Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Коронавирус менен күрөшүүдөгү эмгеги үчүн тогуз киши «Даңк» медалы менен сыйланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда COVID-19 илдети менен күрөшүүдөгү эмгеги үчүн дарыгерлер, мамлекеттик, күч түзүмдөрүндөгү кызматкерлер, журналисттер сыйланды. Президент Сооронбай Жээнбеков 27-августта «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, «Даңк» медалы менен сыйлангандар:

Мамлекеттик чек ара кызматынын бейтапканасынын башчысы, медицина кызматынын капитаны Султан Жаманов;

Ысык-Көл облусунун Түп районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун «Арал» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Сапарбек Исаев;

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын № 13 атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу Замирбек Мазаитов;

Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысы Суюнбек Ниязбеков;

Ош облусунун Кара-Суу районунун Октябрь айылынын айыл башчысы Баатыр Полотов;

Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын терапевт-дарыгери Ольга Сиротина;

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин аскердик-медициналык башкармалыгынын башчысы Жоомарт Токторалиев;

Ош шаарынын медициналык тез жардам станциясынын дарыгери Жылдызкан Торогелдиева;

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун № 7 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Дамира Чарабаева.

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» деген наам 20дан ашык медицина кызматкерине ыйгарылды. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен 40тай киши сыйланды. Толук тизме бул жакта.

Расмий маалыматка караганда, коронавирустан каза болгондордун жана аны жугузуп алгандардын жаңы эсеби боюнча Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1058 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлиги 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. Ага чейин вирус жалпысынан 1498 кишинин өмүрүн алганы айтылып жаткан.

27-августка карата коронавирус жугузуп алгандар 43459 адамга жетти. Анын 37492си айыкты. (TSh)

XS
SM
MD
LG