Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:38

Валентина Шевченко чемпион бойдон калды


Валентина Шевченко беттеш учурунда. АКШ, Хьюстон шаары. 8-февраль, 2020-жыл.
Валентина Шевченко беттеш учурунда. АКШ, Хьюстон шаары. 8-февраль, 2020-жыл.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFCнин аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук курун үчүнчү жолу коргоп калды. 8-февралда АКШнын Хьюстон шаарында өткөн беттеште Валентина америкалык Кетлин Чукогянды жеңди.

Үч раундга созулган беттеште Валентина үстөмдүк көрсөтүп, үчүнчү раундда атаандашын техникалык нокаутка жыкты.

Беттештен соң алып баруучунун:

"Кызык жагдай, сенин салмагыңда азырынча дээрлик сага тең атаандаш жок болуп жатат, бул сенде кандай сезимди жаратат?", – деген суроосуна төмөндөгүчө жооп берди:

“Спорттун бул түрүндө таланттуулар көп. Алар чыгат деп ишенем. Мен бардыгына ачыкмын. Мага кандай атаандаш чыкса да мен алар менен беттешке даярмын”, – деди Шевченко.

Кетлин Чукогян (солдо) жана Валентина Шевченко (оңдо) беттеш учурунда.
Кетлин Чукогян (солдо) жана Валентина Шевченко (оңдо) беттеш учурунда.

Андан соң Валентина Шевченко үч тилде күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.

“Биринчи кезекте менин командама ыраазычылык билдирем. "Муай-тай тайгер" клубуна рахмат айтам. Албетте, бүгүн жекшембинин таңы, бирок ошого карабай силер баарыңар азыр мени көрүп жатасыңар. Силерге рахмат. Мен Хьюстондо чемпиондук курумду коргоп калганым үчүн бактылуумун. Мен бул жерде эки жылдай жашагам. Бул менин дагы бир үйүм. Мен UFCдеги карьерамды дал ушул шаардан баштагам. Эми бул жерге кайтып келгениме өтө кубанычтамын. Андан сырткары Орусиядагы, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы күйөрмандарыма, айрыкча күнөстүү Кыргызстанга ысык салам айтам. Биз аягына чейин биргебиз. Чоң рахмат, Хьюстон!".

UFC 247 мелдеши: Валентина Шевченко - Кетлин Чукогян

Бул күнү Валентина Шевченконун беттешин дүйнөнүн булуң-бурчунан көргөндөр болду. Алардын бири, АКШда жашап жаткан ырчы Эрлан Андашев "Инстаграмдагы" баракчасына видео жүктөп, Валентинанын жеңишине кубанганын билдирген. Ал шериги экөө беттешти америкалыктар менен чогуу кафеде түз ободо көрүшкөн.

“Валентина утту. Бул жердегилер америкалык мушкерди колдоп келген. Валентина жеңгенде баары унчукпай отуруп калды. Бул жакта эки кыргыз бул жерди көтөрүп жибердик. Валя, азаматсың! Куттуктайбыз”.

Валентина бул мелдеште жеңишке жеткени үчүн 270 миң доллар гонорар алат.

Таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC уюмунун жетекчиси Дана Уайт Шевченко өтө күчтүү мушкерге айланып баратканын белгиледи:

Дана Уайт.
Дана Уайт.

“Шевченко - мыкты мушкер. Ушундай бийиктикке жеткенине карабай жөнөкөй бойдон калды. Бутунда мылтыктын сүрөтү бар спортчу менен тамашалашпай эле койгон жакшы. Ал чынында өзүн абдан мыкты көрсөтө алды жана анын кийинки беттешин чыдамсыздык менен күтөм”.

Валентина Шевченко дүйнөдө абройлуу саналган UFC уюмунун мелдештерине катышып, чемпиондук наамын татыктуу коргоп келаткан алгачкы кыргызстандык спортчу кыз. Ал 2015-жылы аталган уюм менен келишим түзүп, ушул күнгө чейин жалпысынан 10 беттеш өткөрдү. Алгач ал аялдар арасында жеңил салмакта (61,2 кг) беттештерге чыгып келген. Дал ушул салмакта чемпиондук наамдын ээси, бразилиялык Аманда Нунезге эки жолу жеңилген.

2018-жылдын 3-февралында Валентина Шевченко аялдар арасындагы эң жеңил салмакта (56,7 кг) таймашка катышкан. 2018-жылдын 9-декабрында Канадада өткөн UFC 231 мелдешинде польшалык Йоанна Ежейчикти жеңип, чемпион атыккан. Андан соң чемпиондук курун эки жолу коргоп, былтыр Жессика Айды жана Лиз Кармушту жеңген.

Шевченко - эл аралык аренада Кыргызстандын атын таанытып келаткан спортчу. Ал жарандык позициясын да эркин билдирип келет. Шевченко UFC-247 мелдешинин алдында АКШ бийлигинин Кыргызстандын атуулдарына иммиграциялык визага чек койгону тууралуу суроого төмөндөгүчө жооп берген.

“Чынын айтсам, жаңылыктарды көп деле окуган эмесмин. Беттешке катуу даярданып жаткам. Бирок бул чектөөлөр тууралуу кабарым бар. Кыргызстандыктар өтө акылдуу, сылык, мээримдүү адамдар. Бул жерде адамдар эмес, техника күнөөлүү. Биометрикалык паспорт менен камсыздай албай жатканыбыз – техникалык катачылык”.

Беш жашында спортко аралашкан Валентина Шевченко муай-тай боюнча дүйнөнүн 11 жолку, кикбокстун К-1 түрүнөн дүйнөнүн үч жолку, таймаштын аралаш түрлөрү боюнча (ММА) дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду. Азырынча дүйнөдө Валентинага тең келген анын салмагындагы мушкер кыздар жок.

Күйөрмандарын шыктандырган Шевченко
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG