Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Тогуз айда бюджеттеги таңкыстык 15,1 миллиард сомду түздү


Финансы министрлиги.
Финансы министрлиги.

2020-жылдын январь-сентябрь айларына карата Кыргызстандын республикалык бюджетинин кирешеси 89,8 миллиард сомду, чыгашасы 104,9 миллиард сомду түздү. Бюджет таңкыстыгы 15,1 миллиард сом болгонун Финансы министрлиги кабарлады.

Киреше бир жыл мурунку ушул мезгилге карата 7,9 миллиард сомго аз. Салыктар 12 миллиард сомго аз жыйналган.

Салыктан тышкары каражат 20,4 миллиард сомду түзүп, бир жыл мурдагыдан 2,8 миллиард сомго көбөйдү.

Чыгаша бир жыл мурункуга салыштырмалуу 3,6 миллиард сомго көбөйгөн.

Финансы министрлиги бюджеттик мекемелердин чыгаша арыздары толук канааттандырылганын, айлык, Соцфонд төлөмдөрү, дары-дармекке, тамак-ашка, жөлөкпулга, пенсияга каражат такай бөлүштүрүлүп келатканын белгиледи.

2020-жылга республикалык бюджет 27,7 миллиард сом таңкыстык менен бекитилген. Бирок коронавирус пандемиясы жана өлкөдөгү туруксуздук бюджетти кайра карап чыгууга мажбурлоодо. Финансы министрлиги таңсыктык 34 миллиард сомго чыгарын божомолдоп, анын негизинде бюджеттин оңдолгон долбоорун өкмөткө сунуш кылганы жатат.

XS
SM
MD
LG