Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Бишкек-Бээжин: күн тартибиндеги карыз маселеси


Кытай менен Кыргызстандын туулары.
Кытай менен Кыргызстандын туулары.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Кытайга карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу ал Бишкекте Кытайдын тышкы иштер министри Ваң Ини кабыл алган учурда маселе көтөрдү.

Кытайга берилчү карыз, Кыргызстандын өтүнүчү

Бул пандемия башталгандан берки Кытайдын Кыргызстанга келген эң жогорку кызмат адамы. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий сапары менен келген Кытайдын тышкы иштер министри Ваң Ини 14-сентябрда кабыл алды. Өлкө башчынын басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, анда Жээнбеков эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкчылыгы бар экенин айтып, айыл чарба, транспорт жана жол боюнча долбоорлорго токтолду.

Ал коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүгө гуманитардык жардам көрсөткөнү жана медициналык эксперттерди жибергендиги үчүн Кытайга ыраазычылык билдирди.

Албетте, карыз маселеси да көтөрүлбөй койгон жок. Президент коронавирус илдети экономикага терс таасир тийгизгенин эске алып, Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуш кылды.

«Пандемияга карабай сиздин Кыргызстанга келишиңиз биздин стратегиялык өнөктөштүгүбүздү чыңдап, тереңдетүүгө Кытай тарап даяр экенин көрсөтүп турат. Кытайдын өзүндө коронавируска каршы күрөш катуу жүрүп жатканына карабай кытай эли бизге биринчилерден болуп колун сунду. Кыргыз-кытай мамилесине Си Цзиньпиң мырза өзү көңүл буруп, катышып жатканын жогору баалайм», - деди ал.

Борбор Азиядагы сапарынын алкагында кытай министри Ваң И Казакстанда болду. Бишкекке расмий сапар менен 13-сентябрда келип, ошол эле күнү ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушуу өткөргөн. Анда Ваң И бул сапарын коронавируска каршы күрөш боюнча кызматташтыкты бекемдөө максаты менен байланыштырды.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери басма сөз жыйынын өткөрүп, жолугушууда экономикалык маселелер талкууланганын айтышкан. Бирок конкреттүү кайсы долбоорлор тууралуу сөз болгонун президенттин да, тышкы саясат мекемесинин да басма сөз кызматы кабарлай элек.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков май айында Кытайдын лидери Си Цзиньпиң менен телефондон сүйлөшүп, анда да коңшу өлкөдөн карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартууну суранган. Расмий Бишкек Бээжинден карыз төлөөдө улам-улам жеңилдик сурап жатканы менен ага Кытайдын жообу кандай экени белгисиз.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.

Финансы министри: карызды төлөө оор болот

Финансы министрлигинин 30-июлга карата берген маалыматына караганда, мамлекеттин тышкы карызы төрт млрд. 169,6 млн. доллар (320 млрд. 39,21 млн. сом). Анын ичинен бир млрд. 776,29 млн. доллар (42,6%) Кытайдын Эксимбанкына туура келет. Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 11-сентябрда Би-Би-Синин кыргыз кызматы менен маегинде Кытайга төлөнчү карыз тууралуу суроого жооп берди:

Бактыгүл Жээнбаева.
Бактыгүл Жээнбаева.

«Эксперттер карызды төлөөнүн эң жогорку чеги тууралуу айтып жатышат. Чындыгында карызды төлөөнүн эң көбү Кытайдан алган насыя болуп турат. «Ушундан улам Кыргызстан кыйналышы мүмкүн» деген сын бар. Бул чындык. Ошондуктан тышкы карызды реструктуризация кылганга аракеттениш керек. Болбосо Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) жыл сайын 4-5 пайыздан көп болушу зарыл. Ошондо гана биз карызды төлөй алабыз».

