Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

15-сентябрга чейин Орусияга Кыргызстандан 17 каттам болот


Новосибирск-Бишкек багытындагы чартердик учак. «Манас» аэропорту. 10-июль, 2020-жыл.
Новосибирск-Бишкек багытындагы чартердик учак. «Манас» аэропорту. 10-июль, 2020-жыл.

Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларынан Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларына учактар каттайт. Каттам 1-сентябрдан 15-сентябрга чейин, күнүнө бир же эки жолудан болот.

Орусияга Кыргызстандан орус жарандыгы барлар, алардын балдары, ата-энелери, жубайлары бара алышат. Орусиядагы ооруканага дарыланыш үчүн бараткан жарандын колунда клиниканын чакыруусу болууга тийиш. Мындан тышкары туруктуу жашоо укугун алган кыргызстандык жарандар, оорукчан тууганын караш үчүн бараткан адамдар да Орусияга кире алышат. Бул тууралуу Орусиянын Бишкектеги элчилиги маалымдады.

Орус бийлигинин талабына ылайык, жогорудагы категорияларга кирген адамдардын колунда акыркы үч күндүн ичинде тапшырган ПЧР анализинин жыйынтыгы болушу керек.

Каттамдарды «Урал аба жолдору» жана S7 аба компаниялары жүргүзүшүүдө.

Орусия менен Кыргызстандын ортосунда туруктуу аба каттамы ачыла элек. Кыргыз бийлиги орус тарапка утурумдук каттамдарды жандантууну июль айында сунуш кылган, азырынча Орусия оң жооп бере элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG