маселени козгоду. Ал вирустан күчөгөн Кавасаки синдромуна саламаттык сактоо тармагы даяр эмес экенин, балдар үчүн дарылануучу орундар жетишсиз болуп жатканын айтты:

«Пандемиянын экинчи этабында балдар ооруй турганы айтылып жатат. Бирок кечээ эле Саламаттык сактоо министрлигинде эксперт «бул ооруга биз даяр эмеспиз» деп билдирди. Балдар үчүн эки миң керебет орундар гана даярдалганын айтты. Алар ооруп калса кандай дарыланат, кайсы ыкмалар менен балдарды карашат - буга биздин министрлик даяр эмес».

«Элге так маалымат керек»

Бул маселеге Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков да парламенттин жыйынында көңүл буруп, маалыматтын чын-төгүнүн тактоону кыргыз өкмөтүнө тапшырды:

«Азыр «COVID-19 вирусунун жаңы түрү чыгып, Саламаттык сактоо министрлиги балдарга кошумча орундарды даярдап жатат» деген сөздөр тарап жатат. Бул боюнча элге так маалымат берсеңиздер. Бул айтылгандар чынбы же калппы? Өкмөт жыйынын өткөрүп, аныктап, билип, эгер айтылгандар чын болсо кандай коопсуздук чараларын көрүш керек - элге медиа каражаттары аркылуу түшүндүрүп койсоңор».

Кавасаки синдрому - көбүнчө бир жаштан сегиз жашка чейинки балдарда курч респиратордук вирустан кийин пайда болуучу аутоиммундук дарт. Коронардык артериялардын васкулити болуп саналат. Аны клиницист дарыгер гана аныктай алат.

Оорунун белгилери: баланын башы катуу ооруйт, ичи өтүп, кусат, дене табы көтөрүлөт, көзү кызарып, сезгенет, мурду канайт, кээде мурун канаганы билинбей, тамагына кете берет. Боор, бөйрөк органдары жабыркайт. Бул дартта териге алгач майда кызыл жаралар чыгып, баланын алаканы, таманы шишийт.

Кошумча орундар даярдалууда

2-сентябрда Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда балдар арасында Кавасаки синдрому катталбаганын билдирип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Бирок Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институттун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова COVID-19 илдети менен байланышкан оорулар балдарда учурап жатканын маалымдаган.

Ал 3-сентябрда «Азаттыкка» Кыргызстанда Кавасаки синдромуна чалдыккан балдар буга чейин катталбаса да, министрлик баары бир балдар үчүн стационарларды даярдап жатканын билдирди:

«Балдарда оору күчөп кетсе деп кошумча беш стационар даярдалды. Алар - Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбор, Оштогу облустук балдар клиникалык ооруканасы, анын жанындагы Кара-Суу районунда балдардын өзүнчо ооруканасы, Республикалык жугуштуу оорулардын клиникасы, ошондой эле Бишкектеги балдардын тез жардам ооруканасы. Биринчи кезекте балдар үчүн кычкылтек менен камсыз кылуу, пульсоксиметрлерди даярдоо иштерин колго алдык. Портативдүү кычкылтек концентраторлору, СИПАП аппараттары, балдардын өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдуулары реанимациялык бөлүмдөрдө азырынча жетиштүү».

Венера Шүкүрова ошентсе да өлкөдө педиатрлар, балдардын реаниматолог, анестезиолог дарыгерлери жетишсиз болуп жаткандыктан, кошумча окутуу жүрүп жатканын да айтты.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту дарылоонун клиникалык протоколунун төртүнчү варианты бекитилди. Балдар арасында учурап жаткан илдетти аныктоо жана дарылоо боюнча аракеттер да ошол протоколго киргизилди.

Эркин дарыгер бир бейтапты каттаганын айтат

Буга чейин бишкектик дарыгер Бекмамат Сурапов июль айынын ортосунан бери бир үй-бүлөнүн вирус жуккан дээрлик бардык мүчөлөрүн дарылап, бейтаптардын эң кенжеси жети жаштагы баладан вирустан күчөгөн аутоиммундук Кавасаки синдрому аныкталганын «Азаттыкка» маалымдаган эле:

«Баладагы бардык белгилер васкулит оорусуна окшош эле. Мен алгач анын Кавасаки синдромуна чалдыкканын ойлогон деле эмесмин. Бирок оорусун тереңдеп изилдеп, тапшырган анализдеринин баарын карап чыккандан кийин коронавирустан күчөгөн Кавасаки синдрому келип чыкканы аныкталды. Аны кадимки васкулитти дарылагандай эле тартипте үйүнөн амбулатордук тартипте дарыладым. Азыр жакшы болуп калды. Баланын үй-бүлө мүчөлөрү толугу менен COVID-19га карата антиденече тестин тапшырышкан. Алардын баарынан иммуноглобулин G, башкача айтканда, вирус менен ооруп айыкканы тууралуу тыянак чыкты. Ал эми Кавасаки синдрому деп шек саналган баланы алсак, ал вирус болуп ооругандан кийин бассейнге түшүп, чыйрыгып калган. Ошондон улам оорусу өтүшүп кеткен».

Америка Кошмо Штаттарында жана Европада балдар кабылып жаткан белгисиз оорунун коронавируска байланышы бар экени айтылган. Америкалык педиатрлар бул илдеттин белгилери коркунучтуу Кавасаки оорусуна окшош экенин билдиришкен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG