Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргоду


Валентина Шевченко.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко 57 кг салмакта америкалык Жессика Айды нокаут менен утуп, чемпиондук наамын коргоп калды. Бул тууралуу UFC уюму кабарлады.

Беттеш АКШнын Чикаго шаарында 8-июнда UFC 238 турниринин алкагында болду.

Шевченко атаандашына үстөмдүк көрсөтүп, экинчи раундда тээп нокаут кылды.

Шевченконун жеңиши менен президент Сооронбай Жээнбеков телефон чалып куттуктады. Мамлекет башчы куттуктаган учур жазылган видеону «Кулатуу Эртаймаш ММА» федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев "Инстаграмга" чыгарды.

Кыргызстанда туулуп-өскөн Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC мелдешинде жеңишке жетип, чемпион болгон.

Быйыл 8-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков аны «Даңк» ордени менен сыйлаган.



Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG