Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Мигранттар пенсия менен камсыздалат


Курулуштагы мигранттар, Москва
Курулуштагы мигранттар, Москва

Эмгек мигранттары пенсия менен камсыздалат.    

Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн эмгек мигранттарын пенсия менен камсыздоо келишими күчүнө кирди.

Евразия экономика комиссиясынын сайтында мамлекет башчылары 2019-жылдын сентябрында кол койгон келишим 2021-жылдын 1-январынан тарта бардык өлкөлөрдө ратификацияланганы маалымдалат.

Бул күндөн тартып биримдиктин аймагында расмий иштеген мигранттар өз өлкөсүндө пенсияга чыкканда, алардын чет жактагы эмгек стажы эсепке алынып, кошумча пенсиялык төлөм чегериле баштайт.

Документте көрсөтүлгөндөй, мигрант чет жактагы пенсиясын кошо алыш үчүн ал өлкөдө кеминде 12 ай мыйзамдуу иштеп, пенсиялык же социалдык фондго тиешелүү төлөмдөр которулуп турушу керек.

Буга чейин Орусияда мыйзамдуу иштеген кыргызстандыктар үчүн жумуш берүүчүлөр пенсиялык фондго төлөмдөрдү которуп, бирок кийин Орусиядагы пенсия төлөмдөрүн кайтарып алууга укугу болгон эмес.

«90-жылдарда, андан кийин келген мигранттардын көбү орус пенсиясына кызыгып эле Орусияда жарандык алышпадыбы. Анан башка эмне кылышат? 10-20 жылдап миграцияда жүрүшсө. Мен өзүм быйыл 50гө чыгам. Москвага келип-кетип иштегениме сегиз жыл болду. Мен бул келишимге сүйүнүп эле турам. Үч жылдан бери бир жеке компанияда тазалык кызматында иштейм. Эмгек келишимим бар. Салыктарды төлөйм. Эми дагы эки-үч жыл иштеп, анан Кыргызстанга кайтам. Ушул убакта топтолгон акча деле пенсияга кошулуп, тыгынчык болоор», - дейт мурда Баткенде алты жылдай мектепте мугалим болуп иштеп, кийин миграцияга чыгып кеткен Тамара Курманбекова.

Анткен менен Орусияда миграцияда 15-20 жылдан бери жүрүп, пенсия курагына жеткендер бул келишимдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай калат. Келишим 2021-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирип, андан кийинки эмгек стажы жана пенсиялык төлөмдөр гана эсепке алына баштайт.

Соңку маалыматтар боюнча бул кезде Орусияда иштеген кыргызстандыктардын саны 550 миңдин тегерегинде. Алардын теңи гана ИИМдин миграция башкармалыгында расмий эмгектенерин кабарлаган.

Москвада мигранттарга укуктук көмөк көрсөткөн Гүлиза Акматсияева мигранттар кийин пенсия алыш үчүн азыртадан «мыйзамдаша» башташы керектигин белгиледи.

«Бизге кайрылган жарандардын эмгек келишиминде айлыгы адатта 15-20 миң рубль болуп көрсөтүлөт. Калган акчасын жумуш берүүчү колуна төлөп берерин айтышат. Мындай айлыктан аз салык төлөнөт, анан албетте, кийин пенсияга төлөм да аз болуп калат. Анан биздин жарандардын басымдуулугу эч кандай келишими жок иштешет, же келишими жасалма, колуна бир кагазды карматып коюшкан. Биздин жарандар эмгек келишими түзүлгөндө жумушчуга СНИЛС (пенсиялык системада адамдын жеке катталуучу номуру-ред.) жасап бериши керектигин, ал документ аркылуу пенсиялык фондго төлөмдөрдү текшерип турууга болорун билишпейт. Келишим деп кагазды көтөрүп жүрүшөт. Орус рыногунда таза, ачык иштеген компаниялар өтө аз да».

Социалдык сурамжылоолорго ылайык Орусияда расмий иштеген чет өлкөлүк мигранттын орточо айлык акысы 31 миң рублдин тегерегинде. Биримдиктин мигранттарынын айлыгынан 13 пайыздык салык кармалат.

Акматсияеванын белгилешинче, салыктан жумуш берүүчүлөр менен гана эмес, мигранттар өздөрү качат.

«Мисалы, айлык 40 миң рубль деп көрсөтүлсө, андан 13 пайыз салыкты кармаганда эле 33 миңдей болуп калат. Анан албетте, мындай салыкты эч ким төлөгүсү келбейт. Ошон үчүн колго алууга да макул болушат».

«Бара-бара Орусияда чет өлкөлүк мигранттардын эмгек стажы топтолуп, орус өкмөтүнүн бюджетине жүк болот» деп орус коомчулугунда бул келишим бир топ сынга кабылган. Орусияда 800 миңге чукул пенсионерлер бар, аларга жылына 100 миллион рублдай бөлүнөт.

Биримдикке кирген өлкөлөрдүн ар биринде пенсияга чыгуу жана аны төлөө системасы ар башка тартипте. Казакстанда, Кыргызстанда, Арменияда пенсия курагы ар башка.

Пенсиянын орточо өлчөмү Орусияда, Беларуста жана Казакстанда 200-220 долларды, Кыргызстан менен Арменияда 80-90 долларды түзөт.

ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Орусия, Казакстан жана Беларус мүчө. Мигранттарды пенсия менен камсыздоо долбоору Кыргызстан ЕАЭБге кошулган 2015-жылдан бери талкууланып келген.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG