Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

Алты миллионунчу наристе Ошто төрөлдү


Алты миллионунчу кыргызстандык кыздын энеси Рахат Белекова.
Алты миллионунчу кыргызстандык кыздын энеси Рахат Белекова.

Кыргызстанда алты миллионунчу наристе аскер адамынын үй-бүлөсүндө төрөлдү. Учурда бул үй-бүлө ымыркайга атты президент өзү коюп берсе деп үмүт кылышууда.

Кыргызстандын алты миллионунчу наристеси Ош облустук төрөт үйүндө 25-ноябрда саат 18:12де жарык дүйнөгө келди. Наристенин атасы - аскер кызматкери, Улуттук гвардиянын №703 аскер бөлүгүнүн командири, полковник Алмаз Кожошев. Ымыркайдын энеси 39 жаштагы Рахат Белекова азыр үй кожейкеси, мурун ал да аскер бөлүгүндө байланышчы болуп иштеген. Рахат бул жаңылык алар үчүн күтүүсүз болгонун айтып, эми ымыркайга ысымды президент Алмазбек Атамбаев өзү коюп беришин суранууда.

- Азыр кызыма ат кое элекпиз. Балдарым коелу деп атышат. Бирок алты миллионунчу болуп табылгандан кийин өлкө башчыбыз өзү коюп беришин каалап жатабыз. Жолдошум аскер кызматкери. Мурда чек ара кызматында иштечү. Азыр Улуттук гвардияда иштейт. Мурда мен да байланышчы болуп иштегенмин. Азыр үйдөмүн. Аскер кызматкери катары кызматтык батирде турабыз.

Белекова: Кызыбызга президент ысым ыйгарса
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

Кече Ош облустук төрөт үйүндө алты миллиончу наристе менен бир күндө 20 наристе жарык дүйнөгө келген. Алты миллионунчу наристени төрөткөн киндик эне Сүйүмкан Бекмуратова ымыркайдын апасын мыкты аял экен деп мактады.

- Алты миллионунчу кыз бул үй-бүлөдө да алтынчы болуп төрөлдү. Бул үй-бүлөнүн үч уул, эки кызы бар экен. Наристенин энеси Рахат Белекбаева даанышман, акылдуу, энелик, аялдык мээрими ашып-ташкан аял экен. Ал “Мага кудай канча бала берсе, баарын төрөп атам” дейт. Эң улуу кызы 19 жашта экен. Мен аны укалап отурсам “Эже менин жанымдан кетпеңизчи, сиздин мамилеңиз мага абдан жагып жатат” дегени көңүлүмдү көтөрдү. Төрөт жакшы өттү. Азыр өзү да жакшы, эч кандай кошумча жардам берген жокпуз. Наристе жеңил төрөлдү.

Алты миллионунчу Кыргызстандыкты аныктоо үчүн өкмөт атайын комиссия түзгөн болчу. Ош облустук төрөт үйүнүн жетекчиси Гүлбара Кенжебаева дал ушул аскер кызматкеринин үй-бүлөсү комиссия койгон талаптарга төп келгенин айтат.

- Алты миллионунчу жаранды тандоо абдан эле кыйынга турду болуш керек. Өкмөтүбүздө бул боюнча атайын комиссия түзүлгөн болчу. Анда атайын жобо, талап болгон. Күйөөсүнүн, өзүнүн турмуштагы абалы, кандай кызматты аткарары, үлгүлүү үй-бүлө болуусу керек деген сыяктуу талаптар бар эле. Ошол талаптарга жооп берген үчүн ушул наристебиз алты миллионунчу болуп табылды деп ойлойм.

Аскер кызматында иштеп, кызматтык үйдө жашап, алтын миллионунчу кыргызстандыкты төрөгөн үй-бүлөгө президент Алмазбек Атамбаев турак жай, наристенин атына бир миллион сомдук депозиттик эсеп ачуу, ошондой эле алты миллионунчу кыргызстандык менен бир мезгилде төрөлгөн 10 ымыркайдын үй-бүлөсүнө да бир жолку материалдык жардам иретинде 100 миң сомдон бөлүп берүүнү өкмөткө тапшырды. Алты миллиончу наристенин төрөлүшүнүн урматына Ала-Тоо аянтында концерт болот. Өкмөттүн маалыматында, ага Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышат.

- Кыз эң биринчиден – эне. Кыргызда жакшы сөз бар, “жакшы кыз келин болот, жакшы келин жеңе болот, жакшы жеңе эне болот” дейт. Кызыбыз чоңоюп, Кыргызстандын энеси болсун, - деди өкмөт башчы Темир Сариев. Сариев наристенин төрөлүшүн президентке өзү кабарлаган:

Ош шаардык мэриясы да аталган үй-бүлөнүн муктаждыктарын иликтеп көрүп, ошого жараша белек жасоону пландап жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстан боюнча кечээ кечки мезгилден тарта бүгүн эртең мененки алтыга чейин 122 ымыркай төрөлгөн. Алардын 67си уул, 55и кыз бала.

Өлкөнүн 4 миллионунчу жараны мындан 30 жыл мурда, 5 миллионунчу жараны 13 жыл мурда төрөлгөн. Өлкөдө күн сайын орто эсеп менен 250 бала төрөлөт.

XS
SM
MD
LG