Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Жапаровдун өкмөтүндөгү эски-жаңы жүздөр


Солдон оңго: Аида Исмаилова, Артем Новиков, Садыр Жапаров, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов
Солдон оңго: Аида Исмаилова, Артем Новиков, Садыр Жапаров, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов

Кыргызстан 6-октябрдагы окуялардан соң укуктук жолго түшүп, Жогорку Кеңеш Садыр Жапаров жетектеген өкмөт курамын бекитти. Анын курамына кимдер кирди?

Бул өкмөт учурдагы олку-солку саясий кырдаалда компромисстик чечим катары каралды.

Бир апта мурун абактан бошотулган Садыр Жапаров акыркы абалды эске алуу менен өкмөттүн түзүмү жана программасы өзгөрүүсүз калганын билдирди:

«Өкмөттүн курамы эртең менен шашылыш түзүлдү. Бир-эки ай ичинде кайра карап чыгып, бардык тармактарга өзгөртүү киргизебиз. Сөзсүз түрдө аялдарды кошобуз. 30% аял болушу керек. Анан жаштардан тартабыз. Аны карайбыз. Өзүңөр көрүп атасыңар, акыбал ушундай болуп турат. Мага «парламенттин кезексиз жыйыны болот» деп түнкү саат 12-1де айтышты. Аппарат 8:00дө ишке чыкты», - деди Жапаров.

Бирок башкы аткаруу органынын курамында бир катар өзгөрүүлөр орун алды. Кыргызстандын 29 жылдык эгемен тарыхындагы 31-өкмөттүн курамына кимдер кирди?

Абактан өкмөттүн башына келген Жапаров

Премьер-министр Садыр Жапаров соңку апталардагы окуялардын башкы каармандарынын бирине айланды.

Cадыр Жапаров
Cадыр Жапаров

51 жаштагы Жапаров Ысык-Көлдүн Түп районунда туулган. Алгачкы кесиби боюнча дене тарбия мугалими болгон Садыр Жапаров 2005-жылга чейин жеке ишкерлик менен алектенген. Ал 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлануу менен саясатка аралашкан.

Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда бир катар жетекчилик кызматтарда иштеген. Маселен, 2006-жылы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөсү, 2007-жылы Мунапыс берүү боюнча комиссиянын жетекчисинин орун басары, 2008-2010-жылдары Жемкордуктун алдын алуу улуттук агенттигинин комиссары болуп иштеген.

2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин Жогорку Кеңешке “Ата-Журт” партиясы менен депутат болуп келген.

2012-жылы «Кумтөр» алтын кен долбоорун мамлекеттин карамагына алууну талап кылган митинг уюштуруп, анда да тополоң чыгып, ал депутаттар Камчыбек Ташиев жана Талантбек Мамытов менен чогуу кармалып, камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 2013-жылы бир жарым жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарып, кийин шаардык сот актаган.

Ошол эле жылы Садыр Жапаров Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга тиешеси бар деп айыпталып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов сот залында, 2013-жыл, 10-январь
Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов сот залында, 2013-жыл, 10-январь

Жапаров ошол бойдон 2017-жылы мартта Кыргызстанга кайтып келерин, аны миңдеген тарапташтары тосуп аларын айтып, алдын ала жарыялаган. Бирок күч түзүмдөрү анын өзүн аба майданынан кармап, тарапташтары чогулган митингде ызы-чуу болуп, бир топ активисттер камакка алынган.

2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл, алты айга түрмөгө кесилген. Былтыр апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин айткан. Ал 3-мартта, башаламандык менен коштолгон митингдин эртеси Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, «бардык маселелер укуктук талаада чечилет, ультиматум тили кабыл алынбайт» деп билдирген.

Садыр Жапаров 2008-жылы Каркыра жайлоосунун жерин Казакстанга берүүгө каршы ошол кездеги оппозициянын Ысык-Көлдөгү митингин үзгүлтүккө учуратып, саясатчыларды жумуртка менен урган акцияны уюштурганы айтылып келет. Кийин Жапаров китеп жазып, анда бул окуяга тиешеси жок экенин камтыган жайы бар.

Кыргызстандагы 6-октябрдагы окуялардан соң тарапкерлери абактан бошоткон Жапаров дароо эле сотко кайрылып, ага козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөнү белгилүү болду. Акыркы бир жума аралыгында эки жолу парламент депутаттарынын бир бөлүгү Садыр Жапаровду премьерликке көрсөтүп, 14-октябрда гана толук кандуу бекитилди.

Өкмөттөн кетпеген Новиков

Жапаровдун өкмөтүндө биринчи вице-премьер-министрлик кызмат Артем Новиковго тийди. 33 жаштагы Новиков акыркы жети-сегиз жылдан бери кыргыз өкмөтүндө ар кыл кызматтарды ээлеп келет.

Өмүрбек Бабанов жана Аалы Карашев вице-премьер болуп турганда экөөнө тең кеңешчи болгон. Кийинчерээк мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратында экономика бөлүмүн жетектеп, 2017-жылы Сапар Исаков өкмөт башына келгенде Экономика министрлигин башкарууга киришкен.

Артем Новиков
Артем Новиков

Бул маанилүү кызматта Новиковдун өтө жигердүү ишмердиги деле байкалган эмес.

Ал Кыргызстан менен Казакстандын “соода согушу” курчуган учурда жетишүү чараларды көрбөгөнү үчүн сөгүш алган жайы бар.

Кыргыз тилин үч айда үйрөнүүгө убада берип, бул үчүн бюджеттен атайын каражат бөлүнгөнү да журналисттерге белгилүү болгон эле.

Министрликтен кеткен соң Новиков өкмөттөн алыстабай быйыл жыл башында экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин экономика маселелери боюнча кеңешчилигине дайындалган.

Жапаровдун өкмөтүндө Артем Новиков экономика тармагын, ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыкка жооптуу болору белгилүү болду.

Ал парламентте сүйлөп жатып пандемиялык кырдаалда бизнеске көмөк көрсөтүүнү башкы милдети катары атады:

“Мен биринчи вице-премьер катары экономикалык блокко жооп берем. Азыр аябай оор экономикалык абал жаралды. Бюджеттин дефицити, акыркы окуялар, пандемия биздин ишкерлер, экономикалык субъекттерге терс таасирин тийгизди. Биздин башкы милдетибиз ишкерлерди колдоп, аларга жеке менчигин коргоого кепилдик берүү, инвестиция тартуу болуп турат".

Дагы бир жагдай, Кыргызстандын ар бир өкмөтүндө сөзсүз түрдө орус улутундагы мүчө болуп келген. Мындай эреже Жапаровдун өкмөтүндө да сакталды.

“Чоң Казаттын” лидери вице-премьер болду

Жапаровдун кабинетиндеги вице-премьер-министрдин бири - “Чоң Казат” партиясынын лидери Максат Мамытканов.

49 жаштагы Мамытканов 2007-жылга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте эмгектенген. Бир учурда атайын кызматтын экономикалык чалгын башкармалыгында жетекчилик кызматта иштегени жөнүндө маалымат бар. Анын атайын кызматтан эмне себеп менен кеткени белгисиз. Бирок кийинки жылдары Мамытканов жергиликтүү маалымат каражаттарында экономика жана саясат багытында эксперттик пикирлерин байма-бай айтып, көбүнесе бийликти сындап келет.

Максат Мамытканов
Максат Мамытканов

Быйыл июнь айынын башында Мамытканов алгачкылардан болуп «Чоң Казат» шайлоого катышарын жарыялаган. 4-октябрдагы шайлоодон соң Максат Мамытканов нааразылык акцияларына чыгып, Жапаровду колдогон.

“Мекенчилден” өкмөт келген Равшан Сабиров

Кыргыз өкмөтүндөгү дагы бир вице-премьерликке Равшан Сабиров келди. 50 жаштагы Сабиров Кыргызстандагы тажик диаспорасынын башчысы. Ал 2010-жылы “Ата Мекен” партиясынан парламент депутаттыгына шайланган.

Равшан Сабиров
Равшан Сабиров

Аз өтпөй бул партиянын сунушу менен социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган.

Бирок 2012-жылы Сабиров чет өлкөгө бала асыроого уруксат берүүдөгү коррупцияга шек саналып камакка алынган. Сот аны беш жылга кесип, абакта эки жыл жазасын өтөгөн соң эркиндикке чыккан.

Кийин соттолгону алынып, 2015-жылы “Азаттык”, 2020-жылы “Мекенчил” партиясынын тизмесинен парламент депутаттыгына ат салышкан.

Жапаровдун тарапкери аппаратын башкарат

Садыр Жапаров өз аппаратынын башчылыгына Бакыт Аманбаевди сунуштады. Аманбаев бир топ жыл Кыргызстандагы маалымат каражаттарында иштеген. Анын ичинде “Азаттык” радиосунда кабарчы, Коомдук телеканалдын рекламалык бөлүмүндө, “Саясат пресс” гезитинин редактору болгон.

2010-жылдагы Апрель окуясынан соң Ош шаарынын вице-мэрлигин аркалаган.

Бакыт Аманбаев
Бакыт Аманбаев

2013-жылы Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына шайланган. Бир жарым жыл бул кызматта иштеп, парламент анын отчетун канааттандырбагандан кийин жумуштан кеткен. Ал учурда Аманбаев бийлик ага карата саясий чабуул жасап жатканын айтып президенттин бул ишке кийлигишүүсүн суранган жайы бар.

Андан бери Бакыт Аманбаев Садыр Жапаровдун таламын талашып, маалымат каражаттарына маектерди куруп келген.

Быйылкы парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясынын тизмесинен талапкер болгон.

“Биримдиктин” талапкерлери өз ордунда калды

Өз кызматын сактап калган жалгыз вице-премьер Аида Исмаилова болду. 2015-жылы “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутаттыкка келген Исмаилова быйыл апрелде вице-премьер-министр кызматына дайындалган. Анын негизги милдети катары коронавирус пандемиясына каршы өкмөттүн ишин уюштуруу болчу.

Аида Исмаилова
Аида Исмаилова

Бул кызматты төрт ай аркалаган Аида Исмаилова быйыл сентябрь айында бийликчил “Биримдик” партиясынан талапкер катары парламенттик шайлоого катышарын жарыя кылган. Пандемия курчуп турганда Исмаилованын мындай кадамы коомчулуктун сынына кабылган болчу.

Аида Исмаилованын бул кызматта калышына нааразы болуп бир катар уюмдар билдирүү таратты.

“Биримдик” партиясынан талапкер болуп өкмөттүн курамына киргендердин бири социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров. Ал акыркы шайлоого бийликчил партиянын башкы сабында аттанган. Атүгүл кампаниянын алкагындагы дебатта “Биримдиктин” лидери катары катышкан.

Улукбек Кочкоров
Улукбек Кочкоров

Мына ушул дебаттын жүрүшүндө Садыр Жапаров абактан сот чечими менен гана чыгышы керектигин айтып, “Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан.

“Биримдик” партиясынын дагы бир талапкери Бакыт Бердалиев транспорт, жол министри болуп дайындалды. 42 жаштагы Бердалиев буга чейин өкмөттүн аппаратында бөлүм башчы, транспорт министринин орун басары болуп эмгектенген.

ТИМге кайтып барган Казакбаев

Тышкы иштер министрлигинин башына “Республика” партиясынын лидерлеринин бири Руслан Казакбаев келди.

53 жаштагы Казакбаев дипломатиялык кызматта көп жыл эмгектенген. Ал 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийинки техникалык өкмөттө тышкы иштер министри болуп иштеген.

Акыркы жети-сегиз жылда мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири катары “Республика” партиясында жүрдү.

Руслан Казакбаев
Руслан Казакбаев

9-октябрдагы Садыр Жапаровго каршы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери уюштурган Бишкектеги митингге да катышкан.

Руслан Казакбаевдин министрликке барышы 13-октябрда Өмүрбек Бабанов менен Садыр Жапаровдун жолугушуусунун жыйынтыгы катары сыпатталып жатат.

Артында кеп ээрчиген Ниязбеков

Ал эми ички иштер министри кызматына дайындалган Улан Ниязбеков Садыр Жапаров дайындаган алгачкы кадрлардын бири болду. Тагыраагы, парламенттеги депутаттар тобу 10-октябрда Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлары менен, ал ошол эле күнү дароо ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып Улан Ниязбековду дайындоо тууралуу буйрук чыгарган. Расмий маалыматтар боюнча, 45 жаштагы Ниязбековдун кесиби - юрист.

Күч структураларында 1998-жылдан бери иштеп келет. Алгач Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун Финансы полициясынын ыкчам кызматкери, андан кийин Чүй жана Талас дубандарында Финансы полициясынын бөлүм башчысы болгон.

2008-жылдан тартып Баткен облусунун жана Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыктарында эмгектенген. 2010-жылы министрдин жардамчысы, 2011-жылдан баштап ИИМдин Каржы-чарба башкы башкармалыгынын башчысы болгон. Министрлик кызматка дайындалганга чейин ИИМдин 7-башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

Анткен менен Улан Ниязбековдун ысымы бир нече чуулуу иштерге байланышканы боюнча Интернетте бир нече маалымат жарыяланган. Анын ичинде социалдык тармактардын бир катар колдонуучулары, катар журналисттер да ички иштер министринин милдетин аткаруучу Улан Ниязбековду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырып жатышат.

Буга оро-пара Матраимовдун буйругу менен камалганын айтып келген бажынын экс-кызматкери Эмилбек Кимсанов менен Улан Ниязбеков деп аталып жаткан кишинин сүйлөшүүсү жазылган видео себеп болгон эле.

Видеодо Кимсанов ага козголгон жасалма кылмыш ишти жоюу үчүн Матраимовдун атынан ага ИИМдин 7-бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Ниязбеков чалып жатканын айтып, сөз баштайт. Сүйлөшүү учурунда телефондун ары жагындагы Улан Ниязбеков деп белгиленген киши «Кимсанов абакка түшүп, кечирим сураса, кайра бошотууга убада бере турганын» билдирет.

14-октябрда өкмөттүн курамы каралып жаткан учурда Улан Ниязбеков «Азаттыкка» комментарий берип, Матраимовдорго байланышы жана Кимсанов менен сүйлөшүүсү жөнүндө айтты:

«Бул иштер боюнча маалыматым жок. Менден башка дагы Улан дегендер болгондур. Мен жумушка кирсем, аны тактап көрөм. Тергөө кызматында ошол убакта массалык маалымат каражаттары аркылуу билгем, кылмыш иши бар экенин, издөөдө жүргөнүн. Муну дыкаттык менен териштирип көрөбүз. Бүгүнкү күндө Кимсанов бош жүрөт. Мурунку арыз жазган тарап, тосмо арыз берген, кылмыш иши токтотулуптур. Райымбек Матраимов менен тааныштыгым жок. Мен 1998-жылдан баштап опер кызматкерден, чарба жана башка бөлүмдөрдө иштегем. Сырттан келген балдардан эмеспиз, ошол жерде эмгегибиз бар, биз дагы көптөгөн жумуштарды жасаганбыз», - деди Ниязбеков.

«Жаштар квотасы» менен кызматка отургандар

Бул жолку өкмөттө Билим берүү жана илим министрлигине Алмаз Бейшеналиев, маданият, маалымат жана туризм министри болуп Нуржигит Кадырбеков дайындалды.

43 жаштагы Кадырбеков буга аталган министрликте маалымат саясатын тескеген орун басар болуп эмгектенип келген. Билими боюнча журналист Кадырбеков бир топ жыл Тышкы иштер министрлигинде, президенттик аппаратта эмгектенген. Президенттин алдындагы «Ыйман» фондун да жетектеген.

Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

Быйылкы шайлоого «Ыйман Нуру» партиясын жетектеп барган болчу. 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон күчтөрдүн арасында да аталган партия бар болчу.

39 жаштагы Алмазбек Бейшеналиев болсо кесиби боюнча англис тили мугалими. Германиядан билим алып, Кыргызстан, Польша жана АКШдагы билим берүү мекемелеринде эмгектенген. АКШдагы Жон Хопкинс университетинде чакыртылган профессор катары лекция окуган. Мамлекеттик кызматка 2017-жылы келип, Сапар Исаковдун өкмөтүнүн аппаратында билим берүү бөлүмүн жетектеген. Кийинчерээк билим берүү министринин орун басары болуп иштеген.

Соңку учурда Бишкекте жайгашкан Борбор Азия регионалдык институтунун директору болуп иштеп жаткан.

Жапаров алып келген «жаңы адамдар»

Садыр Жапаров башкарган өкмөттүн курамына буга чейин коомчулукка белгисиз бир нече адам министрликке дайындалды. Алар финансы министри Кыялбек Мукашев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Саламаттык сактоо министрилигине дайындалган Алымкадыр Бейшеналиев.

60 жаштагы Алымкадыр Бейшеналиев хирург, медицина илимдеринин доктору. Иса Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын жалпы хирургия кафедрасынын башчысы болуп эмгенип келген.

Ачык булактардагы маалымат боюнча, Бейшеналиев «Ак Шумкар» партиясынын мүчөсү катары 2010-жылга чейин оппозициянын акциялары, шайлоого катышып турган.

Ал эми Кыялбек Мукашев жөнүндө ачык булактарда маалымат аз. 48 жаштагы Мукашев 2009-жылы өкмөт аппаратындагы социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчылыгын аркалаган. Акыркы жылдары Финансы министрлигинде экономика тармагын каржылоону пландоо бөлүмүнүн директору болуп эмгектенген.

6-октябрдагы окуялардан соң аталган министрликтин жамаатынын бир бөлүгү мурдагы министр Бактыгүл Жээнбаевага каршы чыгып, Мукашевди министрликке талапкер катары көрсөткөн.

Өзгөчө кырдаалдар министри болгон Бообек Ажикеев буга чейин Садыр Жапаровдун тарапкери катары белгилүү. Ал 2011-жылы «Ата Журт» партиясынан президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин Ош шаарындагы координатору болгон. Ал убагында ошол кездеги Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылып, акцияларды уюштурган.

Мурдагы өкмөттөн кимдер калды?

Булардан башка мурдагы өкмөттө иштеген экономика министри Санжар Мукамбетов, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Эркинбек Чодуев, юстиция министри Марат Жаманкулов, Маалыматтык технологиялар комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов өз кызматын сактап калды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG