Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

Баш мыйзамга дал келбеген жаңы сунуш


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш тарабынан премьер-министрликке бекиген Садыр Жапаровдун шайлоо боюнча пикири талкуу жарата баштады.

Жыйын учурунда депутат Алтынбек Сулаймановдун «шайлоонун мөөнөтүн узарталы деген оюңуз барбы?» деген суроосуна Садыр Жапаров мындай деп жооп берген:

«Эми бир аз узарышы мүмкүн. Парламент менен кеңешип туруп чечели деп жатпаймынбы. Эл бир мандаттуу шайлоо системасын талап кылып жатат. Ал эми парламент, саясий күчтөр кайра өткөрөлү деп жатат. Ошон үчүн мунасага келип туруп чечели».

Алтынбек Сулайманов маселе партиялык системада эместигин айтып, шайлоодо административдик ресурс, добуш сатып алуу жана №2 форма менен шайлоочулардын дарегин өзгөртүү болбосо, бүгүнкүдөй көйгөй жаралбай турганына токтолду.

«Бул менин жеке позициям эмес. Бизде парламенттик башкаруу. Бүгүнкү күндө иштеп жаткан Конституцияда ушундай жазылган. Шайлоонун мөөнөтүн узартууга Жогорку Кеңештин, президенттин да укугу жок. Мыйзамдан эч ким четтей албайт».

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун айткандарына Садыр Жапаров кыска гана «кеңешип чечели» деп жооп кайтарды.

Шайлоонун талашка түшкөн тагдыры

Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдын 6-октябрында №249 токтому менен 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапты.

Эгер шайлоо жараксыз же болбой калды деп табылса, анда шайлоонун мөөнөтү бир ай ичинде БШК тарабынан дайындалышы керек. Бул мекеме 7-октябрда Жогорку Кеңешке кайрылып, кыска мөөнөттө парламентке өтүүнүн шайлоо босогосун жана шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн ылдыйлатуу, шайлоо дарегин өзгөртүү укугун колдонуу тартибин өзгөртүү жана иш-аракеттери шайлоо жыйынтыгын жараксыз деп таанууга алып келген саясый партиялардын кайра шайлоого катышуусун мыйзамдык жөнгө салуу маселелерин карап берүүнү өтүндү.

БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча айтылган сөздөргө мындай деп жооп берди:

Кайрат Осмоналиев
Кайрат Осмоналиев

«Садыр Жапаров өзүнүн оюн айта берсин. Шайлоону уюштуруу милдети Борбордук шайлоо комиссиясына жүктөлгөн. Өкмөт же парламент кийлигише албайт. Алар болгону көмөк көрсөтүшү керек. 38-берененин негизинде, биз өзүбүз бир айдын ичинде шайлоонун мөөнөтүн жарыялайбыз. БШК келе жаткан жуманын ичинде азыркы кырдаалды эске алуу менен шайлоо боюнча чечимин чыгарат. Менин оюмча, парламенттик шайлоо декабрь айынын 20ларында өтүп калышы мүмкүн».

Садыр Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандагы азыркы кырдаал партиялык система менен болгон шайлоонун негизинде келип чыкканын жүйө келтирип, бир мандаттуу парламентти сунуш кылып жатканын билдирди.

Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып президенттик башкарууну сунуштай турганын жана курултай системасын киргизүү ою бар экенин билдирди.

Саясат талдоочу Эмил Жороев аткаруу бийлигинин укуктарын эске салып жатат.

Эмил Жороев
Эмил Жороев

«Садыр Жапаровдун сөздөрүнө кескин түрдө каршымын. Ал парламенттик системаны өзгөртүүгө белсенип жатат. Бирок референдум өткөрүүгө премьер-министрдин такыр тиешеси жок. Эгер Садыр Жапаров утурумдук президент болуп кала турган болсо деле ушул көрүнүш. Президент да референдум өткөрө албайт. Бул бийликти узурпациялоого тете. Референдум шайлоочулар же парламент тарабынан демилгеленет. Жогорку Кеңеш болсо кворум чогулта албай отурат».

Партиялык тизме менен шайлоо системасы соңку жылдары сынга кабылып келет. Буга каршы чыккандар шайлоочулар добуш берүүгө катышканы менен тандоо укугунан ажыраганын мисалы катары келтирип жатышат. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары электрондук добуш берүү аркылуу преференциалдык шайлоо системасын ишке ашырууга аракет кылышкан. Демилгенин түпкү маңызы - шайлоочу партияга добуш берүү аркылуу ал партиянын ичиндеги адамдарды да тандаганга шарт түзүү болгон. Бирок бул мыйзам долбоору парламенттен колдоо тапкан эмес.

2005-жылы бир мандаттуу шайлоо системасы менен, 2010-жылы болсо партиялык тизме аркылуу Жогорку Кеңешке шайланып келген Кубанычбек Исабеков мындай деген пикирди карманып турат:

Кубанычбек Исабеков
Кубанычбек Исабеков

«Азыркы шайлоо системасы менен элдин кызыкчылыгы унутта калып жатат. Кээ бир райондордон бир дагы депутат жок. Партиянын лидерлери болсо чөнтөгүн акчага толтуруп жатат. Ошондой эле иштебей жаткан депутаттарды кайра чакырып алуу механизми жок. Азыркы депутат шайлоочуларга отчет бербейт. Биз партиялык системага даяр эмес болчубуз. Бирок бир мандаттуу парламентке кыска аралыкта кайтуу мүмкүн эместей. Бери дегенде үч-төрт ай керек болот. Ага чейин азыркы парламент менен иштегенге эч ким макул болбойт».

Кыргызстанда бир мандаттуу парламент соңку жолу 2005-жылы шайланган. Ал учурда депутаттардын саны 75 болчу. Мындан тышкары азыркыдай жаштарга, аялдарга жана башка улуттарга деген квота жок эле. Кийин 2010-жылдагы референдумдан кийин депутаттардын саны 120га көбөйгөн.

4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясы менен катышкан Жодар Сайдилкан «Фейсбуктагы» баракчасына бир мандаттуу шайлоо системасы боюнча мындай деген пикир жарыялаган:

«"Партиялык шайлоо жарабайт экен, жалгыз мандаттык шайлоого кайтабыз" деген Садыр Жапаровду тааныгандар болсо көрсөтүп коюңуздар. Жалгыз мандаттуу шайлоо, бизди феодализмге, колот-колот, өрөөн-өрөөн болуп согушмайга алып барат. Дүйнөнүн өнүккөн 46 өлкөсүнүн экөө гана президенттик башкарууда. Калган 44ү парламенттик башкарууда. Партиялык шайлоо системасы бүгүнкүдөй болбой, элге иштесин. Парламенттин кадыры көтөрүлсүн деп ойлосо, тарыхта калчудай абдан сонун мүмкүнчүлүк турат. Бул болсо преференциалдык шайлоо системасын киргизүү менен ишке ашмакчы. Шайлоочу адегенде бир партияга, андан кийин ал партия ичиндеги белгилүү талапкерге добуш берет. Мен бул ыкманы киргизбесеңер төңкөрүш болот деп учурунда Атамбаевди да, Жээнбековду да көндүргөнгө аракет кылгам. Экөө тең укпады, бүгүн ошонун кесепетин көрүп жатышат»

4-октябрдагы парламенттик шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өткөн. Бирок добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG