Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Ат-Башыга логистикалык борбор курулбай калды


Ат-Башыдагы нааразылык акциясы. 17-февраль, 2020-жыл.
Ат-Башыдагы нааразылык акциясы. 17-февраль, 2020-жыл.

17-февралда Ат-Башыга логистикалык борборду куруу тууралуу келишим жокко чыгарылды.

"Нарын" эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Артур Байтереков "Азаттыкка" буларды билдирди.

«"Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы" компаниясынын Индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоорду жабуу чечимине байланыштуу аянты 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылды. Учурда биз буга чейин айыл чарба жоготууларынын ордун толтуруу иретинде инвестор төлөгөн 43 миллион сомдон ашуун акчаны кайтаруу жөнүндө өкмөткө кат даярдап жатабыз».

17-феврала ушундай эле маанидеги билдирүүнү «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» ишканасы да таратты. Анда маалымдалгандай, ишкана Ат-Башыдагы индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушуна 280 млн. доллар сарптамак. Бул акча компаниянын жеке ресурсунан бөлүнүп, мында кыргыз өкмөтүнүн эч кандай кепилдиги болгон эмес. Бардык тобокелдиктерди компания өз мойнуна алган.

Кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдө объекттин курулуш планы бузулган шартта «Нарын» ЭЭА келишимди бир жактуу жокко чыгара алат деп макулдашылган.

"Ат-Башы хабын курууда жана ал иштей баштаганда орто эсеп менен 15 миңден кем эмес киши иш менен камсыз болмок, түрдүү деңгээлдеги бюджеттерге алгачкы 8 жылда салык жана айлык акы чегерүү түрүндө бир нече миллиард сом түшмөк. Жергиликтүү жаштар тиешелүү адистиктерге компаниянын эсебинен окутулмак. Логистикалык борборду жергиликтүү курулуш компаниялар жергилитүү жүк ташуучулар менен кошо курушмак. Тилекке каршы, Ат-Башы районунун жашоочуларынын арасында долбоорго карата терс мамиле түзүлүп, каршылык акциялар өткөрүлдү. Жергиликтүү элдин бир бөлүгү логистикалык борбордун курулушуна каршы чыгып жатканда биз узак мөөнөттүү долбоордун үстүндө иштөөгө мүмкүн эмес деп эсептейбиз жана долбоорду жабуу чечимин кабыл алууга мажбурбуз" деп айтылган билдирүүдө.

Борборго каршы митинг

17-февралда Ат-Башы районунда соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өткөн. Чогулгандар өкмөт борбордун курулушу боюнча токтомун жокко чыгарышын талап кылышкан.

Ат-Башы районунун тургуну Медер Жунусов элдик жыйында резолюция кабыл алынганын билдирди. Алар:

  • Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагына караштуу 200 гектар жерди «Нарын» эркин экономикалык аймагына (ЭЭА) ижарага берген өкмөттүн токтому жокко чыгарылсын.
  • «Нарын» ЭЭАсы менен «Нур-Строй» компаниясынын ортосундагы келишим жараксыз деп табылсын.
  • Ат-Башы районунун аймагында ушул сыяктуу иштерди аткаруу жана кен байлыктарын иштетүү маселеси элдик жыйындарда чечилсин.
  • Эл менен эсептешпей, өзүм билемдик менен буйрук чыгарган Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагынын башчысы Канатбек Стамакуновго катуу эскертүү берилсин.
  • Элдин жыйындарда чыгып сүйлөгөн жарандарды укук коргоо органдары коркутуп-үркүтпөсүн. Алардын туугандарына, аялдары менен балдарына коркутуу токтотулсун.

«Эгер ушул талаптар эки жуманын ичинде аткарылбаса, реалдуу кадамдарга барарыбызды бийликке эскертебиз», - деди Жунусов.

Ал эми өкмөттүн Нарындагы өкүлү Эмилбек Алымкулов нааразылык акциясына 700-800 киши келгенин, алардын талабын өкмөт карап чыгып, жооп берерин айтты:

Эмилбек Алымкулов.
Эмилбек Алымкулов.

«15-февралда «Ат-Башы жаштары» уюму бийликке кайрылуу жазып, биздин колубузга тапшырган. Ал жерде «башка чагымчыл күчтөргө алдырбайлы, бир талап менен чыккандан кийин кайсы бир маселени аралаштырып, саясатташтырбайлы» деген пикирлер айтылган. Эми алар жазган кайрылууну карап көрүп, талдап, ошого жараша жооп беребиз».

Митингдин уюштуруучуларынын айтымында, акцияга 2 миңден ашык киши катышты.

Жыл башынан бери Нарын облусунун Ат-Башы аймагында жаңы курулушка каршы жыйындар жана нааразылык акциялары байма-бай өтүп келатат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 5-февралда парламентте сүйлөп жатып, «Ат-Башыда логистикалык борбор салууга жергиликтүү эл каршы эмес, элди социалдык тармактардагы 20-30 киши эле дүрбөтүп жатат» деп айткан.

Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта борбор куруу долбоорун ишке ашыруучу «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Кыргыз ишкеринин айтымында, логистикалык борборду салыш үчүн Лю Ин 280 миллион доллар каражатты түз инвестиция кылат. Башкача айтканда, мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок.

22-январда Эмилбек Абдыкадыров ишкер Аскар Салымбеков баш болгон коомдук ишмерлер менен бирге басма сөз жыйынын өткөрүп, эл арасында тараган каңшаар кептерге жооп берген.

Абдыкадыров социалдык тармактарда тараган «Кытайга жер сатылды, борбор курулса Кытайдын жумушчулары каптайт» деген сөздөр жалган экенин белгилеп, кытайлык ишкер менен бардык шарттар ачык сүйлөшүлгөн деп ишендирүүгө аракет кылган жайы бар:

Эмилбек Абдыкадыров.
Эмилбек Абдыкадыров.

«"Жерди Кытайга берип салыптыр" деп жатышат. Таптакыр андай эмес. Мамлекет бул жерди «Нарын» эркин экономикалык аймагына бөлүп берген. Алардан биз 49 жылга ижарага алдык. Экинчиден, «ошол жакта кытайлар көп иштейт экен» деп жатышат. Миграция мыйзамы боюнча сырттан келген инвестордун өлкөсүнөн 20% гана жумушчу иштей алат. Мен инвесторго бул мыйзамды айттым, ал «сырттан 5% гана жумушчу келет» деди. Ал жумушчулар адистер болот».

Экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетов элдин бийликке болгон ишеними төмөн болгондуктан ушундай нааразы пикирлер жаралып жатат дейт:

«Алар «кен байлыктарыбызды кытайлар басып алышат» деп кооптонуп жатышат. Албетте, өкмөт керектүү чараларды көрүп, нааразы болуп жаткандарды тартипке чакырып койсо болот. Бирок андай кадамды жасоого эч кимдин эрки жетпей жатпайбы. Тартипке келтире албай жатканы, мыйзамдын жакшы иштебегендиги элди көчөгө чыгарууда».

Ал эми коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков Ат-Башыда экономикалык күрөш болуп жатат деп эсептейт.

«Ат-Башыдагы долбоорду токтотууга кызыккан башка да күчтөр бар. Бүгүнкү нааразылык акциясы ошолордун аракети болуп жатканы көрүнүп турат. Бул жерде бийликтин чабалдыгы - элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн аксап калды. Ал эми долбоорго каршы чыгып жаткан күч бул жагынан активдүү болду. Эгер алар элге акча таратса мен таң калбайм деле. Анткени Ат-Башыда курулушу пландалып жаткан логистикалык борбордун келечеги кең. Ошондуктан бизнес чөйрөсүндө атаандаштык пайда болуп, кимдир-бирөөнүн чөнтөгүнө зыян алып келбесин деген айрымдардын ою бар экени оркоюп эле көрүнүп турат».

Ал эми курулушка каршы чыккандар логистикалык борбор үчүн ижарага берилген аймак жайыт экенин белгилеп, кийин ал Кытайга биротоло өтүп кетет деп чочулашат.

2000-жылдардын башынан бери эле жергиликтүү бийлик Ат-Башыга соода терминалы салынарын билдирип, инвестор издеп келет. Учурда логистикалык борборду салууга бел байлаган инвесторлордун акчасы канча жылда өзүн актайт? Ишке кирсе мамлекеттик казынага канча салык төгө алат? Ушул сыяктуу экономикалык негиздемелер айтыла элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG