Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Шевченко: Виза берүүнүн токтотулушуна эл күнөөлүү эмес


Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко АКШнын Кыргызстанга карата иммиграциялык чектөөсү боюнча пикирин айтты.

Хьюстон шаарында UFC боюнча америкалык Кэтлин Чукагян менен беттеш алдында Шевченко журналисттердин суроосуна жооп берди.

АКШ бийлигинин Кыргызстандын атуулдарына иммиграциялык визага чек койгону тууралуу суроого Шевченко бул маселе техникалык себептерден улам чыкканын айтты:

“Чынын айтсам, жаңылыктарды көп деле окуган эмесмин. Беттешке катуу даярданып жаткам. Бирок бул чектөөлөр тууралуу кабарым бар. Кыргызстандыктар өтө акылдуу, сылык, мээримдүү адамдар. Бул жерде адамдар эмес, техника күнөөлүү. Биометрикалык паспорт менен камсыздай албай жатканыбыз – техникалык катачылык”, - деп жооп берди.

31-январда АКШда президент Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карт визаларын алууга чектөө киргизди.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу бул чечим коопсуздук маселелерине байланыштуу кабыл алынганын айткан.

9-февралда АКШнын Хьюстон шаарында UFCнин биринчи титулдук турнири болуп, анда кыргызстандык Валентина Шевченко менен америкалык Кэтлин Чукагян беттешкени жатат. ​(BCh)

XS
SM
MD
LG