Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 19:19

Казынанын капшыты бөксөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жыл мурдагы божомолдордон кыйла оор болчудай болуп калды.

Жазында өкмөт бюджет тартыштыгы мурдагы болжолдон кыйла көп болорун билдирип, аны 7,9 млрд сомдон 27,7 млрд сомго чейин көтөргөн. Бул өлкө эгемендикке жеткенден берки рекорддук таңкыстык болмок.

А бирок апааттын залакасы, ага кошулуп өлкөнү өрлөп кеткен башаламандык бюджеттин божомолун дагы бир ирет өзгөртүүгө мажбурлоодо. Финансы министрлиги эми бюджет тартыштыгы 34 миллиард сомдун тегерегинде болорун күтүп отурат.

Акча жок. Казына бош

Мекеме кайрадан каралган бюджетти азырынча өкмөткө сунуш кыла элек. Министрликтин жаңы жетекчиси Кыялбек Мукашев «Азаттык» радиосуна айрым сандар менен пландарын айтып берди.

Анын билдирүүсүнө караганда, быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында бажы мурда белгиленген пландагы тогуз миллиард сомду чогулта албады. Салыкчылар бир миллиард сомду кем чогултушту. Республикалык бюджеттин чыгашасын жабыш үчүн жыл аягына чейин 57 миллиард сом чогултулушу керек эле, бирок 15 миллиард сом аз түшкөнү турат.

«Азыр биз ички булактарды караштырып, каражаттарды кайсы жерден тапсак деп ойлонуп отурабыз. Корголгон беренелер толугу менен каржыланат. Айлык-маяна, жөлөкпул менен пенсия убагында төлөнөт. Социалдык милдеттенмелерибиз толугу менен аткарылат деп кепилдик бере алам», - деди Мукашев.

Аткарылбас бюджет

2020-жылдын республикалык бюджети өткөн жылдын соңунда кабыл алынган. Анда бюджеттин киреше бөлүгү 163 млрд. сомду, чыгашалар - 171 млрд. сомду түзүшү керек эле. Жетишпестик - 7,9 млрд. сомдо калмак.

Жазында коронавирус апааты күчөп баратканда өкмөт мурдагы болжолун кайра карап, кыйла өзгөртүп жаңы бюджет кабыл алган. Ага ылайык, бюджет тартыштыгы 2020-жылы ашып барса 27,7 млрд. сом болору белгиленген.

Эми тогуз айдын жыйынтыгында Финансы министрлиги 2020-жылдын бюджетин кайра карап чыгууну туура көрүүдө, буга чейинки белгиленген көрсөткүчтөрдү кармап туруу мүмкүн болбой калды.

Чыгашалар мурдагы эле калыбында 171 млрд. сом боюнча калат, ал эми кирешелер 136 млрд. сомго түшөт. Ортодогу жетишпестик 34 млрд. сомдон ашуун, бул болсо ички дүң өнүмдүн 5% барабар.

Ага карабастан финансы министри Кыялбек Мукашев абалды «мындай жетишпестиктин ички каржылоо булактары бар» деп жайгарып жатат.

Эки ай илгери мурдагы финансы министри Бактыгүл Жээнбаева «Азаттыкка» болгон төлөмдөрдүн баарын ишке ашырыш үчүн өкмөт айласыз сырттан жардам алууга мажбур болоорун, андан башка жолу жок экенин айткан эле.

Мурдагы финансы министри Бактыгүл Жээнбаева.
Мурдагы финансы министри Бактыгүл Жээнбаева.

«Жагдайды мындай деп салыштырса болот. Сиз ооруп калдыңыз дейли, тумчуланып үйдө жатасыз. Эмне кылыш керек? Кошунадан карыз алып, ага дары-дармек сатып келип эртерээк сакайып, ишке киришүү керек го. Иштеп акча таап, кошунанын карызынан кутулуп анан өзүңө иштешиң зарыл. Болбосо «оорудум» деп үйдө жата берсең, анын канчага созуларын, натыйжасы кандай болорун өзүң да билбейсиң», - деген Жээнбаева.

Финансы министрлигинин азыркы жетекчиси Кыялбек Мукашевдин айтымында, Бишкек Орусия убада берген 100 млн. долларды күтүп жатат, ал боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.

«Каражатты жыл аягына чейин алып калабыз деген үмүтүбүз бар», - дейт Мукашев.

А бирок орусиялык маалымат каражаттары өлкөдөгү туруксуз саясий жагдайдан улам Орусия Кыргызстанга берчү жардамдарын токтотконун жарыя кылышты.

Өткөн жумада тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бюджетти толтурууга Европа Биримдигинен жардам сурады.

Эми эмне болот?

Финансы министринин башчысы жетишпестикти жабыш үчүн ички булактар жетиштүү экенин айтууда. Зарыл болсо, капиталдык салымдар менен башка корголбогон беренелерге сарпталчу каражаттар кыскартыларын билдирди.

Министр жагдайдан улам мамлекеттик баалуу кагаздар арбын чыгарылбай турганын ырастады.

2020-жылдын бекитилген бюджети боюнча мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан 15 миллиард сом түшөрү пландалган, азыркы күнгө чейин облигациялар 7,5 миллиард сомго гана сатылды.

«Өкмөт каалайбы-каалабайбы, секвестр кылат болуш керек, бул болсо чыгымдарды азайтуу. Адатта муну корголбогон беренелерден - капиталдык чыгымдар менен каржылоого кеткен чыгымдарынан башташат. Аны менен катар өкмөт Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ээлигиндеги мүлк менен акцияларды сатышы мүмкүн. Жалпысынан жагдай аябай эле оор, мындайда бийлик бутактары бир мунасага келиши абзел», - дейт экономист Нургүл Акимова.

Жетишпестикти жоюунун дагы бир варианты - президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров жарыя кылган экономикалык мунапыс.

Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду «абакка отургузбай, акча өндүрүп алууну өзүм чечтим, жемкорлордун алган акчасын өндүрөбүз» деп жарыялады.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров.
Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров.

«Коомчулук талап кылса аны азыр эле кайра отургузуп койсо болот. Бирок андан кандай пайда? А көрөкчө бюджетке акчаны кайтарбайлыбы», - деп билдирди Садыр Жапаров.

Ага улай айлык маяна, жөлөкпул, пенсияларды төлөш керек экенин эске салды.

Учурда кыргыз коомчулугу «Мунапыс берүү менен мамлекеттин каржылык мүмкүнчүлүгү канчалык жакшырышы мүмкүн?» деген суроону талкуулап жаткан чагы.

Экономикалык мунапыс эмне берет? «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасы. 22-октябрь, 2020-жыл.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG