Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Мушкерлердин чырына ТИМ аралашты


Нурсултан Рузибоев (солдо) менен Алтынбек Арыкбаев (оңдо) беттеш алдында. “WEF 85 proffight 36” мелдеши. Кара-Суу. 18-август, 2019-жыл.
Нурсултан Рузибоев (солдо) менен Алтынбек Арыкбаев (оңдо) беттеш алдында. “WEF 85 proffight 36” мелдеши. Кара-Суу. 18-август, 2019-жыл.

Кыргызстандагы кулатуу-эр таймаш мелдешинен кийин өзбекстандык спортчу Нурсултан Рузибоев тараткан видеокайрылууну эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери талкуулап, калыс териштирүүнү макулдашты.

Анын алдында Ош облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин негизинде ("Улут аралык кастыкты козутуу") сотко чейинки өндүрүшкө алып, тергөө ишин баштаган.

Буга 18-августта кулатуу боюнча Кара-Сууда өткөн мелдеште өзбекстандык спортчу Нурсултан Рузибоевдин түз эфирде эмоционалдуу видеокайрылуусу негиз болгон. Спортчу беттешти тейлеген калыска "Өзбекстандын желегин ыргытып жиберди" деген кине койгон.

Эл аралык мелдештен кийин башталган бул нааразылык эки өлкөнүн спортчуларынын кайым айтышы менен коштолду.

Социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн чырды, 22-августа Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов телефон аркылуу талкуулашты.

Улан Дыйканбаев.
Улан Дыйканбаев.

Ушул маселеге байланыштуу бардык маалыматтар, бардык иштер эки министрдин көзөмөлүндө болот. Алар ушуга макулдашты”, - деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев.

18-августа Кара-Суу шаарында кулатуу-эр таймаш боюнча өткөн “WEF 85 proffight 36” мелдешинде, өзбекстандык спортчу Нурсултан Рузибоев 80 килограммга чейинки салмакта ушул уюмдан уткан чемпондук курун коргоо үчүн беттешке чыккан. Ал кыргызстандык мушкер Алтынбек Арыкбаев менен күч сынашты.

Биринчи раунддун убактысы бүткөн учурда калыс спортчуларга беттешти токтоткула деп ишара берген. Андан соң калыс менен Рузибоевдин ортосунда түшүнбөстүк чыгып, Рузибоев рингди таштап чыгып кеткен. Беттештин калысы Түгөл Арапбаев кыргыз мушкери Алтынбек Арыкбаевди жеңүүчү деп тапкан.

Нурсултан Рузибоев менен Алтынбек Арыкбаевдын беттеши.“WEF 85 proffight 36” мелдеши. Кара-Суу. 18-август, 2019-жыл.

Өзбекстандык спортчу мелдештен кийин өзүнүн "Инстаграмм" баракчасы аркылуу эмоционалдуу, ачууга алдырган сөздү айтып, билдирүү жасаган.

Мындай жагдайдагы видеонун чыгышын өзбекстандык спортчу кыргызстандык күйөрмандардын басымы менен байланыштырды. Рузибоев мелдештен кийин артынан миңге жакын киши ээрчип, коркутканын "Азаттык" радиосуна билдирди.

Нурсултан Рузибоев.
Нурсултан Рузибоев.

Мен тиги баланын бутун тартканда ал мага жеңилип бергенин билдирген ишарат кылды. Эгер убакыт бүткөн болсо, калыс мага баарын туура түшүндүрүп, беттешти дагы улантышы керек эле. Ал анткен жок. Мен жеңишке жеттим деп майрамдай баштаганда гана сөгүп-сагып, желегимди колумдан жулуп алып, ыргытып салды. Мен ага эки-үч жолу "сөгүнбө" деп айттым. Ал уккан жок. Мен нааразылык иретинде рингден чыгып кеттим. Руслан Кыдырмышевге да айттым. Ал дагы унчуккан жок. Мен Кыргызстанды урматтайм жана урматтай берем. Ошон үчүн алган жараатыма карабай беттешке баргам. Бирок алар мени урматтаган жок. 40 миллион калкы бар Өзбекстандын желегин ыргытып салды. Мен дагы өлкөм үчүн жанымды берүүгө даярмын. Өзбекстандын желегин көтөрүш үчүн беттештерге чыгып келем. Видео кайрылууда айткандарым ошол Кара-Сууда болгон топтогу адамдарга арналган. Мен беттештин тыкыр иликтенишин талап кылам. Калыстар дайыма бейтарап болуп, эч кимге тартпай, спортчуларга сый көрсөтө билиши керек”, - деди Нурсултан Рузибоев.

Рузибоевдин сөзү өз кезегинде Интернет колдонуучулар арасында нааразылыкты жаратып, айрым кыргызстандык мушкерлер Рузибоев менен кайым айтыша кеткен. Таймаштын аралаш түрү боюнча мелдештерге катышып жүрүшкөн спортчулар Дастан Шаршеев менен Тилек Машрапов Рузибоевди ачык таймашууга да чакырышты.

WEF - Кулатуу - эр таймаш уюмунун жетекчиси Руслан Кыдырмышев өзбек мушкери менен кайым айтышкан кыргызстандык мушкерлердин аракетин колдобой тургандыгын “Азаттыкка” билдирди. Чагымчылдыкка алдырбай, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды. Кыдырмышев беттеште калыс эч кандай эреже бузбаганын кошумчалады.

Руслан Кыдырмышев.
Руслан Кыдырмышев.

Калыстын спортчуну түрткөнүнүн жөнү бар. Ошол учурда спортчу эмоцияга кирип кеткен. Мындай учурда спортчуну түртүп, тынчтандырууга аракет кылды. Ал желекти сырттан ыргытышкан. Калыс ошону алып эле кайра сыртка, секунданттарына ыргытты. Бул жерде калыстарда кеп жок. Бул бир гана спортчунун амбициясынан келип чыккан нерсе. Биздин деле спортчулар чет жерге барат. Жеңилип ыза болушат. Жеңилгенден кийин Кыргызстанга келип "орустар мындай, казактар же өзбектер тигиндей" деп жалпы эл жөнүндө эч качан сын айтышкан эмес. Мындай нерсе биринчи жолу болуп жатат. Биз ал спортчуга дисквалификация бердик. Буга чейинки беттештери жокко чыгарылды”, – деди WEF Кулатуу - эр таймаш уюмунун жетекчиси Руслан Кыдырмышев.

Спорт журналисти Гулиза Авазова мелдешти уюштурган уюмдун ишин сынга алып, калыстардын калпыс чечими чырдын чыгышына себепкер деген пикирде.

Гулиза Авазова.
Гулиза Авазова.

Кыргызстанда эрежесиз эр уруштан түрдүү уюмдар бар. Ар бири өзүнүн таламын талашып, өз ара тил табыша албай келет. Алардын биринчи көздөгөн максаты - акча жасоо. Ар кимиси ар кандай деңгээлдеги мелдештерди өткөрөт. Ар бир уюмдун өздөрүнүн калыстары бар. Ал калыстар өзүнүн уюмунун кызыкчылыгын көздөбөй, калыс чечим чыгарат деп айтуу кыйын. Калыстардын квалификациясы жогору деңгээлде эмес. Мелдештерди уюштуруу деңгээли да төмөн. Мелдешке келген көрүүчүлөр дагы агрессивдүү. Кээде көрүүчүлөр рингди ашып, октагонго (беттеш болуп жаткан айлампага) кирип кетишет. Спортчулардын коопсуздугу милиция кызматкерлеринин күчү менен гана көзөмөлдөнөт. Федерациялар бул спортту өнүктүрүш үчүн жеткиликтүү иш жасабай жатат. Алардын ишмердүүлүгү да такыр көзөмөлдөнбөйт”.

Авазова мындай таймаштар жана аларды өткөргөн уюмдар көзөмөлгө алынбаса чыр-чатактар көп болорун кошумчалады.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматынын башчысы Нурпери Садырбекова "Азаттыкка" билдиришинче, мындай коомдук уюмдардын ишмердүүлүгүнө спорт агенттиги кийлигише албайт.

Нурпери Садырбекова.
Нурпери Садырбекова.

Кыргыз Республикасынын "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамынын негизинде мамлекеттик орган коммерциялык эмес уюмдун ички жумушуна кийлигише албайт. Ошон үчүн спорт агенттиги бул уюмдардын кандай мелдештерди өткөрүп, ага кандай спортчуларды чакырып жатканына кийлигишип, баа бере албайт. Бирок спорт агенттиги изилдөө жүргүзүп, бул уюмдардын спортчуларга түзүлгөн шарттарын, мелдештерди уюштуруу жагдайларын анализдеп чыккан. Учурда "коомдук уюмдар менен иштөө" деген аталышта жобо иштелип чыгып Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине макулдашууга жөнөтүлгөн. Эгер мекемеден колдоо тапса, биз аны өкмөткө жиберебиз. Бул бизге коммерциялык эмес коомдук уюмдар менен биргелешип иштешип, аларга туура багытта иш алып барышына жардам көрсөтүүгө шарт түзөт”.

Кыргызстанда эрежесиз эр уруш, таймаштын аралаш мушташ түрлөрү боюнча ондон ашык федерация бар. Эң алдыңкыларынын катарында "WEF", “Жаш Күч”, "Файтер.кж" өңдүү уюмдар турат. Алар ай сайын жер-жерлерде, ар кандай деңгээлдеги мелдештерди өткөрүп келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG