Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 14:47

Өкмөт бюджет толтурууда кыйналды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан жыл башынан бери 12 млрд. сомдой салык жана бажы төлөмдөрүн чогулта албай калды.

Расмий органдар муну пандемия шарты менен байланыштырууда. Өлкө бюджети кайра такталган учурда ансыз да 28 млрд. сомго кемиген эле. Адистер мындай кырдаалда чыгашаны кескин чектөөнү сунуш кылып жатышат.

Эки төлөм чогулбай жатат

Финансы министрлиги жети айдын жыйынтыгын эсептеп чыккандан кийин Кыргызстандын 2020-жыл үчүн бюджетинин киреше бөлүгү тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Министрликтин басма сөз катчысы Жоомарт Шайдылдаев мамлекеттик казынанын негизги бөлүгүн түзгөн салык жана бажы төлөмдөрү канча жыйналып, канчасы чогулбай калганын мындайча чечмеледи:

Финансы министрлиги.
Финансы министрлиги.

«Борбордук казыналыктын болжолдуу маалыматы боюнча Мамлекеттик салык кызматы тарабынан администрацияланган республикалык бюджеттин кирешелери 2020-жылдын январь-июль айларында 32,4 млрд. сомду же пландан 90,1% түздү (пландык көрсөткүч – 36,0 млрд. сом). Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан администрацияланган кирешелер 13,4 млрд. сомду же пландан 61,8% түздү (пландык көрсөткүч – 21,7 млрд. сом)».

Мекеменин билдирүүсүндөгү «администрацияланган» деген терминди «кириш кылынган» же «министрликке которулуп эсепке алынган» деп түшүнүүгө болот. Анткени Мамлекеттик салык кызматы жети айда 40 млрд. 452 млн. сом чогултканын, пландын 90% аткарганы тууралуу маалымат берип жатат.

Эгер Финансы министрлигинин маалыматы менен сөздү улантсак, жыл башынан бери Мамлекеттик салык кызматы 3,6 млрд. сом, Мамлекеттик бажы кызматы 8,3 млрд. сом чогулта албай калганы такталат. Натыйжада бюджетке 11,9 млрд. сом каражат түшпөй калды.

Сөз болуп жаткан мекемелер жагдайдын себебин COVID-19 вирусуна байланыштуу чек аралар жабык болуп, товарлар азыраак ташылып келгени жана жергиликтүү ишкана-мекемелер толук иштебегени менен байланыштырып жатышат.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков «Азаттыкка» мындайча комментарий берди:

Эркин Сазыков.
Эркин Сазыков.

«Планга жетпей калышыбызга коронавирус илдетине байланыштуу жаздагы карантин учурунда, андан кийинки оору күчөгөн мезгилде көп ишканалардын жабылышы себеп болду. Ал тургай көбү азыр деле толук иштей элек. Бирок биз июлдун өзүн алсак, айлык пландан 9,9% ашып чыктык. Башкача айтканда, биз ай сайын белгиленген планды жогору аткарып, жылдын соңуна чейин буга чейинки боштуктарды да толтуруп кетебиз деп турабыз. Азыркы убакта жер-жерлерде салык органдары ошол пландын үстүндө иштеп, бизнес өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көмүскөдөгү ишкерликти ачыкка чыгаруунун үстүндө катуу иштеп жатышат. 2020-жылдын жыйынтыгында биз бюджет кайра такталгандан кийин бекитилген 75 млрд. 828 млн. сом салыкты жана жыйымдарды толук жыйнайбыз деп ишенебиз».

Тартыштык дагы көбөйүүдө

Былтыр ноябрда 2020-жылдын республикалык бюджеттин кирешеси 163 млрд. 710 млн. сом, чыгашасы 173 млрд. 663 млн. сом менен бекитилген. Таңсыктык тогуз млрд. 953 млн. сом болчу.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өкмөт быйыл майда бюджетти кайра карап чыгууга аргасыз болгон. Ошол убакта парламентте бекитилген документке ылайык, мамлекеттик казынаны кирешеси 132,9 миллиард сом, чыгашасы 161,3 миллиард сом деп белгиленген. Башкача айтканда дефицит 28,4 млрд. сомду түзгөн.

Бирок соңку эсептерге ылайык, мына ошол төмөндөтүлгөн бюджеттин өзү да чогулушу кыйын болуп жатат. Жыл жыйынтыгында чогултулбай калган каражат 10-12 млрд. сомдун тегерегинде чыкса, анда тартыштык 40-45 млрд. сомдой болуп калчудай. Арийне, жыл башында эксперттер быйыл бюджет 70-80 млрд. сомдой жыйнай албай калышы мүмкүн экенин эскертишкен.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев кырдаал оор экенин белгилеп, тиешелүү органдарды максималдуу аракет менен чыгууга үндөдү:

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

«Өкмөттүн баштагы болжолуна ылайык, коронавирустун кесепети 1-июлда токтомок. 28 млрд. сомдук дефицит ошондон улам эсептелген. Бирок баарыбыз күбө болгондой, кырдаал жайда кайра күчөдү жана бир топ ишканалар өздөрүн жапканга өтүштү. Демек мурдагы болжол жаңылыштык болуп калат экен, бюджет 28-30 млрд. сомдун үстүнө дагы 10 млрд. сомдой кемиши мүмкүн. Ишкерлерде акча жоктугуна байланыштуу салык чогултуу кыйынга турат. Салыкчылар азыр үймө-үй кыдырып «салык төлөп койгула» деп кат менен кайрылып жатканын көрүп жатабыз. Салык жана бажы кызматтар эми мындан да өтө катуу иштеши керек болот».

Башка жагдай - түшпөй калган акчанын орду эмне менен жабылат? Буга өкмөт жазда эле жооп тапкан жана тартыштыкты сырттан алынган карыз менен толтурмак болгон.

Өкмөт коронавирус менен күрөшүүгө, экономиканы колдоого жана бюджеттин тартыштыгын жабууга чет жактан жалпысынан 742,9 млн. доллар жардам аларын билдирген. Июлдун аягына карата мунун 333,3 млн. доллары келип түштү.

Улуттук валютага салганда, суралган сумма 55-57 млрд. сом, колго тийгени 24-25 млрд. сомдой болуп жатат. Түшүнгөн кишиге, мунун баары казынанын жыртыгын толтурууга кирип кетчүдөй.

Ошондуктан айрымдар кирешени карыз менен жапкандын ордуна, чыгашаны кескин кыскартууну талап кылышууда. Коомдук ишмер Жаныбек Түлкүновдун пикирине орун берели.

Кыргыз акчасы. Иллюстрация.
Кыргыз акчасы. Иллюстрация.

«Ушундай кырдаалдан пайдаланып жогорку жетекчилик мамлекеттик бюрократиялык аппаратты, аткаминерлерди тоталдык кыскартууга барса болмок. Мына, Бишкектеги райондорду кошкондо бизде 44 район бар, демек 44 акимиат. Алардын ар биринде 100дөн адам иштейт дегенде деле төрт миңден ашык кызматкер. Алардын имаратына, маянасына жана башка нерселерине канчалаган сумма кетет? «Жеп-ичип» жаткандарын айтпай эле коелу. Мына ушуну жоюп салса, канча акча үнөмдөлөт? Мындан тышкары министрлик, агенттик, комитет жана кызматтарды кошкондо 40-50дөй мекеме чыгат. Аларды да кыскартса болот. Ушундай жол менен бюджеттин тартыштыгын жеңип чыкса болот», - деди ал.

2020-жылдын бюджетинде алгачкы пландоодо реалдуу секторго 37,8 млрд. сом (21,8%), мамлекеттик кызмат секторуна 45,5 млрд. сом (26,2%), социалдык секторго 90,4 млрд. сом каралган.

Бул эгер салык жана бажы төлөмү жетиштүү жыйналбаса маяналарды жана пенсия-жөлөкпулдарды өз убагында төлөөдө маселе жаралат деген сөз. Ал эми алардын көтөрүлүшү жөнүндө кеп кылуу азыр логикага сыйбайт.

Пандемия «Дордойдун» шайын оодарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:16 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG