Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Түштүк Корея коронавирустун экинчи толкунуна каршы чара көрө баштады


Түштүк Корея.
Түштүк Корея.

Дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 25 миллион адамдан ашты. Анын курмандыктары 845 миң кишиге жакындады. 16 миллиондон көбүрөөк адам айыгып чыкты.

Акыркы күндөрү Индияда вируска кабылгандар кескин көбөйүп, бир күндө 70-80 миңге жакын кишиден бул дарт аныктала баштады. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, бул мамлекет оору кеңири жайылган АКШ менен Бразилиядан кийинки үчүнчү орунда.

Кырдаал бир аз турукташып, карантин чаралары жумшартыла баштаган Түштүк Кореяда илдеттин экинчи толкунуна каршы чара көрүлө баштады. 28-августтан тартып айрым аймактарда чектөөлөр күчөтүлүп, аралыкты сактоо боюнча талаптар коюлду.

Кыргызстанда 43 820 кишиге COVID-19 вирусу жукканы лабораториялык жол менен аныкталган. Анын 1059у көз жумуп, 38 198и айыкты.

XS
SM
MD
LG