Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Президент студент Адинай Мырзабекованын жакындарына көңүл айтты


Бишкектеги дарыгерлер. 6-июль, 2020-жыл.
Бишкектеги дарыгерлер. 6-июль, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинай Мырзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекет башчы учурдагы оор кырдаалда кадрлардын жетишсиздиги ыктыярчыларды, алардын ичинде медициналык факультеттердин жогорку курстарынын студенттерин ишке тартууга мажбур кылганын белгиледи.

“Жаштыгына карабай, бүгүнкү күндүн бардык оош-кыйыштарын татыктуу көтөрүп келе жатышат. Тилекке каршы, бүт өмүрү али алдыда болгон жаш адисибизден айрылып отурабыз. Адинай Мырзабекова мекендештери, курсташтары, достору, туугандары жана жакындары, аны тааныгандардын эсинде өз мезгилинин баатыры катары түбөлүккө кала берет”,- деди Жээнбеков.

Бишкекте коронавируска байланыштуу ачылган күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеп жаткан 22 жаштагы Адинай Мырзабекова 13-июлда кечке жуук каза тапкан. Жакындарынын айтымында, анын Бишкектеги стационарлардын бириндеги абалы орто жана жеңил бейтаптар тейленүүчү “кызыл зонада” бир команданын курамында чогуу иштегенине он бир күн болгон. Алдын ала маалыматка караганда, Адинайдын өлүмүнө эки тараптуу пневмония себеп болгон.

Июль айынын башында Бишкекте ооруканаларда орун жок калып, шаар бийлиги кошумча күндүзгү стационарларды ачкан. Өкмөт дарыгер жок болуп жаткандыктан, медициналык билими барлардын баарын мобилизацияга чакырган.

14-июлга карата коронавирустан, расмий статистика боюнча, беш медкызматкер каза тапты. Ооруга чалдыккан дарыгерлердин жалпы саны 1875ке жетти. (ZKo)

XS
SM
MD
LG