Салык жана камсыздандыруудан түшпөй калган каражат
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат өлкө бюджетине тогуз миллиард сомдук зыян келтирген схемага Социалдык фонддун жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү аралашкан деп шек санап жатат. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, шек саналып жаткан кызматкерлер кен казуучу компаниялардын бирине артыкчылык шарт түзүп, натыйжада ал ишканадан мамлекеттин казынасына кошумча салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү түшпөй калган. Финполициянын басма сөз кызматкери Анастасия Пискур тергөө жүрүп жатканын билдирди.
«Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат».
Финансы полициясы азырынча кайсы кызматкерлер шектүү экенин ачыкка чыгара элек. Социалдык фонд да коррупция боюнча дооматты четке какты. Ал эми Мамлекеттик салык кызматы Финансы полициясынын айыптоосуна «юридикалык негизсиз билдирүү» деп жооп берди.
Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылы «К.Г.К.» алтын казып алуучу компаниясына карата жүргүзгөн бардык иш-аракеттери мыйзам чегинде ишке ашырылганын, Салык кодексинин 54-беренесине («Салыктык сыр») ылайык айыптоого себеп болгон маалыматтарды коомго жарыялоого укугу жок экенин билдирди. Тергөөгө зарыл болгон бардык материалдар Финансы полициясына берилерин айтты.
Финансы полициясынын басма сөз кызматы Мамлекеттик салык кызматынын жообу боюнча комментарий бере албай турганын, жакында тергөө боюнча кененирээк маалымат берилерин кабарлады.
Коррупциялык мыйзам бузууга аралашканы айтылып жаткан алтын казган компаниянын аты ачык жарыяланган жок. Жергиликтүү «Акчабар» порталы ал ишкана «Кумтөр Голд Компани» экенин жазды.
«Азаттыктын» укук коргоо органдарындагы булагы кеп «Кумтөр» жөнүндө болуп жатканын ырастады.
«Кумтөр» компаниясынын басма сөз кызматы Кыргызстандагы укук коргоо органдарынан кылмыш иши жөнүндө эч кандай маалымдама келе элек экенин билдирди.
Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров «Кумтөр» компаниясынан салык төлөмдөрүн алууда атайын стандарттар бар экенин эске салды. Абакиров бул ири суммадагы кылмыш иши жөнүндө азырынча бир жактуу маалымат айтуу эртелик кыларын белгиледи.
«Салык боюнча атайын режим бар. «Социалдык фонд боюнча да козголду» деп жатышат. Ал боюнча стандартуу эле. Мен иштеп жүргөндө Кумтөргө кийлигишкен эмесмин. Болгону салык боюнча башка режим экенин бир келишимден окугам. Эми так далил болбосо инвестициялык климатка залакасын тийгизет», - деди ал.
Учурда президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров - убагында Кумтөр кенин мамлекетке өткөрүү боюнча маселе көтөрүп жүргөндөрдүн бири. Бирок 6-октябрдагы окуялардан кийин түрмөдөн чыгып, бийликке келген Жапаров Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтарыш керек деген ойдон эки жыл мурда кайтканын билдирген. Ал позициясынын өзгөрүшүн алтындын запасы азайып калганы менен байланыштырып, аны мамлекеттештирүүнүн кажети жок экенин айткан.
Жапаров кызматка койгон Финансы полициясынын жаңы жетекчиси Сыймык Жапыкеев 2015-2018-жылдары «Кумтөр» компаниясында юрист болуп иштегени айтылып жүрөт. Ал Кумтөр кени боюнча жыйындарда компаниянын жетекчилигин сындап жүргөн.
Жарандык активист Адил Турдукулов чет өлкөлүк ири компаниянын коррупциялык схема менен байланышын кылдат иликтеш керек экенин белгиледи. Турдукуловдун пикиринде, бийликкоррупция менен күрөшүү аракетинде аша чапса экономикага кедергисин тийгизет.
«Мындай компанияларды алдын ала ойлонуп, бүт укуктук жактан негиздеп, анан кесипкөйлөр тергеши керек. Саясий упай топтош үчүн кылмыш ишин жөн эле козгоп коюу туура эмес болуп калат», - деди Турдукулов.
Журналист Семетей Талас уулу өлкөдө таасирдүү аткаминерлер кен казган ири ишканалардын салык жана башка кошумча төлөмдөрүнө кийлигишип, кайсы бир пайызын кымырып алган көрүнүштөрү бар деп эсептейт. Анын баамында, сөз болуп жаткан кылмыш ишин аягына чыгарып, башка кен казуучу ишканаларды да текшериш керек.
«Салыкты жашыруу болушу толук мүмкүн, - деди ал. - Алтын эмес, көмүр кендеринде деле ушундай. Канчасы казылып, канчасы салык төккөнү белгисиз. Мисалы, кайсы компания канча алтын казганы, канча салык төгүшү керек экени ачык айтылбайт. Көмүр боюнча да маалымат жок. Дегеле, Мамлекеттик салык кызматынын иши ачык болбой жатат».
Семетей Талас уулу кен казган ишканалардан салык жана башка төлөмдөрдү кымырууга ириде таасирдүү мамлекеттик кызматкерлер кызыкчылыгы бар экенин кошумчалады.
Борбор Азиядагы эң ири алтын кендердин бири болуп саналган Кумтөрдү канадалык «Centerra Gold Inc» компаниясы иштетет. Андагы Кыргызстандын үлүшү 26% тегерегинде.
Буга чейин Кумтөр кени 2026-жылы жабылары айтылып келген. Бирок акыркы жылдары кенде чалгындоо иштери жүргүзүлүп, анын мөөнөтүн 2040-жылга чейин узартуу мүмкүн экени, бул үчүн «Centerra Gold Inc» 2020-жылы 20 миллион доллар бөлөрү кабарланган. «Кумтөр Голд» компаниясы 2019-жылы 18 тонна 636 кг же 600 миң унций алтын казып алган. Ишкана 2020-жылы 16,17-17,42 тонна же 520-560 миӊдей унций алтын өндүрүүнү көздөп турганын жарыялаган. Ал эми 20 жылдан ашуун убакыт ичинде Кумтөр кенинде 400 тоннадай алтын өндүрүлгөнү белгилүү.
Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраевдын жыл башындагы маалыматына ылайык, 2019-жылы кен иштетүү тармагынан бюджетке салык катары 13 млрд. сомдой каражат түшкөн. Ал мунун канчасы алтындан түшкөнүн тактаган эмес.