Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-октябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Убададан ашпаган дарыгерлердин айлыгы


Президент дарыгерлер менен. 8-июль, 2020-жыл

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бардык тармактарды жапырт санариптештирүү жүрүп жатканын, бул көмүскө экономикадагы каражаттарды мыйзамдаштырууга өбөлгө түзүп, чогулган каражат биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин эмгек акысын көтөрүүгө багытталарын айтты.

Ал арада саламаттык сакчылары азыркы алып жаткан минималдуу айлыгы да азайып, убада берилген кошумча төлөмдөрдү ала элек экенин кабарлашууда.

Президенттин расмий баракчасы өлкө башчы «көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу менен медиктердин айлыгы көтөрүлөт» деп айтканын жазды.

Сооронбай Жээнбеков: «Былтыр айлык акы көтөрүлдү, бирок түшүнүп турам, бул аз. Беш миң сом алган дарыгерлерден эмнени талап кыла алабыз? Бул түйшүк ар дайым менин көңүл борборумда. Биздин медиктерибиз мамлекет тарабынан материалдык, моралдык жактан да колдоо ала тургандай нерсенин баарын кылабыз», - деген.

Кошумча акыдан дайын жок

Бирок марттан бери тыным албай элди тейлеген дарыгерлер бийлик убада берген кошумча төлөм тургай, айлыгы да азайып кеткенин айтып жатышат. Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун атын атагысы келбеген гинекологу өзү ооруганына карабай вирус жуккан кош бойлууларды тейлеп, күндүзгү стационарга да барып иштеген. Бирок, анын айлыгы дагы эле алты миң сом экенин билдирди:

«Айлыгым баягыдай эле алты миң сом бойдон. Мына, өткөн айда алты миң сом бир нече тыйын алдым. Болбосо мен жаным тынбай, дем албай иштеген элем. Стационарда «кызыл зонада» да жүрдүм. «Көбөйтөбүз» деген бийликтин сөзүнө мен такыр ишенбейм».

Саламаттык сактоо министрлиги оору жуккандардын жана вирустан каза болгондордун бир-экөөнө эле кенемте берилгенин кабарлады.

Жетекчиликтен чочулагандыктан атын атабаган таластык дарыгер да март айынан бери тынбай иштеп, июль айында вирус жугуп катуу ооруп, өз чөнтөгүнөн ийнесине чейин дары-дармек сатып алып айыкканын айтып отурду:

«Мен 11 күн катуу ооруп, дене табым түшпөй аябай кыйналдым. Ооруканага жакындарым алып барса албай коюшту. Бирок эки өпкөм тең короновирустан күчөгөн пневмония болду. Кымбат дарыларды өзүм сатып алдым. Айла жок, балдарым үчүн тирүү калайын деп аябай аракет кылып жатам. Курсташтарым, кесиптештерим «бийлик убада берген кенемтени алганга аракет кыл» дешкенинен азыр документ чогултуп жүрөм. Ооругандыгым тууралуу маалымкаттар, жашаган жеримден билдирме - айтор көп документ керек экен. Ансыз деле айлыгыбыз өп-чап. Эми ушул акчаны алып жок дегенде дарыланган чыгымды жапсак болот эле. Буга чейин дарыгерлерге эч ким көңүл бурбай эле келбедиби. Биздин байкуш кесиптештерибиз, айрыкча медайымдар ушул ысыкта аба өтпөгөн кийимдер менен дагы эле кыйналууда. Бирок алардын эмгек акысы баягыдай эле».

Түшүнүксүз эсептөө системасы

«Азаттык» менен байланышка чыккан «кызыл зонада» иштеген дарыгерлердин дээрлик баары азырынча кошумча төлөмдөрдү ала элек экенин айтууда. Бул аз келгенсип, бейтапканалар менен ооруканалардын дарыгерлери бейтаптардын санына жараша кошумча саноо индикаторунун айынан тескерисинче айлык аз чыгып жатканын билдиришти.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун коомдук байкоочу кеңешинин мурдагы мүчөсү Чынара Бакирова кошумча төлөмдөрдүн кечигишин эсептөөдөгү мүчүлүштүктөн көрдү:

Чынара Бакирова.
Чынара Бакирова.

«Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду «төлөмдөр боюнча өкмөт берген бардык тапшырмаларды аткарып жатабыз» деди. Медиктердин көбүнө 30-31-июлда эле ашыкча иштегендери үчүн кошумча төлөмгө акча бөлүнүптүр.

Бирок жергиликтүү деңгээлдеги бухгалтерлер, ооруканалардын эсепчилери индикаторлорду эсептеп чыкканга жетишпей жатыптыр. Бул жерде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун эсепчилери эмес, ооруканалардагы эсептөө системасы аксап жатабы деген көз караштамын. Себеби, бул системада адистер жетишсиз, жумуш оор, бухгалтерлердин айлыгы аз. Кадрлар тез эле алмашып турат. Жоопкерчилик чоң болгондуктан иштеш кыйын. Фонд жиберген акча төлөнбөй кармалып калган учурлар ушундан улам деп түшүндүрүп жатышат».

«Укугун билген медиктер жокко эсе»

Мындан бир нече күн мурда эркин эксперт Бермет Барктабасованын кошумча төлөмдөр жана вирустан каза болгондорго кенемте берүү боюнча медиктердин укуктары тууралуу өкмөттүн, президенттин жарлыгын талдаган «Фейсбуктагы» посту бир топ дарыгерлердин талкуусуна түштү.

Барктабасова дарыгерлердин укуктук сабаты жетишсиз болгондуктан, арзыбаган тыйынга иштеп жатышканын белгиледи:

Бермет Барктабасова.
Бермет Барктабасова.

«Маселен, азыр бир дарыгердин баштапкы айлыгы беш миң сом болсо, бир канча жылдык тажрыйбасына, текшерип дарылаган кишилердин санына, квалификациясына карап отуруп, бир нече жылдан кийин маянасы араң сегиз миң сомго жетет. Эң эле көп дегенде 14-15 миңге чейин барат. Президенттин жарлыгы боюнча эпидемия маалында дарыгер иштеп жүрүп каза болсо 20 жолку айлыгы эсептелип бир ирет төлөнүшү керек. Сегиз миң сомдук айлык менен эле эсептесек, маркумдарга эки миллион сом берилиши керек болот. 14 миң сомду эсептесек төрт миллион болуп кетип жатпайбы. Бирок өкмөт бул жарлыкты эстебей эле пандемиянын башында кабыл алынган буйруктун негизинде «бир миллион сом кенемте берилет» деп айтууда. Эгерде медиктердин жакындары нормативдик укуктарын сүрүштүрө келсе, анда мурда кабыл алынган токтомго ылайык кенемте алууга тийиш. Азыр дарыгерлер бийликке ишенбейт. Саламаттык сактоо министрлиги көп ирет аларды алдап кетти.

Вирус башталганда кошумча акынын айынан медиктердин көбү атайын окуудан өтүп, «кызыл зонага» барды. Өзүлөрүн аябай 14 күндөн ашык иштеп, акчабыз көбүрөөк болот деп үмүттөнүшкөнү менен аларга толук төлөмдөр чегерилген жок. Эми алар ишенбей калышты. Себеби, медиктер өз ден соолугун тобокелге салышпады беле. Бирок, ага жараша эмгек акы ала албаса, өкмөт аларды кулдай иштетип койсо ким ишенсин? Ошол эле учурда өкмөттүн төлөмдөр тууралуу айтып жаткан кабарларын эл окуп, медиктерге чабуул коюуда. «Мына, силер миңдеген акча алып жатасыңар, бизди карагыла!» деп. Чындыгында анча акчаны дарыгерлер көрө элек да».

Айлык көбөйөрүн бир киши чече албайт

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков быйыл жыл башында Коопсуздук кеңешинин күн тартибинде саламаттык сактоо маселеси тургандыгын, дарыгерлердин айлыгы көбөйөрүн белгилеген эле.

Вирус күчөп турган июль айында өкмөт башчы Кубатбек Боронов дарыгерлерди ишке чакырып, 70 миң сомдой айлык тууралуу убада берген. Жалпысынан бийликтин медиктердин айлыгына байланыштуу убадасы жыл сайын жана ар бир шайлоо алдында улам-улам кайталанып келет.

Саясат таануучу Акылбек Сариев саламаттык сактоо системасындагылардын маянасын арттыруу жөнүндө сөз берүүгө президенттин ыйгарым укугу жетишсиз деп эсептейт.

Акылбек Сариев.
Акылбек Сариев.

«Биринчиден, айлыкты көбөйтүү бир кишинин колунан келбейт, - деди ал. - Бюджет эсептелип чыгып, өкмөт атайын чечим чыгарып, ар бир уюм өз кызматкерлерин cанап чыгып, бир топ расмий процедураны ишке ашыргандан кийин гана көтөрүлүшү мүмкүн. Бир эле жолку сый акы төлөмдөр болсо башка кеп. Экинчиден, туруктуу көбөйтөбү же пандемия учурунда эле кошумча төлөйбү деген да маселе бар. Айлыктын көлөмүн президент чектей албайт. Ошондуктан расмий түрдө мыйзам менен маяна көбөйтүү бекимейин бүгүнкү айтылган сөздөргө эч ким ишенбейт. Ишенүүгө да мүмкүн эмес. Анткени бюджеттеги тартыштыкты баары эле билет да».

Азыркы тапта жогорку билимдүү дарыгердин баштапкы маянасы беш миң сом. 30 жылдык тажрыйбасы барлардыкы 13 миң сом. Пандемия башталгандан бери дарыгерлерге кошумча акы төлөө маселеси курч бойдон турат.

Акыркы суткада Кыргызстанда 569 кишиден лабораториялык жол менен коронавирус табылып, 11 киши кайтыш болду. Март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1438 кишиге жетти. Алардын ичинде 80ге жакыны медициналык кызматкерлер.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG