Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

Дарыгерлердин дарманы менен арманы


Бишкектеги күндүзгү стационарда бейтапты карап жаткан дарыгер.
Бишкектеги күндүзгү стационарда бейтапты карап жаткан дарыгер.

Коронавирус менен күрөшүүдөгү эмгеги үчүн ондогон дарыгерлерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.

Эгемендик күнүн утурлай Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, коронавирус менен күрөшүүдөгү эмгеги үчүн тогуз киши «Даңк» медалы менен, 21 дарыгер «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» наамы жана 60 киши ардак грамоталар менен сыйланды.

Кыргызстанда жаздан бери COVID-19 илдетинен 73 медицина кызматкери каза болду. Алардын арасында бир облустун көзгө басар жалгыз дарыгери жана өлкөдөгү медицинанын кайсы бир тармагын түптөшкөн тажрыйбалуу адистер бар эле.

Оору күчөгөндө элдин мамилеси өзгөрдү

Бишкек шаарынын Свердлов районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Айнура Абдылдаева өлкөдө коронавирус чыккан учурда көчмө топто, апаат күч алган учурда кезде күндүзгү стационарда иштеди.

Илдет менен күрөш учурунда дарыгердин өзүнө да вирус жугуп, 10 күндөй төшөктө жаткан. Ал илдет күчөгөн учурду мындайча эскерди:

Айнура Абдылдаева (солдо).
Айнура Абдылдаева (солдо).

«Башында элибиз дарыгерлерибизди түшүнбөй, үйлөрүнө киргизбей, сабаганга чейин барып жатты. Формаларыбызды кийип барсак, алар үчүн жаман көрүнүш болду окшойт. «Анализ тапшырбайм, келбегиле!» деп урушуп, кууган жарандар болду. Кийин кырдаал курчуганда биздин 80ден ашуун дарыгерибиз ооруп калды. Дарыгерлер жетишпей баштады. Ошондо гана элибиз биздин эмгегибизди түшүндү».

Айнура Абдылдаевага COVID-19 илдети менен күрөшүүдөгү эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» наамы ыйгарылды. Бул 27 жылын медицинага арнаган дарыгердин эмгек жолундагы төртүнчү сыйлыгы экен. Ал медицина тармагына жакшы көңүл бурулуп, жаштардын иштешине шарт түзүлүшү керек деп эсептейт.

«Бизде жаш дарыгерлер абдан аз, - деди ал. - Анткени айлыгыбыз аз. Жаңы иштей баштаган дарыгер беш миң сом айлык алат. Анан жаштар бул акчага иштебейт да! Азыр бизде жеке менчик ооруканалар көп. Ал жерде шарты, маянасы жакшы. Ошон үчүн жаш адистердин көбү ошол жакка кетип калат. Азыр бизде пенсияга жакындап калган дарыгерлер көп иштешет. Мен каалайт элем, биздин айлыгыбыз көтөрүлүп, жаштар келип иштеп, жаңы ийгиликтерди жаратса».

Пандемияда өмүрүн кыргыз медицинасына арнаган кесипкөй адистер, бир облустун көзгө басар жалгыз дарыгери дүйнөдөн кайтты. Алар «кызыл зонада» күнү-түнү иштеп, коронавируска чалдыккан бейтаптардын өмүрү үчүн күрөштү. Акыры өздөрүнө да оору жугуп каза болушту.

Каза болгон дарыгерлердин бири, Чолпон-Атадагы аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнүн башчысы маркум Сарбагыш Иманалиев 35 жылдык өмүрүн медицинага арнаган. Ал иш үстүндө илдет жугузуп алып, 27-июлда өпкөсү кагынып каза тапты. Анын уулу Төлөгөн Сарбагыш уулу буларды айтты:

«Дарыгерлерге өкмөт убагында көңүл бурса жакшы болмок. Атам өтүп кетти. Атамдай мыкты канча дарыгерлер кетти? Ошолорго өкмөт көзү өткөн соң деле сыйлык ыйгарса жарашмак. Тилекке каршы андай боло элек. Жада калса атамдын кенемтесин ала элекпиз. Аны дагы кагаздарды топтоп, чындап иш үстүндө оору жугузуп алганын аныкташ керек экен. Атамдын кенемтесин алыш үчүн биз азыр комиссиянын чечимин күтүп жатабыз. Атам канчалаган жаш дарыгерлерди окутуп, даярдады. Алардын баары Кыргызстандагы медицинага болгон начар мамиледен улам чет өлкөгө кетип калышты».

Ондогон ак халатчандын өмүрүн алган пандемиядан кандай сабак алынды?

Расмий маалыматтарга ылайык COVID-19 илдетинен Кыргызстанда 73 медицина кызматкери каза болду. Алардын ичинен 44ү дарыгер, 18и орто медициналык билими бар адис, үчөө кенже медициналык кызматкер, калганы башка кызматкерлер.

Пандемия күчөп турганда «кызыл зонада» иштеген дарыгер​ Эрмек Исмаилов каза болгон кызматташтарынын эмгеги унутулбаса экен деп тилейт.

Эрмек Исмаилов.
Эрмек Исмаилов.

«Каза болгон 70 дарыгер тең катардагы эле дарыгерлер эмес эле, - деди ал. - Алардын баары эң тажрыйбалуу, медицинанын туу чокусуна жеткен дарыгерлер болчу. Айрымдары өлкөдөгү медицинанын кайсы бир тармагын түптөшкөн. Эми алардын арбактары ыраазы болушу үчүн кыргыз медицинасын толук өзгөртүш керек. Мен Кыргызстандын дарыгери катары «үй-бүлөмдү кантип багам, баламды бала бакчага берүүгө кайдан акча табам» деп ойлонбошум керек. Тескерисинче, бул маселени мамлекет чечип бериши зарыл. Мен «бейтапка кантип жакшы жардам бере алам жана тажрыйбамды кантип өстүрө алам» деген гана ой менен жүрүшүм керек. Сапаттуу медицинаны курабыз десек, дарыгерлердин жашоосун дагы жакшыртышыбыз керек. Болбосо пандемия маалында жанын курмандыкка чалган дарыгерлердин аты кагаз жүзүндө калып, эмгеги унутулат».

Көптөгөн байкоочулардын тыянагында, пандемия Кыргызстандагы медицина тармагынын кемчиликтерин, кыргыз өкмөтү коронавируска даяр болбогонун көрсөттү.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы реформага муктаж. Ал кайтыш болгон дарыгерлердин ордун ким басары жөнүндө маселе козгоду:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Коомчулук аз-маз дарыгерлерди сыйлай баштады. Бирок мамлекеттик саясат ошол эле бойдон. Айлык дагы эле көтөрүлгөн жок. Саламаттык сактоо тармагын өзгөртүш үчүн мамлекеттик саясат өзгөрүшү керек. Дарыгерлерге биз башка системаны түзүп беришибиз керек. Аларды окутуу процессинен баштап, жумушчу шарттарын да түзүп беришибиз зарыл. Бул жерде маселе жалаң эле айлык акысы эмес. Алардын социалдык абалы кандай, керектүү заманбап жабдуулар барбы? Негизи эле бүт саламаттык сактоо системасын оңдошубуз керек. Андай кылбасак бул сөз менен эле кала берет. Пандемия маалында мыкты, тажрыйбалуу дарыгерлер каза болду. Эми алардын ордун ким басары белгисиз. Анткени баары тажрыйба менен келет. Азыр болсо бизде тажрыйбалуу дарыгерлер өтө аз. Мунун баары кайра кайталанбашы үчүн экинчи толкунга азыртан даярданыш керек. Өкмөт азыр жетпеген дары-дармектерди, жабдууларды алышы керек. Бирок азырынча анын баары сөз жүзүндө эле болуп жатат».

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын берген маалыматы боюнча, 1-сентябрга карата өлкөдө 3 136 медицина кызматкери вирус жугузуп алган. Алардын 2 383ү айыгып чыкса, 73 медицина кызматы илдеттен каза тапты.

Расмий маалыматтарга ылайык Кыргызстанда мамлекеттик бейтапканаларда 13,6 миңден ашык дарыгер, 33 миңден ашык орто медицина кызматкери иштейт.

"Кызыл зонадагы" өмүр сакчылары
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:14 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG