Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Кыргызстан аймактын эң аз калктуу өлкөсү


Иллюстрация
Иллюстрация

БУУнун эсебинде 2050-жылга барып кыргызстандыктардын саны 7,5 миллионду түзөт. Бирок Кыргызстан Борбор Азиянын эң аз калктуу өлкөсү бойдон калат.

Тарыхка кайрылсак, советтик доордогу эл каттоо Кыргызстан аймагында 1 миллион адам жашаган алгачкы учур катары 1926-жылды көргөзгөн. Мындан 32 жылдан кийин 1958-жылы калк 2 миллионго жеткен. 1975-жылы 3 миллион 300 миң, 2000-жылы 4 миллион 900 миң, 2002-жылы августта 5 миллионунчу жаран төрөлдү деп жарыяланган. Эми 2015-жылдын 26-ноябры Кыргызстан калкы алты миллионго жеткен күн болуп калды.

Адатта өзүнүн отчетторунда эскиче эсептерди пайдаланган БУУнун болжолунда, 2025-жылы Кыргызстан калкы 6,5 миллионго, 2050-жылы 7,5 миллионго чаап барат.

2025-жылы 6,5 калктын 1,5 миллионунун жаш курагы 14кө чейинкилер, 4 миллионун 15-59 жашка чейинкилер түзөт.

Борбор Азиядагы демография

Түркмөнстандын калкы 1950-жылы, 1975-жылдары Кыргызстандан 0,5 миллионго, 2000-жылы 0,2 миллионго аз болуп, 4,73 миллионду түзгөн.

БУУнун болжолунда, 2025-жылы Түркмөнстандын калк 6, 5 миллионго, 2050-жылы 8,4 миллионго жакындайт. Бул 1950-жылы калкы Кыргызстандан жарым миллионго аз Түркмөнстанда 2050-жылы калкы Кыргызстандан 1 миллион ашуунга көп болот дегенди билдирет.

Тажикстанда калк 2025-жылы 8 миллионго, 2050-жылы 9 миллион 800 миңге жетет. Бирок Казакстан тескери тенденцияга кабылуусу күтүлөт.

2000-жылы Казакстан калкы 16,2 миллион эсептелсе, 2025-жылы 16,1 миллионго, 2050-жылы 15,3 миллионго түшөт.

Борбор Азиядан эң чоң өсүш, албетте, Өзбекстанда. БУУнун баяндамасында, 2000-жылкы 25 миллиондон Өзбекстан калкы 2025-жылы 34, 2 миллионго, 2050-жылы 40,5 миллионго жетери айтылат.

Дүйнөлүк тенденция

Дүйнө калкы 7 миллиардга жеткенин 2011-жылы октябрда жарыкка келген наристеден улам жарыяланган.

БУУнун болжолунда, 2025-жылы дүйнө калкы 8 миллиардга чаап барат, 2050-жылы 9 миллиарддан ашат.

Кытайдын жакында "бир бала" саясатынан толук баш тартуусу калк санын олуттуу өстүрбөйт.
Кытайдын жакында "бир бала" саясатынан толук баш тартуусу калк санын олуттуу өстүрбөйт.

Калк картайып баратканын жана башка социалдык-экономикалык факторлорду эске алып, жакында бир бала саясатынан толук баш тарткан Кытай 2025-жылга чейин дүйнөнүн эң калктуу өлкөсү бойдон кала берет, бирок 2050-жылга барып Кытайды Индия басып өтөт.

БУУнун эсебинде, 2050-жылы Кытайдын калкы 1,47 миллиардды түзсө, Индияныкы 1,57 миллиардга барат.

Эл саны 2050-жылга чейин Азияда, Африкада, Түштүк, Түндүк Америкада, Океаниада өсөт, жалгыз гана Европада азая берет.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG