Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-сентябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 21:38

«Кызыл зона»: Жардам медиктерге тегиз тийген жок


Күндүзгү стационарлардын бири.

Коронавирус өлкөдө басаңдап, оору жуктургандар жана каза болгондор азая түштү. Күз, кыш мезгилинде оорунун жаңы толкуну башталышы мүмкүн экени айтылууда.

Кыргыз медицинасынын июнь, июлдагы оор күндөрү, вирус жуктурган дарыгерлер, медайымдардын азыркы абалы, пандемияга каршы күрөштөгү мамлекеттин жүргүзгөн иши тууралуу «Азаттык» радиосу «Кызыл зона» аттуу жаңы рубрика баштады.

Белгилүү себептерден улам атын атабаган каарманыбыз Бишкек шаарынын четиндеги калк жыш жайгашкан, болжол менен 20 миңге чукул элдин балдарын тейлеген педиатр. Жашы пенсияга чукулдап калды. Дүйнө жүзүн каптаган коронавирус апаатында ал алдыңкы катарда иштеген дарыгерлердин бири болду. Оору күчөгөн алгачкы күндөрдү ал мындайча эскерди:

«Менин жеке анализим боюнча оору бизде июндун онунан кийин күчөдү. Ага чейин көпчүлүк бул вирустун бар экенине ишенбей эле жүрдү. Балким бизге келбей калат деген ой менен жүрдүк окшойт. Март, апрель айларында мен деле вирустун бар экенине ишенгеним менен бизде ушунчалык катуу болуп кетерин элестете алган эмесмин. Кесиптештерим деле мындайды күткөн эмес. Ошентсе да бардык эрежени сактап, коргоочу формаларды кийип жүрдүк. Андан эки-үч саатта эле денең бышып, тердеп, дем ала албай калат экенсиң. Форманы кийүүнүн өзү эле бизге кыйын болду.

Негизи башында коргоочу каражаттарды чече салып, көп маани бербей, эрежени сактабай эле жүргөнбүз. Бирок, июндун ортосунан кийин оору күчөгөндө коркконубуздан эле өзүбүз кийе баштадык.

Ал деле бир ирет кийип ыргытчу болсо да биз үч-төрт күн улам кийип, жууп, кургатып, жуулбаганын күнгө кактап эле жүрдүк. Себеби, коргоочу каражаттар жетишсиз болду. Беткап бизге тийсе тиет, тийбесе жок. Ошентип 30-июнда ооруп калдым. Ага чейин бейтапканада тынбай эле иштеп, оору өтө көп болгондуктан, баарын кабыл алып жаткам. Дене табым 37,5дан өйдөлөп отуруп, 11 күн бою 38ден түшпөй койду».

Убада кылынган кенемтенин чуусу

Дарыгердин оорусу улам күчөп, бирок Бишкектеги ооруканаларда орун жок болгондуктан, күндүзгү стационарда гана дарыланууга мажбур болгон.

Вирустан айыгуу үчүн ал дарыларды өз алдынча издеп, өз каражатына сатып алган. Ошол маалда ал мамлекет төлөй турган кенемте, кошумча акы тууралуу ойлонгон да эмес. Бирок айыккандан кийин кесиптештери менен кеңешип, кенемте алуунун жол-жобосун карап, ага чогултчу документтердин айынан кайра баш тартууга аргасыз болду.

«Башында шашып кеттиби, айтор билбейм. Негизи акча болгон жерге баары үйүлөт турбайбы. Бизде кызыл зонада иштеген мыкты медиктер болду, бирок аларга кенемте тийбеди. Азыр кимде бийлик болсо ошолор эле чечип калган турбайбы. Ооруса 200 миң сом берет дегенди шашып эле айта салышкандай. Мейли эми деп жатсак, кайра ооруганын далилдесин, ПЧР-анализи коронавирусту көрсөтсө гана берилет экен деп коюшту. Бирок, ПЧРди мобилдик топторго мен кайрылып, 5-6 күндөн кийин гана келип алышты. Вирус ал маалда ички дем алуу органдарга түшүп, мурун көңдөйүндө калбай калган да.

Алар мен айыгып калганда анан чалышып, ПЧР-анализ алалы дешкенинен «кереги жок» дегенге чейин бардым. Бул вируста оору жугуп үч күндүн ичинде анализ албаса, кечиксе баары бир ПЧР-тест аны көрсөтпөйт тура. Ошентип дарыгерлердин ичинен ПЧР-анализинен гана вирус чыккандарга 200 миң сом берилет дешти. Аны үлгүргөндөр тапшырды, калганыбыз анализибиз жок эле унчукпай отуруп калдык.

Дарыгерлер көп оорудук, аябай катуу болду. Алардын көбү эле үйүндө дарыланып, кенемтени деле ойлогон жок. Менин өпкөмдүн 25% жабыр тартты. Бирок кесиптештерим арасында 50%, 80% пневмония болгондор өтө кыйналды. Нечендеген жакшы дарыгерлерибизди жоготуп алдык. Аларды эстесем ичим ачышат, жүрөгүм сыздайт...».

«Жардамга жетпеген медайымдарга кейидим»

Саламаттык тармагына сырттан жана ичтен жасалган материалдык жардамдын бөлүштүрүлүшү, алардын медкызматкерлерге тегиз жетиши да бир топ суроону жаратууда. Айрым медкызматкерлер коргонуучу каражаттар жетишпей, беткап менен гана кызыл зонада жүргөнүн айтып чыгышты. Дарыгердин бул багыттагы пикирлери да эки жактуу болуп, алгач өзүн кубандырган көрүнүштү, андан соң таарынычын айтты:

«"Көп түкүрсө көл болот" деген сөз бар го, эл медиктерди аябай колдоду. Карапайым эл, анын арасында ишкерлерибиз да күндүзгү стацинарларды өтө тез ачып салды. Мамлекет деле бул багытта жакшы аракет кылды деп ойлом. Канчалаган убактылуу дарылоочу жайлар ачылып, ага ыктыярдуу иштеген жаштар келишти. Дарыгер, медайымдарыбыз бир тыным албай тикесинен тик турушту. Бардык профилдеги шыгы бар дарыгерлер элден жардамын аяган жок. Ошого аябай сүйүндүм.

Эл медиктерди болушунча сыйлап, тамак-ашын камсыз кылып турду. Кимде эмне бар болсо, ошонун баарын аябай берип жаткандай сезилди. Ал тургай биздин кесиптештерге 5 литрлеп суюк май сыяктуу бир топ жардамдар келген экен.

Бир эле таарынычым - ошол келген жардам туура эмес бөлүштүрүлүп калды окшойт. Медайымдарыбыз ал жардамды көрбөгөнүн айтышууда. Ошолорго боорум ооруду. Жок дегенде бир литрден алып, тамак жасап ичишсе сүйүнүп калат элек. Баары бир чоңдор чоңдугун кылып, келген жардамды туура эмес бөлүштүрдүбү деген ой кетти. Менин өзүмдүн жеке таарынычым жок. Ошол медайымдар кызыл зонада жанын үрөп, күнү-түнү жүргөндөн кийин кичинекей май болсо деле үйүнө кубанып алып барат беле дейт экен киши».

Дарылануума 30 миң сомдой каражат кетти

Дарыгер иш маалында жуккан оорудан үй шартында сакайды. Дарыланууга кеткен каражаттын баарын өзү тапты. Айлыгынан бир нече эсе көп акчага айыгып чыкты. Ошентсе да ал көзү өтүп кеткен кесиптештерине кейип, өз жаны үчүн эми кеткен каражатты деле ойлобой калган:

«Негизи баарын эсептесем 30 миң сомдой кетти окшойт. Айрым дарыларды өтө эле кымбат сатып алып жаттым. Алар кийин кайра жарабай калды. Азыр деле калган-катканы үйдө турат. Дене табым көп күн бою түшпөй туруп алганда эле улам дары которууга аргасыз болбодумбу. Көп дары ичтим окшойт. Бул бөйрөккө, жүрөккө абдан зыян да. Ашказаным бузулуп, айла жок ашказан, бөйрөк ооруларынын дарысын кайра алдым. Антибиотиктерден кишиде грибок оорулары көп келип чыгат. Алардын терс таасиринен коргонуу үчүн кайра башка дарыларды алыш керек эмеспи.

Чыгымды эсептеген деле жокмун. Мейли, кетсе кетсин. Жаным аман калса болду да. Жаны кетип калган кесиптештеримди эстеп кайра ыйлагым келет. Айла жок, жанагы жапжаш Адинайды угуп алып аябай капа болдум. Мыкты адистерибиз ушул оору менен күрөшүп жатып кетип калышпадыбы...

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын берген маалыматы боюнча, 1-сентябрга карата өлкөдө 3 136 медицина кызматкери вирус жугузуп алган. Алардын 2 383ү айыгып чыкса, 73 медицина кызматы илдеттен каза тапты. Расмий маалыматтарга ылайык Кыргызстанда мамлекеттик бейтапканаларда 13,6 миңден ашык дарыгер, 33 миңден ашык орто медицина кызматкери иштейт.

Коронавирус пандемиясы башталганы бийлик оору жугузган дарыгерлерге 200 миңден, каза болгондорго 1 миллион сомдон кенемте төлөрүн убада кылган, бирок канча дарыгер бул кенемтени алганы тууралуу азырынча так маалымат жок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG