Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Пенсия маселеси байма-бай көтөрүлө баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык фонд 18-декабрда «январь айында пенсия убагында жана толук берилет» деген билдирүү таратты. Ал эми бир күн мурда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун жетекчилиги кийинки айда пенсиялык төлөмдөрдү убагында бере албай калса, Финансы министрлигинен колдоо сурай турганын билдирген.

17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун 2019-жылдагы ишмердиги тууралуу отчёту берилип, 2021-жылга карата божомолдор каралды. Фонддун жетекчисинин орун басары Гүлнура Жуматаева бюджеттеги тартыштыктан улам социалдык төлөмдөр 2 миллиард 700 миллион сомго кемип калгандыктан пенсия төлөө кечигиши мүмкүн экенин айткан.

«Мындай кыскаруу пенсияны убагында бере албай калуу коркунучун жаратат. Салык кызматынан төлөмдөрдү башкарууну жакшыртууну суранып жатабыз».

Декабрь айы үчүн пенсиялык төлөмдөргө жалпысынан 4 миллиард 156 миллион сом керек. 18-декабрга карата жалпы төлөмдөрдүн 95% ишке ашып, жакынкы күндөрү баары төлөнүп бүтөрү маалымдалды.

Социалдык фонддун сайтындагы расмий маалымат. 18.12.2020
Социалдык фонддун сайтындагы расмий маалымат. 18.12.2020

Социалдык фондго төлөмдөр 2020-жылдагы пандемиядан улам келип чыккан экономикалык каатчылыктын айынан кемип калган. Мунун айынан камсыздандыруу төлөмү 2 миллиард 700 миллион сомго кемиген.

2020-жылдын 1-январындагы эсеп боюнча Кыргызстанда 670 миң пенсионер катталган. Ал эми ушул күнгө карата 687 миң киши пенсия алып жатат. Жылдын аягындагы статистикага ылайык чейин бул көрсөткүч 700 миңге жетиши мүмкүн.

Соцфонддун маалыматына ылайык, мекеме 2021-жылы пенсия үчүн 62,4 млрд. сом төлөп бериши керек. Бирок камсыздандыруу төлөмдөрү кеткен чыгымдарды толук жаба албай жаткандыктан өкмөт жетишпеген акчаны республикалык бюджеттен алууга мажбур болууда. Буга байланыштуу келерки жылы бюджеттен пенсияга 24,1 млрд. сом которуу пландалып жатат.

Мекеменин жетекчисинин орун басары Гүлнура Жуматаева өлкөдө пенсияга чыккандар көп болуп жатканын бул багытта атайын иш алып баруу зарыл болуп турганын айтты:

«Биз Социалдык фонддогу чыгашаларды оптимизациялоону сунуш кылып жатабыз. 2019-жылы 47 миң жаран пенсияга чыкты. Алардын жарымы жашына жетпей эле чыкты. Муну кайра карап чыгышыбыз керек. Болбосо пенсионерлер көбөйө берет».

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков маселени чечүүнүн жолун сунуш кылды:

«Маселени чечиш үчүн кандай аракет көрүп жатасыңар? Программаңар барбы? Же бюджеттен акча алып эле пенсия төлөп берип жатасыңарбы? Көмүскөдө ишкердик кылгандарды сууруп чыксаңар бюджеттен акча сурабай каласыңар. Экономика министрлиги менен чогуу иш алып барсаңар болот».

Учурда иштеп, Соцфондго акча төлөгөндөрдүн саны пенсионерлерден көп деле эмес. Социалдык фонддун маалыматы боюнча, фермерлер менен өз алдынча иштегендердин салымы өтө аз болгондуктан, бир пенсионерге 1,2 иштеген адам туура келет. Эл аралык эмгек уюмунун кеңеши боюнча, бир пенсионерге кеминде үчтөн кем эмес иштеген адам туура келиши керек.

Экономика тармагы боюнча эксперт Эркин Абдразаков өкмөт пенсияны төлөөдө альтернативалуу жолун караштырышы керек деп эсептейт.

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

«Пенсия реформасы үч жылга кабыл алынган, - деди ал. - Бирок аны толтуруу маселеси турат. Алар инфляцияны эске алган эмес. Пенсия акыркы жолу 300 сомдун тегеригинде көбөйдү. Бул бир килограмм эттин баасына жетпейт. Альтернативалуу жолу катары мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорду түзүшсө болот. Мына азыр кийинки жылдын бюджети каралып жатат. Бирок кошумча каражаттын жоктугунан улам азырынча пенсияны төлөөнүн булагын айта албай жатышат».

Коронавирус пандемиясынан улам бюджеттин тартыштыгы байкалып, акыркы жарым жылда өкмөт элге пенсия төлөп бериши кыйын болуп жатканы айтылган. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөтү бюджетте акча тартыш болгондуктан пенсия, айлык жана башка социалдык төлөмдөрдү азыр сырттан келген карыз акчадан төлөп берип жатканын айткан.

Ал тышкы жардам катары быйыл Кыргызстанга жалпысынан 343 миллион доллар келгенин, сомго которгондо бул дээрлик 25 миллиард сомдой акча экенин айтты жана анын 17 миллиардга жакыны пенсия, айлык акы, жөлөкпул сыяктуу төлөмдөргө кеткенин билдирген.

XS
SM
MD
LG