Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:35

Пандемиядагы таймаштын талашы


Мелдештин жеңүүчүлөрүнүн бири. Кочкор району. 2-сентябрь, 2020-жыл. (Сүрөт ММА жана Панкратион федерациясына таандык).
Мелдештин жеңүүчүлөрүнүн бири. Кочкор району. 2-сентябрь, 2020-жыл. (Сүрөт ММА жана Панкратион федерациясына таандык).

Кочкор районунда ММА жана эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш уюштурулду. Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган кезде мелдештин өткөнү талкуу жаратууда.

Мелдешти Кыргызстандын ММА жана панкратион федерациясы уюштурган. Уюмдун президенти Александр Голенко бардык санитардык эрежелер сакталганын айтып, мындай маалымат берди:

«Мелдешти өткөрөрдө биз Спорт агенттиги менен чогулуш өткөрүп, агенттиктин директорунун орун басары менен сүйлөшкөнбүз. Алар бизге август айынан баштап бардык турнирлерди, волейбол, футбол мелдештерин өткөрсө болорун айтышты. Биз мелдешти көрүүчүлөрсүз өткөрдүк. Жергиликтүү бийликти, маалымат каражаттарын кабардар кылганбыз. Бизге олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча дирекция уруксат берген. Силер алардан сурап көрсөңөр болот. Бул мелдеш Кыргызстандын Эгемендик күнүнө арналды».

Александр Голенко мелдеш көрүүчүлөрсүз өткөнүн, ага катышкан спортчулар коронавируска тест тапшырып, баары беткап тагынып жүргөнүн кабарлады.

Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында өткөн турнирде жалпы 16 беттеш өтүп, анын жүрүшүн «Кыргыз спорт» каналы түз алып көрсөттү.

Мелдешке катышчу спортчуларды коштоп барган эрежесиз эр уруш боюнча мушкер Актилек Жумабек уулу «Азаттыкка» буларды айтты.

«Аябай көп киши келди - 500дөн ашык адам чогулду. Уюштуруучулар түнгө чейин мелдешти баштабай, көрүүчүлөрдүн кетишин талап калыганы менен эл кетпей койду. Бирок эч кандай жарнама же чакыруу болгон жок. Эл өзү чогулду. Айылдын четинде өттү. Эгер шаардын ичинде болсо мындан да көп көрүүчү келмек».

Кыргызстанда көрүүчүлөрдү чогултуп мелдеш өткөрүүгө азырынча уруксат бериле элек. Коронавируска байланыштуу киргизилген карантинден улам өлкөдө спорттук мелдештердин баары 21-марттан баштап токтотулган.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова мелдешти өткөрүш үчүн ММА жана панкратион федерациясынан эч кандай маалымдама келбегенин билдирди:

Нурпери Садырбекова.
Нурпери Садырбекова.

«Бүгүнкү күндө өлкөдө өзгөчө кырдаал режими сакталганына байланыштуу спорттук чоң мелдештерди өткөрүүгө уруксат бериле элек. Бир гана футбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты көрүүчүлөрсүз өткөрүлүп жатат жана олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча улуттук курама командалар гана окуу-машыгуу иштерин жүргүзүшүүдө. Ал эми Кочкордогу мелдешти өткөрүш үчүн агенттикке сунуш келген эмес. Аны ММА жана панкратион федерациясы жергиликтүү бийликке кайрылып, өздөрүнчө чечим чыгарып өткөрүшкөн. Спорт агенттиги тарабынан спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясына тапшырма берилип, ал федерация менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт».

ММА жана панкратион федерациясы өз алдынча уюм болгондуктан спорт агенттиги анын ишмердүүлүгүнө кийлигише албайт.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнүн бири. Кочкор району. 2-сентябрь, 2020-жыл. (Сүрөт ММА жана панкратион федерациясына таандык).
Мелдештин жеңүүчүлөрүнүн бири. Кочкор району. 2-сентябрь, 2020-жыл. (Сүрөт ММА жана панкратион федерациясына таандык).

Кыргызстанда эрежесиз эр уруш, ММА, панкратион боюнча мелдештер демөөрчүлөрдүн жана жеке компаниялардын колдоосу менен өтүп келет. Бул мелдештин шайлоо алдында өтүшү спорт коомчулугунда талкууга жем таштады. Арасында бул мелдеш кайсы бир саясий партиянын демилгеси менен өтүшү мүмкүн деген ойду айткандар да бар.

Спорт журналисти Сурат Жылкычиев шайлоо алдында саясий партиялар же саясатчылар үгүт иштеринде атактуу спортчуларды колдонууну адатка айланганын айтты:

«Ар бир парламенттик же президенттик шайлоо болобу, айылдык же болбосо шаардык кеңешке шайлоо болобу, спорттук иш-чараларды, концерттерди өткөрүшөт. Өзгөчө эрежесиз эр уруш, ММА, панкратион боюнча турнирлерди өткөрүп, биздин атактуу спортчуларды пайдаланышат. Турнир учурунда ошол шайлоого аттанып жаткан талапкер эл алдына чыгып сүйлөйт. Бул мыйзамга дал келбеген нерсе. Эгер чындап спортко күйсө олимпиадалык спорт түрлөрүнө же спортчуларга эл көзүнө көрсөтпөй эле жардам берсе болот. Бирок алар шайлоо алдында сүрмө топ кылып, турнир өткөрүп эл чогултушат. Эл буга алданбашы керек. Экинчи жагынан пандемия маалында элди чогултуп, мелдеш өткөргөн федерация жазага тартылышы керек. Алар элдин коопсуздугун ойлогон жок».

Жылкычиев өз алдынча федерациялардын иши, айрыкча шайлоо алдында же кыйын кырдаал учурунда мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөшү керек экенин кошумчалады.

ММА жана панкратион федерациясынын президенти Александр Голенко мелдешти өткөрүүдө эч кандай саясий партиялардын тиешеси жок экен билдирди:

«Биз эч кандай мыйзам бузган жокпуз. Саясий өңүтү да жок. Эч бир демөөрчүлөрдү да чакырган эмеспиз. Бул - эл жана жаштар үчүн уюшулган мелдеш. Шайлоого тиешеси жок болгону үчүн атайын шайлоо алдында өткөрдүк».

Буга чейин аталган федерация августтун этегинде Каракол шаарында да ММА боюнча мелдеш өткөргөнүн билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG