Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Эр уруш: мушкерлерди колдогон уюм ачылды


Прагадагы ММА боюнча мелдеш. 27-ноябрь, 2015-жыл.
Прагадагы ММА боюнча мелдеш. 27-ноябрь, 2015-жыл.

Кыргызстанда эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш өткөрө турган “Чебер мушкерлер лигасы” (PFL KG) аттуу жаңы уюм түзүлдү. Федерация өкүлдөрү алар менен келишим түзгөн мушкерлерге "жылына 10 миң доллар каражат төлөп беребиз" деп убада берип жатат.

Кыргызстанда акыркы жылдары ММА - калк арасында "эрежесиз эр уруш" деген атка конгон мушташтын аралаш түрлөрү өтө популярдуу. Бирок мындай спорттун түрүнө кооптонуу менен карагандар да бар.

Жаңы түптөлгөн “Чебер мушкерлер лигасы” уюмунун президенти Данияр Орунбеков эрежесиз эр уруш популярдуу экенин белгилеп, андагы спортчулардын деңгээлин көтөрүп, эл аралык таймаштарга даярдоо максатында атайын лига уюштуруу зарылдыгы келип чыкканын билдирди:

Данияр Орунбеков.
Данияр Орунбеков.

- Бул лига Панкратион жана ММА федерациясынын ичинде ачылды. Башкы максат - биздин балдарды кесипкөй деңгээлде дүйнөлүк мелдештерге чыгаруу. Акча эмес, биринчи иретте Кыргызстандын атын чыгарыш үчүн ачып жатабыз.

​“Чебер мушкерлер лигасы” өзү менен келишим түзгөн мушкерлерге жыл сайын 10 миң доллардай каражат төлөп бериши мүмкүн. Данияр Орунбеков мындай каражат спортчулар үчүн чоң колдоо деп эсептейт.

Кыргызстанда эрежесиз эр уруш боюнча мелдештер байма-бай уюштурулууда. Аларга катышып жүргөн мушкерлердин бири Азатбек Анарбек уулу азыр спортчулар таймашка катышып, жеңишке жеткен күндө деле жарытылуу акы төлөнбөй тургандыгын айтты:

Азатбек Анарбай уулу.
Азатбек Анарбай уулу.

- Кыргызстандагы мелдештерге 10 жылдан бери катышам. Бирок эч кандай акчалай сыйлык алган эмесмин. Бир эле жолу “Номад” уюмунун мелдешине катышып, жеңгеним үчүн 5 миң сом беришкен. Башка мамлекеттерге барсаң -жеңсең да, жеңилсең да беришет. Эл аралык "Акмат" федерациясы уюштурган мелдешке катышып, жеңилип калганым үчүн 500 доллар алгам. Эгер жеңишке жетсем 1000 доллар алмакмын. Эрежесиз эр уруштан мелдеш өткөрүп, спортчуларга гонорар төлөгөн уюмдар Кыргызстанда жокко эсе.

Азатбек Анарбай уулу бир мелдешке даярдануу үчүн кеминде 20 миң сом жумшарын белгиледи.

Спорт журналисти Адилет Керимбеков эр уруштун аралаш түрлөрү боюнча мелдештерди уюштургандар спортчулардын ден соолугуна кам көрүү жагын унутта калтырганына токтолду:

Адилет Керимбеков.
Адилет Керимбеков.

- Өлкөдө эр уруш же таймаштын аралаш түрлөрүнөн бир катар федерациялар ачылганы менен, олуттуу жыйынтык жок. Алар ар кандай турнирлерди өткөрүп, демөөрчүлөрдөн каражат алып же көрүүчүлөргө билет сатып акча табуу менен эле чектелип жатышат. Ал эми таймашка катышкан спортчулар ден соолугун, керек болсо өмүрүн да тобокелге салууда. Мелдештерден каражат албаган соң, айрым мушкерлер акча табыш үчүн күчүн колдонуп, кылмышка аралашып жатышат.

Адилет Керимбеков мындай уюмдарды айрым саясатчылар өздөрү каржылап, спортчулар керек учурда курал катары колдонуларын да жашырган жок.

Өлкөдө эр уруш боюнча ай сайын эки-үч мелдеш өтөт. Бирок чет элдик абройлуу уюмдар менен келишим түзгөн кыргыз мушкерлери жокко эсе. “Жаш күч” клубунун башкы машыктыруучусу Айбек Мусаев эл аралык аренада кыргыз мушкерлеринин деңгээли төмөн бааланып жатканына кейиди.

Айбек Мусаев.
Айбек Мусаев.

- Кыргыз мушкерлери Кыргызстадан чыкпай эле, жеңил-желпи мелдештерге катышып, жеңиштерге жетип келет. Чет элдик уюмдар өткөргөн турнирлерге барып эле жеңилип калышууда. UFC өңдүү абройлуу уюмдар мындай мушкерлерге кызыкчылыгы жок. Алар спортчунун жеңиштерин гана санабастан, ал катышкан мелдештердин, ал уткан спортчулардын деңгээлине да көңүл бурушат. Азырынча бизде эл аралык талаптарга жооп бере алган мушкерлер жок.

Кыргызстанда эр уруштун аралаш түрү боюнча 20дан ашык спорт клубдары бар. Алардын ар бири өзүнчө лига түзүп, түрдүү мелдештерди өткөрүү менен алек.

Алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн деле киши жок. Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев мындай клубдар мекеменин каттоосунда турбагандыктан, агенттик алардын ишмердүүлүгүнө кийлигише албай турганын билдирди:

Нурдин Султамбаев.
Нурдин Султамбаев.

- Эгер бул спорттун түрлөрү биздин реестрге кирген болсо, биз көзөмөл кылабыз. Эгерде реестрге кирбесе, бул өзүнчө бир түзүм катары эле кете берет. Федерациялар ачылганда өзүнчө коомдук бирикме катары түзүлөт. Коомдук бирикменин ишмердүүлүгүнө мамлекеттик органдар өз эрежелерин киргизгенге же катуу бир тартипке салганга мүмкүнчүлүгү жок.

Адистер кийинки убакта эр уруш менен алектенген спортчулар кримчөйрөгө аралашып, дүкөндөр менен кафелерге салык салып, жарандарды сабап, мушташ чыгарган учурлары көп кездеше баштаганын белгилешет.

Чебер мушкерлер лигасынын башкы машыктыруучусу Талантбек Байсалов спортчулар катышкан жагымсыз көрүнүштөрдүн алдын алыш үчүн атайын чара көрүлөрүн билдирди:

Талантбек Байсалов.
Талантбек Байсалов.

- Биздин лиганын мелдештерине катышууну каалаган ар бир спортчу менен өзүнчө келишим түзөбүз. Мыкты спортчуларга жыл сайын 10 миң доллардай каражат беребиз. Ал сумманын баарын бир берип салбайбыз. Ай сайын бөлүштүрүп, мушкердин спорттогу жетишкендигинен сырткары өзүн алып жүрүшүнө да көңүл бурабыз. Спортчулардын кылмыш чөйрөсүнө аралашканын себеби акча жетпегендиктен же машыкпай бекер жүргөндөн болуп жатпайбы.

Кыргызстанда ММА жана панкратион, “Дүйнөлүк эр таймаш”, “Жаш күч”, “Файтер кж”, “Мухаммед Умар”, “Номад” өңдүү федерациялар спортчуларды тарбиялап, эл аралык мелдештерге катыштырууга аракет кылып келет. Кыргыз спортчуларынын Азия чемпионатында алган байгелерин эске албаганда, абройлуу эл аралык мелдештерде ийгиликке жеткен эр уруш чеберлери жокко эсе.

Андан сырткары, аталган федерациялар мунасага келип, биригүүнүн ордуна мелдештерди өткөрүү жагынан да атаандашып, айрым федерациялар кээ бир спортчуларды башка уюмдар өткөргөн мелдештерге катышуусуна чек койгон учурлар бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG