Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Орусия Кыргызстанга 20 миллион доллар берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан өз жарандарынын пенсиясын төлөш үчүн Орусиядан жардам алат. Бирок өкмөттүн бул кадамы коомчулукта ар түрдүү талкууланып жатат.

Москва Кыргызстанга каржылык көмөк катары 20 млн. доллар бермей болду. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматында «бул акча социалдык төлөмдөр үчүн кайтарымсыз негизде» берилери көрсөтүлгөн.

«Орусия Кыргызстандын бюджетине колдоого, бюджеттик мекемелерде иштегендердин маянасына, пенсия жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ошондой эле саламаттык сактоо системасын каржылоого акча бөлдү. Макулдашуунун долбоорун Кыргызстан жактырды, жакында кол коюлат», деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин «Фейсбук» баракчасындагы маалымат.
Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин «Фейсбук» баракчасындагы маалымат.

Кыргызстандагы 700 миңге чукул пенсионерге бир айлык пенсия үчүн 4 миллиард 156 миллион сом керектелет. Орусия берери сөз болгон 20 млн. долларды сомго азыркы курс менен которгондо 1 млрд. 640 млн. сом болот. Бирок бул акчанын канчасы пенсияга, канчасы башка төлөмгө берилери айтыла элек.

Финансы министрлигинин өкүлү Нурбек Акжоловдун айтымында, Орусиянын бул жардамы узап бараткан жылда калып кеткен таңсыктыкты жоюш үчүн жумшалат.

«Орусиянын кайтарымсыз жардам көрсөтүшү тууралуу макулдашууга эки өлкөнүн финансы министрлери 21-декабрда кол коюшкан. Ал акча биздин эсепке 29-декабрда которулары айтылган. Бул каражат республикалык бюджеттин 2020-жылдагы каржылык ажырымын жабууга жумшалат», - деди ал.

17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун 2019-жылдагы ишмердиги тууралуу отчёту берилип, 2021-жылга карата божомолдор каралган. Фонддун жетекчисинин орун басары Гүлнура Жуматаева бюджеттеги тартыштыктан улам социалдык төлөмдөр 2 миллиард 700 миллион сомго кемип калгандыктан пенсия төлөө кечигиши мүмкүн экенин айткан. Бул билдирүүдөн кийин пенсия төлөө маселеси коомчулукта кызуу талкууга алынган эле.

Бирок бир күндөн кийин, 18-декабрда Социалдык фонд «январь айында пенсия убагында жана толук берилет» деген билдирүү тараткан. Ал эми премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 19-декабрда өкмөт социалдык милдеттенмелерди өз убагында жана толук аткарарын билдирген:

«Бүгүнкү күндө өкмөттүн пенсияларды төлөө боюнча бардык милдеттенмелери жабылды. Бул маселе боюнча бизде кооптуу жагдайлар жок. Мамлекеттик салык кызматы декабрга карата камсыздоо төлөмдөрү боюнча планды аткарыш үчүн бардык чараларды көрүшү керек».

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков өкмөттү «антикризистик планы жок» деп сынга алды:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Кыргыз өкмөтү азыр куру кыйкырык менен кетип баратат. Антикризистик планы, экономикага эксперттик сереби жок. Коңшу мамлекеттердин көзүн карап калдык. Социалдык төлөмдөр үчүн Орусиядан 20 миллион доллар жардам алганыбыз эртеңки экономиканын кыйраганынан кабар берет. Бул «жазга киребиз» эмес, «сазга киребиз» деген кеп. Өкмөттүн чыгашасы кирешеден үч эсе көп. Жакында эле Жогорку Кеңеште кийинки жылдын бюджетин карадык. Ал жерде өкмөт «25 миллиард сом салыкты ашыгы менен чогултабыз» деген жомокту айтты. Алар ачык эле «экономиканы эптей албай калдык, эл аралык уюмдардан келген жардамды жеп алдык» деп айтышы эле калды. Өкмөттүн азыр бир эле максаты бар. Ал - шайлоону, референдумду өткөрүп алуу. Ал эми экономикалык реформанын дайыны жок. Эмненин негизинде элди эртеңкиге жетелеп баратканын түшүнгөн жокмун».

2020-жылдын 1-январындагы эсеп боюнча Кыргызстанда 670 миң пенсионер катталган. Ал эми ушул күнгө карата 687 миң киши пенсия алып жатат. Жылдын аягындагы статистикага ылайык чейин бул көрсөткүч 700 миңге жетиши мүмкүн.

Социалдык фонддун сайтындагы расмий маалымат.
Социалдык фонддун сайтындагы расмий маалымат.

Соцфонддун маалыматына ылайык, мекеме 2021-жылы пенсия үчүн 62,4 млрд. сом төлөп бериши керек. Бирок камсыздандыруу төлөмдөрү кеткен чыгымдарды толук жаба албай жаткандыктан өкмөт жетишпеген акчаны республикалык бюджеттен алууга мажбур болууда. Буга байланыштуу келерки жылы бюджеттен пенсияга 24,1 млрд. сом которуу пландалып жатат.

Экономист Марат Мүсүралиев Кыргызстан Орусиядан аргасыздан жардам сурап жатат деген оюн айтты:

«Өкмөт «январь айынан баштап пенсияларды төлөө оор болот» деп акча издеп жатканын угуп жатабыз. Ошондуктан кыргыз өкмөтү Орусияга айласыздан кайрылды деп ойлойм. Орусияда 1 миллиондон ашык кыргыз жарандары мигрант болуп жүрөт. Алар 20 жылдан ашык убакыттан бери социалдык төлөмдөрү жок эле иштеп жатышат. Ошондуктан Орусия берген акчаны мигранттардын эсебинен кенемте катары берди, кабыл алсак болот».

Коронавирус пандемиясынан улам бюджеттин тартыштыгы байкалып, акыркы жарым жылда өкмөт элге пенсия төлөп бериши кыйын болуп жатканы айтылган. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бюджетте акча тартыш болгондуктан пенсия, айлык жана башка социалдык төлөмдөрдү азыр сырттан келген карыз акчадан төлөп берип жатканын айткан.

Ал тышкы жардам катары быйыл Кыргызстанга жалпысынан 343 миллион доллар келгенин, сомго которгондо бул дээрлик 25 миллиард сомдой акча экенин эске салып, анын 17 миллиард сомго жакыны пенсия, айлык акы, жөлөкпул сыяктуу төлөмдөргө кеткенин билдирген.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев өкмөт тыштан жардам алууда кылдат болуш керек деп эсептейт.

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

«Бул өтө кейиштүү, - деди ал. - Мен муну эгемен мамлекеттин аброюна шек келтирген көрүнүш катары бааладым. Экономикалык кризис болуп жатканда өкмөттүн башка чарасы калбай калгандай элес калтырууда. Ал эми Орусиянын буга чейинки Кыргызстандын аброюна сөз тийгизген учурларын дагы бир жолу баса белгилешине шарт түзүлүп турат. Муну менен Кыргызстан Орусиянын астында ким экени ашкере болду. Кыргызстан пенсия, жөлөк пулдарды төлөш үчүн ушундай кадамга барып ар-намысын курмандыкка чалды».

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн 172,9 млрд. сом, чыгаша бөлүгүн 181,4 млрд. сом деп көрсөтүүдө. Мунун ичинен 146,8 млрд. сом корголгон беренелер.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу жана вице-премьер-министр Артем Новиковдун маалыматына караганда, мунун ичинен тышкы карыз төлөнөт, бюджеттик кызматкерлерге айлык акы, пенсия жана жөлөк пул берилет. Өкмөт бюджеттин киреше бөлүгүн салык, бажы төлөмдөрүнөн, мамлекеттик мүлк фондунан жана башка тармактардан түшүүчү акча менен жабууга үмүттөнүүдө.

XS
SM
MD
LG