Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:40

Валентина Шевченко UFC'нин чемпиону болду


Валентина Шевченко
Валентина Шевченко

Кыргызстанда төрөлүп өскөн Валентина Шевченко таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC 231 мелдешинде жеңишке жетип, чемпион болду. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы (flyweight. 57 кг.) чемпиондук титулу үчүн беттеш Канадада өтүп, Шевченко польшалык Йоанна Ежейчик менен беттешти. Мелдештин жүрүшүндө беш раундда Шевченко үстөмдүгүн көрсөтүп, жеңүүчү аталды.

Шевченко абройлуу саналган UFC уюмунун тарыхында эң жеңил салмакта чемпиондук наамды алган экинчи спортчу болуп калды. Буга чейин бул титул АКШ өкүлү Никко Монтанього таандык болчу. Монтаньо сентябрь айында Шевченко менен беттешип, чемпиондук наамын коргомок. Беттеш алдында АКШлык спортчу ооруканага жатып калгандыктан таймаш артка жылдырылып, кийинчерээк Монтаньо чемпиондук курдан ажыраган.

Валентина Шевченко 29 жашта, учурда Перу өлкөсүндө машыгат. Таймаштарга Перунун жана Кыргызстандын желектерин көтөрүп чыгат.​ Кийинки жылдары таймаштын аралаш түрлөрү боюнча эл аралык таймаштарда ийгилик жаратып келатат. “Аялдар арасындагы мыкты тайбоксчу” наамы бар. Алгачкы титулун таэквондо боюнча 2002-жылы алган. (BkA)

XS
SM
MD
LG