Тышкы карызды төлөөнүн эң жогорку чеги 2024-2025-2026-жылдарга туура келет. Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргыз өкмөтү сырттан жалпысынан 773 млн. доллар жардам сурады. Анын 597 млн. доллары насыя. 4-сентябрга карата бул сумманын 334 млн. доллары түшсө, мунун 205 млн. доллары колдонулду. Калган 129 млн. доллар Улуттук банктын эсебинде турат. Финансы министрлиги жыл соңуна чейин мамлекеттик карыз беш млрд. доллардан ашарын моюнга алды.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Акылбек Жапаров Ваң Инин Бишкектеги сапарында тышкы карыз боюнча маселени кыргыз тарап бир жаңсыл кылып чечүүгө аракет кылса болмок деп эсептейт.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Мындай чоң сапарлар күн сайын эле боло бербейт, - дейт ал. - Мындай сапарлар өлкөнүн жетекчилери жолугар алдында же чоң саммитти утурлай болчу. Биз быйыл эле Кытайдын Эксимбанкына 70 млн. долларга жакын карызыбызды бердик. Биз ал акчага жети чоң оорукана салып алмакпыз. Ошондуктан биз тышкы карызды коронавируска каршы күрөшкө кетире турган акча менен алмаштырышыбыз керек. Кыргыз тарап талаптарды туура койсо тышкы карызды 20 жыл эмес, 40 жылга чейин узартуу зарыл. Мен мүмкүн болсо карызды Кытайдын Эксимбанкына эмес, Финансы министрлигине которуу боюнча демилге көтөрөт элем».

Кыргыз-кытай соодасы артка кетти

Кытайдын тышкы иштер министри Ваң Инин Кыргызстандагы сапары пандемияга байланыштуу кыргыз-кытай соода алакасы солгундап турган учурга туш келди.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча 2020-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 341,9 млн. долларды түздү. 2019-жылдын алгачкы алты айында бул көрсөткүч 874,3 млн. доллар болгон. Башкача айтканда, быйылкы жарым жылдыкта товар жүгүртүү39,1% же 2,6 эсеге азайды.

Пандемияга байланыштуу Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки чек ара бекети - «Эркечтам» менен «Торугарт» жыл башында бир-эки ай таптакыр жабык турду. «Эркечтам» кыргыз тараптын өтүнүчү менен 15-апрелде ишин жарым-жартылай жанданткан. «Торугарт» бекети 8-сентябрдан тартып иштей баштады. Бирок коронавирус коркунучунан улам эки бекетте тең чектөөлөр бар.

Кыргыз-кытай алакасындагы дагы бир маселе – бул эки өлкө ортосундагы экономикалык долбоорлор. Кытай Кыргызстанда баштаган долбоорлор көп учурда чуу менен коштолот. Маселен, Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенинде иштетип жаткан кытайлык «Zhong Ji Mining» компаниясы жергиликтүү эл менен пикир келишпестиктен улам 2019-жылдан бери иштебей турат.

Кытайлык ишкерлер менен Ат-Башыга курулмакчы болгон соода логистикалык борбор салуу идеясы да элдин каршылыгынан улам ишке ашпай калды.

Кытай менен бирге ишке ашырылат делип жаткан дагы бир долбоор - Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу. Быйыл июнь айында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы бул долбоор бир айдан кийин башталарын кабарлап, кийин ал маалыматты өчүргөн. Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жолдун курулушу көп жылдан бери айтылып, иш башталбай турат. Темир жолду куруу боюнча демилгелер Өзбекстанда бийлик алмашкандан кийин жанданган. Акылбек Жапаров тараптар бир пикирге келишсе эле долбоорду каржылоого Кытайда каражат бар деп ишенет.

«Кыргызстан долбоор боюнча Орусия менен сүйлөшүп бир чечимге келсе Кытайда акча көп. Кытайда Инфратүзүмдүк банк уюшулду. Анын уставдык капиталы Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкыныкын кошкондо да ашып түшөт».

Чынара Эсенгул.
Чынара Эсенгул.

Ал эми эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул коронавирус пандемиясы дүйнөдө экономикалык эле эмес, тышкы саясатта да бир топ өзгөрүүлөрдү алып келгенин айтууда. Ал Кытайдын тышкы иштер министри Ваң Инин Бишкектеги сапарын ушуну менен да байланыштырды.

«ЕАЭБдин ичинде олку-солку болуп, Беларуста да саясий жагдай оор болуп турат. Кыргыз-кытай мамилеси мындан ары кандай болот - ушул маселе да талкууланды болушу керек. Инвестициялык долбоорлор да токтоп калды. Эми мындан ары алака кандай болот, максаттар бирдейби - ошолорду сүйлөшүп алыш үчүн Кытайдын жогорку мамлекеттик кызматкери келди».

Кытай негизинен Кыргызстанда энергетика, жол тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашырат.

XS
SM
MD
LG