Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 17-февраль, 2020 Бишкек убактысы 17:06

Ат-Башыдагы логистика борборунун талашы


Соода-логистикалык борбордун макети.

Ат-Башы районунда кытайлык ишкерлер кура турган соода-логистика борборунун курулушуна нааразылык акциялары өтүүдө.

Жергиликтүү элдин каршылыгына эмне себеп болууда? Инвестордун негизги максаты кандай? Жер аянты чет өлкөгө ижарага берилгенби? Эл менен инвестордун өз ара ишеними кандай болушу керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна кыргыз-кытай компаниясынын өкүлү Эмил Абдыкадыров, эркин журналист Тынчтыкбек Алтымышев жана Ат-Башы районунун тургуну Барктабас Абдылдаев катышты.

«Азаттык»: - Барктабас мырза, атбашылыктар ушул күндөрү райондун аймагына курула турган соода-логистика борборунун курулушуна каршылыгын билдиришүүдө. Негизги жүйөлөрү кандай? Элдин койгон талаптары кандай?

Барктабас Абдылдаев: - Атбашылыктар кытайлардын ошол жерге логистикалык борбордун салынышына таптакыр каршы. Себеби, биздин район Кытай менен чектешкендиктен кооптуулугу күчтүү деп жатабыз.

Советтер Союзунун убагында чек ара аймагы катары Ат-Башыга кирип чыгуу катуу көзөмөлгө алынчу. Мындан сырткары экологиялык жактан биздин аймакка терс таасири тиет деп ойлоп жатабыз. Биздин элибиз өндүргөн эти, сүтү, балы курула турган заводдон чыккан түтүндөн булганганы жатпайбы. Сууларыбызды уулуу заттар капташы мүмкүн. Борборду кытайлар кура турган болгондуктан алар биздин жерди каптап кетет деп тынчсызданып жатабыз.

«Азаттык»: - Сиздер коюп жаткан талаптарга жергиликтүү бийлик, өкмөт, инвесторлор эмне деп жатат? Сүйлөшүүгө барып жатабы, алардын жооптору кандай?

Барктабас Абдылдаев: - Сүйлөшүүлөр болуп жатат. Баягы эле жомоктор, «жыргатабыз» деген эле убадалар. Эл тажап бүттү. «50 жылга берилди» дешүүдө. 50 жылга чейин ким бар, ким жок... Үзөңгү-Куушту, Каркыраны сатып жибергендердин эч кимиси жооп берген жок го! Азыр эл бийликке ишенбейт. Ошондуктан биздин эл бул борбордун курулушуна таптакыр эле каршы болуп жатат. Келечекте кыргыздар кытайлашып кетпейли деп митингге чыгып жатабыз.

«Азаттык»: - Эмил мырза, атбашылыктардын негизги талаптарын уктуңуз. Айткандары жүйөлүүбү? Дегеле кытайлык инвестордун максаты кандай?

Эмил Абдыкадыров.
Эмил Абдыкадыров.

Эмил Абдыкадыров: - Мен бул долбоор менен иштешкениме 8-9 айдын жүзү болуп калды. Аталган логистика борборун куруу планы 2008-жылы башталган экен. Ошондо да эл каршы чыккандыктан токтоп калыптыр.

Бизден кеткен кытайлык инвесторлор Беларуска барып борбор курушат. Жакында мен ошол борборго барып, толугу менен таанышып келдим. Алар 50 завод курушуптур. Биз 50 болбосо да, 10 завод салсак деп жатабыз.

Борбор «соода-индустриялык» деп аталышы өзү айтып тургандай, ал жерде соода эле эмес, заманбап өндүрүш ишканалары курулат. Экологияны бузбаган завод-фабрикалар салынат. Биздин эл экология десе Бишкектин ЖЭБинен же Ленин, Фрунзе заводдорунун түтүктөрүнөн чыккан коюу түтүндү элестетет. Биз кура турган ишканалар жаңы технологиялар менен салынат, жаңы технологиялык жол менен иштейт. Биз Беларустан 11 миң гектарга салынган борбордо болдук, түтөп жаткан бир да заводду көргөн жокпуз.

Эң негизгиси, бул борбор – Кыргызстандын экономикасына зор салым кошо турган ири долбоор. Жумушчу орундарга биринчи кезекте атбашылыктарды кабыл алуу каралган. Кытай биз эле эмес, Беларус, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен ушундай борборлорду куруп, биргелешип иштетип жатканына 10 жылдын жүзү болду. Биз ошол долбоорлордун баарын өз көзүбүз менен көрүп келдик.

Мен атбашылыктар менен төрт жолу жолуктум. Бизге 700 атбашылык кол коюп жөнөтүптүр. «Качан баштайсыңар?» деп сурап жатышат. Ат-Башы районунун 11 айылдык кеңешинин депутаттары да «баштагыла» деп макулдук беришти.

«Азаттык»: - Тынчтык мырза, кыргыз өкмөтү ал борборду курууга уруксат берип, жерпайын түптөп батасын бергенден кийин элдин нааразылыгы чыгып жатканынын себебин эмнеден көрөсүз? Элге маалымат жетпей калдыбы же шайлоо алдында элди козутуп, пайдаланып жаткан башкы күчтөрдүн ишиби?

Тынчтыкбек Алтымышев.
Тынчтыкбек Алтымышев.

Тынчтыкбек Алтымышев: - Мен Ат-Башыдагы мурдагы жыйынга өзүм катышып келдим. Ага өкмөттүн жетекчилери, облустун жетекчилери да келишти, элди угушту.

Эл арасында «Ат-Башы эли таза азыктардан кол жууйт, экология бузулат, кытайлар каптайт экен» деген маалыматтар тарап, козутуп жаткандар бар. Биздин өкмөт маалымат майданында кичинекей чагымчыл күчтөргө уттуруп жатат. Алар кытайларга каршы жалган маалыматтарды социалдык тармактар аркылуу таратып жатышат.

Алдыдагы шайлоого байланышкан айрым саясий топтордун аракеттерин да байкоого болот. Алар эл менен өкмөттүн ортосунда от жагып, өз максаттарына жетүүнү көздөп жатышкан шекилдүү. Баары аралашып кетти.

Өкмөт бул убакытка чейин эле эл коюп жаткан экология, жумушчу орун, ишканалар, жердин берилиши, кытайлардын миграциясы, квота, виза, мыйзамдар ж.б. көптөгөн суроолорго жоопторду толук бериш керек болчу. Биздин бийликтегилер бул жагынан шалаакылыгын көргөзүп койду.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (18)

XS
SM
MD
LG