Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 12:16

ЕАЭБдин эсин эки кылган пенсия


Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдагы түрмө чыры. Борбор Азия Кытай менен Орусиянын чеңгелинде. Кыйналган ак аюунун арманы. Батыш басма сөзүнө баяндама.

Кытай: түрмөдөгүлөрдүн органы алынганбы?

Британияда жайгашкан «Кытай трибуналы» өкмөттүк эмес уюму «Кытайдын бийлиги өлкөдө тыюу салынган «Фалуньгун» кыймылынын түрмөдөгү мүчөлөрүн кескилеп, органдарын трансплантацияга алышы мүмкүн» деген тыянак чыгарды. «The Independent» гезити: «Расмий Бээжин бул дооматтарды ар дайым четке кагып келет. Бирок 20 жыл бою түрмөдөгү миңдеген адамдардын органы тирүү кезинде эле алынып, медициналык максатта пайдаланылып келген. Эл аралык трибуналдын Югославия боюнча ишин караган прокурор Жеффри Ница «изилдөөлөргө таянсак, Кытай түрмөлөрүндө көп киши өз ажалы менен өлгөн эмес» деген пикирин айткан. Тыюу салынган «Фалуньгун» кыймылы 20 жыл мурда Бээжинде каршылык акциясын өткөрүп, миңдеген мүчөлөрү камакка алынган.

Сычуань провинциясындагы эмгек лагеринде камалгандар.
Сычуань провинциясындагы эмгек лагеринде камалгандар.

Лондондогу Кытайдын элчилиги бул жоромолдорду четке кагууда. «Британиянын эли мындай ушак-айыңдарга ишенбейт деп ойлойбуз», - деген расмий билдирүү таркатты элчилик. «Трибуналдын» мүчөлөрү «Фалуньгундун» камалган өкүлдөрүнө жасалган зомбулук уйгурлар менен да кайталанышы ыктымал экенин билдирди. «Фалуньгундун» мүчөсү Женифер Цең дүйнө коомчулугу Кытайдагы адамдын органдарын алмаштырууга өзгөчө көңүл буруп, «Трибуналдын» дооматтарын кылдат иликтеши керек деген ойдо», - деп жазат. Кытайда бул уюм 1999-жылы радикалдык деп табылып, анын ишмердигине тыюу салынган. Ал өз философиясына даосизмдин, буддизмдин, конфуциандыктын элементтерин аралаштырган.

Борбор Азия Кытай менен Орусиянын чеңгелинде

«The Wall Street Journal» басылмасында журналисти Крейг Нелсон АКШнын Ооганстандагы таасири солгундаган сайын чөлкөмдө Кытай менен Орусиянын позициясы күчөп баратканын жазды. «Эки өлкө тең Ооганстандан келчү диний согушкерлерден өз аймагын коругусу келет. Кытай муну миллиондогон доллар инвестициялары менен ишке ашырса, Москва «тынчтыкты орнотуу процессине катышабыз» деген жүйө менен Ооганстанда жана ага чектеш өлкөлөрдө аскердик иш-аракет жүргүзүүдө.

Борбор Азиянын картасы. 2015-жыл.
Борбор Азиянын картасы. 2015-жыл.

Пентагондун маалыматтарына караганда, Кытай 2017-жылы Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадахшан аймагындагы чек ара бүтүндүгү жана коопсуздугу үчүн 85 миллион доллар экономикалык инвестиция жумшай тургандыгы айтылат. «Бээжин стратегиялык жактан маанилүү Вахан коридоруна Кытайдын аскердик базасын курууну каржылады» деген сөздөр айтылганы менен Кытай бийлиги муну расмий ырастабай жатат. Атын атагысы келбеген тажикстандык мамлекеттик кызматкер басылмага Кытай менен Тажикстан 2015-2016-жылдары тажик-ооган чегиндеги 30-40 көзөмөл постторун оңдоо тууралуу макулдашууларга кол коюшканын билдирди. Дал ушул чек араны жаңылоо боюнча келишимдин негизинде Кытайдын чек арачылары тажикстандык кызматташтарынын ордуна тура башташты. Бээжин тажик чек ара кызматы аймакты толук коруй аларына көзү жетпей ушундай кадамга барганы талашсыз. АКШнын таасири солгундаган сайын Москванын саясаты күчөп барат», деген басылма Ооганстандын Жоузжан провинциясындагы «Ислам мамлекети» радикал тобунун мүчөлөрүнө каршы Орусия Ооганстандан абадан сокку уруу боюнча расмий уруксат сурап, бирок аны АКШнын кийлигишүүсүнөн улам ала албаганын да кошумчалаган. Журналист Нелсон Ооганстандагы АКШнын чегинүүсү XIX кылымдагы Орус империясы менен Британиянын таасир талашындай эле Бээжин менен Москванын ортосунда улана берет деген тыянак чыгарган.

Бажы биримдигинин башын катырган пенсия

Кыргызстандын пенсионерлери.
Кыргызстандын пенсионерлери.

«The Diplomat» аналитикалык журналы Евразия Экономикалык Биримдигиндеги (ЕАЭБ) пенсия түйшүгүн талдаган макала жарыялады. «Май айында Нур-Султандагы ЕАЭБдин жыйынында анын курамындагы өлкөлөрдө бирдиктүү пенсия төлөө макулдашылган. Бирок бул кантип ишке ашат? Биримдикке кирген өлкөлөрдүн ар биринде пенсияга чыгуу жана аны төлөө системасы ар башка тартипте. Маселен, Орусиянын жарандары айлыгынын 22% Пенсия фондуна которот. Казакстанда, Кыргызстанда, Арменияда пенсия курагы ар башка. Мындан тышкары ЕАЭБдин бир да өлкөсүндө чет элдик жаранга пенсия төлөө деген түшүнүк жок. Бирок биримдиктин жетекчилери 2020-жылдан тартып Орусияда иштеген эмгек мигранттарына пенсия төлөнөрүн жарыялашты. Бул үчүн, маселен, Орусияда иштеген кыргызстандык мигрант Орусиянын Пенсия фондуна иштеп турган маалында акча төгүп турушу керек. Казакстандын, Кыргызстандын, Армениянын, Беларустун Орусияда иштеген жарандарына 2020-2021-жылдары 75 миллион рубль пенсия берилери айтылууда. Ошол эле маалда Орусиянын өз жарандары да 91 миллион рубль пенсия алышы керек. Орусиянын Пенсия фондунда ансыз да акча тартыш болуп турганда мигранттарга миллиондогон рубль кантип төлөнөрү азырынча табышмак. ЕАЭБ чөлкөмү да Европа Биримдигин туурагысы келет. Бирок анын дарамети азырынча Евробиримдиктен кыйла артта. Ага кирген өлкөлөрдүн өз ара ымаласы да начар экенин Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылы кыргызстандык дыйкандар өндүргөн товарларга Казакстан чектөө койгондо айтып чыккан эле. Анан пенсияга байланыштуу маселени чек ара, соода-сатык байланышы бош биримдик кантип чечмек эле?», - деген суроо салат «The Diplomat».

Айласы кеткен ак аюу

Узаган жумада дүйнөлүк басылмаларда эң көп окулуп, талкууланган тема Орусиянын Норильск шаарында элди аралап, тамак издеген Түндүк уюлдун ак аюусу болду.

Норильскиге кирип келген ак аюу. 17-июнь, 2019-жыл.
Норильскиге кирип келген ак аюу. 17-июнь, 2019-жыл.

«Deutsche Welle» агенттиги Арктикадан 500 чакырым алыс жайгашкан Норильскиде 40 жыл мурда дал ушундай окуя болуп, жапайы ургаачы ак аюуну жергиликтүү тургундар атып өлтүргөнүн эскерет. Бирок бул ирет арыктап, алсырап, тамак издеген ак аюуну атайын кызмат кармап, анын саламаттыгын, жапайы жаныбардын шаарга чейин эмне себептен түшүп келгенин иликтөөдө. Изилдөө иштери бүткөндөн кийин аюнун кардын тойгузуп, Түндүк уюлдагы жапайы жаныбарлардын паркына коё беришери айтылууда. Адистердин баамында, климаттын өзгөрүшү биологиялык ар түрдүүлүккө таасир тийгизип, биринчи кезекте ак аюулар массалык түрдө кырылууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG