Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:20

Кыргызстанда пенсия жашына келгендер көбөйдү


Буга чейин Кыргызстан демографиялык проблемага кабылган эмес. Чет жерге иш издеп кеткендер көбөйгөнү менен калктын саны көбөйүп, өмүр жашы узарып, өлүм-житим азайып келаткан. Ошентсе да жалпы дүйнөлүк карылык маселеси Кыргызстанды кыйгап өтпөгөнү байкалат.

Улуттар Уюмунун болжолунда, 2030-жылы Кыргызстан калкы карылык деңгээлине жетип калат. Башкача айтканда, 65 жаштан өткөн жарандардын жалпы калк санындагы үлүшү 7% чапчыйт. Азырынча бул көрсөткүч 4,9% чекте. Он жылда эле карылар саны көбөйүп кетишинин бир нече себеп-жөнү бар.

Ошол эле кезде эмгекке жарамдуу калктын үлүшү азайып, мындай жагдай келечекте бир топ экономикалык жана социалдык проблемаларды пайда кылганы турат.

Жаштарга артылчу жүк

Калктын картаюусу бир нече факторго байланыштуу.

Биринчиден, учурда эмгекке жарамдуу катмарга 1990-жылдары төрөлгөндөр кошула баштады, ал жылдары оорлошкон жашоо-турмуштун айынан наристелер аз төрөлгөн.

Экинчиден, 1950-жылдары жарык дүйнөгө келгендер жапырт пенсияга чыга баштады.

2015-жылдан тарта эмгекке жарамдуу калктын үлүшү 59,6% 57,4%га чейин түшүп кетти. Ошол эле учурда карылар саны 7%дан 8%ге чейин өстү.

Демографиялык мындай тенденция жаштардын жүгүн оорлотууда. Учурда иштеп, соцфондду төлөгөндөрдүн саны пенсионерлерден анча деле көп эмес. Социалдык фонддун маалыматы боюнча, фермерлер менен өз алдынча иштегендердин салымы өтө аз болгондуктан, бир пенсионерге 1,2 иштеген адам туура келет. Эл аралык эмгек уюмунун кеңеши боюнча, бир пенсионерге кеминде үчтөн кем эмес төлөмөр туура келиши керек.

«Мындай жагдайда пенсионерлерди багуу иштеп аткандар үчүн кыйла кыйналып калат», - деп белгилейт Соцфонд. Маалымат үчүн: пенсионерлердин 9% гана ишин улантууда.

Пенсия жетпейт

Калктын картаюусунун залакасын өлкөнүн бюджети эмитен эле тарта баштады. Соцфонд 2021-жылы 62,4 млрд. сом пенсия төлөп бериши керек. Антейин десе камсыздандыруу взностору кеткен чыгымдарды жаба албайт, ошондуктан өкмөт жетишпеген акчаны республикалык бюджеттен алууга мажбур. Эмдиги жылы бюджеттен пенсияга 24,1 млрд. сом которулат.

Иштеп аткандардын саны азайып, пенсияга чыккандардын көбөйүшү алдагыдай чыгымдарды көбөйтө бермекчи. Башкача айтканда, пенсия төлөөгө камсыздандыруу взностору жетпейт, бир бөлүгү бюджетке түшчү салыктардын эсебинен жабылат.

«Пенсионерлер жыл санап көбөйүүдө, бирок ошого жараша Соцфонддун кирешелери өскөн жок. Бир кезде биздин өлкөдө эч кимге жакпаган айласыз чараларга барууга туура келет», - деди парламент депутаты Дастан Бекешев.

Баары эле жаман эмес

Деген менен Кыргызстандын калкы табигый жол менен улам өсүп жатат. Эмгекке жарамдуу калктын кыйласы сыртка иш издеп кеткени менен элдин саны жыл санап көбөйүп баратат. 2019-жылы калк 2,1% өстү, дүйнөлүк чен-өлчөмдөн алганда бул жакшы көрсөткүч.

Кыргызстанда наристелер көп төрөлөт. Өлкөдө ар бир аялга орто эсеп менен 3,3 бала туура келет. Улуттук статистикалык комитеттен белгилешкендей, бул көрсөткүч 2,1 болгондо калк азайбай, саны өзгөрбөй тура берет. Андан көп болсо, калк көбөйө баштайт.

Улуттар уюму калктын өсүшүнүн негизги себеби балдардын көп төрөлүшүнө байланыштуу экенин белгилейт.

«Дүйнөлүк демографиянын келечеги: 2019-жылдын кайра каралган варианты» басылмасында айтылгандай, дүйнөдө 2019-жылы бир аялга 2,5 бала туура келсе, 2050-жылы ал 2,4кө чейин төмөндөйт.

Кыргызстан бир топ өлкөлөрдөн айырмаланып, балдардын төрөлүүсү жагынан дурус дегидей абалда, балдар төрөлүп, калк саны жыл санап арбып баратат.

Макаланын түп нускасы орус тилинде.

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG