Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Кумтөр: 22 жылдан кийинки кенемте


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

Ысык-Көлдө төгүлгөн цианидден жабыркагандар менен Кумтөр кенин иштеткен компаниянын ортосундагы соттук талаш боюнча 15 жылдан кийин жаңы чечим чыкты.

Мурдараак иш бир нече жолу Жогорку сотко жетип кайткан. Окуя өзү 22 жыл мурда болгон эле. Соңку чечим боюнча жабырлануучулар өйдөкү инстанцияларга кайрыларын билдиришсе, өндүрүшчү ишкана позициясын тактай элек.

15 жылга созулган чечим

Цианидге ууланган Ысык-Көл облусунун тургундарынын «Кумтөр Голд» алтын кен компаниясына каршы доо арызын Бишкектин Октябрь райондук соту 10-августта карап, жабырлануучулардын пайдасына чечим чыгарды. Ишти караган судья Альбина Жээнбекова компанияны 17 доогер кишиге 400 миң сомдон кенемте төлөөгө милдеттендирди.

Бул тууралуу «Азаттыкка» доогерлердин коомдук жактоочусу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева билдирди:

Эркингүл Иманкожоева.
Эркингүл Иманкожоева.

«Негизи цианидден жүздөгөн, миңдеген адамдар жабыркаган, бир нече адам каза болгон. Бирок биз ошолордун ичинен ооруганы боюнча аныктама алып, экспертизадан өткөн 29 адамдын атынан гана 2005-жылы сотко арыз бергенбиз. Башында ар бир жабырлануучуга беш млн. сомдон моралдык доо койгонбуз. Баары аягына чыга алган жок, 12 адам каза болуп калды, азыр 17си гана калды. Сот улам-улам жылдырылып, өкмөттүн беш өкүлү алмашты, «Кумтөрдүн» үч адвокаты алмашты. Жогорку сотко төрт жолу барып келди. 2019-жылы Октябрь райондук соту менен Бишкек шаардык соту биздин пайдабызга чечкен болчу. Жогорку сот болсо «2007-жылкы келишим боюнча жагдай изилденбей калыптыр» деп кайтарган эле. Эми Октябрь райондук соту жабырлануучулардын арызын кайра канааттандырып берди».

Эркингүл Иманкожоева түшүндүргөндөй, мыйзамга ылайык моралдык чыгым көзү тирүү адамдарга гана төлөнүп берилгендиктен, сот аман калгандарынын гана доосун жарым-жартылай канааттандырды.

Бишкектин Октябрь райондук сотунун жана Жогорку соттун басма сөз кызматы бир аптадан соң, чечим кагаз түрүндө жарыялангандан кийин аны чечмелеп, түшүндүрмө беришерин кабарлашты.

Жабырлануучулар болсо соттун чечимине макул эмес экендигин билдирип, кийинки инстанцияларга арыз жазарын маалымдашты. Бирок алар ушунча созулган жараян дагы беш жылга узарып кетишинен кооптонуп турушат. Беш жылдан кийин Кумтөрдө алтын түгөнөт деген жоромолдор бар. Анда компания жабылып калса, алар бул кенемтени деле ала албай калышы мүмкүн.

Даттануучулардын бири Миргүл Урманбетова да ошентип чочулап турганын жашырган жок:

Барскоондогу нааразылык. 2005-жыл.
Барскоондогу нааразылык. 2005-жыл.

«Мен Барскоон айылында туулгам. 1998-жылы кырсык болгон учурда мен 11-классты бүтүп жаткам. Мектепти аяктап, экскурсияга шаркыратма жакка чыгып, сууга чайканганбыз. Көрсө ошол сууга цианид төгүлгөн экен, биз кайтып келатып эле башыбыз кеңгиреп, кусуп, мурдубуз канап кеткен. Ага маани бербей эле мектепке барып алып, ошол жерден эсим ооп, «Тез жардам» менен ооруканага жаткырылгам. Мен эле эмес, Барскоондун тургундары баары бейтапканада болуп калган. Айрымдары ошол учурда, көбү кийин өлүп кетти. Мен өмүр бою балээге кабылдым - ооруп жүрүп, башымда шишик пайда болуп калды. Аденома менен ооруйм. Үч балалуу болдум, үчөөнү тең кесүү жолу менен төрөдүм, анын себеби ошол шишик экен. Азыр да башымдын оң тарабы шишип жүрөт. Ушуга да карабай бизге эч ким кенемте бербей келди. Биз компанияга «кенемте төлөп бергиле» десек, «бул силердин өз ооруңар» деп тоготпой келди. Акыры 400 миң сомдой кенемте чыгарыптыр, бул менимче ушунча азапка түшкөн биз үчүн аз. Бирок ушуну да шаардык сот, Жогорку сот бизге чечип береби-бербейби, билбейм. Биз акыйкат болоруна ишенимибиз түгөнүп баратат. Дагы чоюп-чоюп, иштин мөөнөтүн өткөрүп жаап салышабы деп коркуп турабыз».

Урманбетова кабарлагандай, мурдагы сот өкүмдөрүнүн биринде үч категория менен кенемте төлөө маселеси каралган. Ага ылайык, абалы оорлорго бир млн. 200 миң сомдон, абалы ортолорго 900 миң сомдон, абалы жеңилирээктерге 600 миң сомдон кенемте төлөнмөк. Бирок кундун төлөмү акыркы отурумдарда таптакыр азайып кетти.

22 жыл чубалган иш

1998-жылдын 20-майында «Кумтөр Оперейтинг Компани» компаниясынын машинеси авария болуп, 1740 килограмм цианид Барскоон дарыясына төгүлгөн. Доогер тарап компания сууну хлор менен тазалап, чекилик кылганын, эл хлорциан менен ууланганын айтып жүрөт. Алардын маалыматына караганда, компаниянын аракетинин айынан Ысык-Көл облусунда 2000дей адам ууланып, эки адам каза болгон. 17 000 киши медициналык жардам алган.

«Кумтөр Оперейтинг Компани» 2014-жылы «Кумтөр Голд» деп кайра түзүлгөн. Бирок анын кожоюну бир – канадалык «Центерра Голд» («Centerra Gold») компаниясы.

«Кумтөр Голд» компаниясы азырынча соттук талаштын деталдары жана ишкананын позициясы жөнүндө кенен маалымат бере элек. Мекеменин жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Эрмек Козубеков соңку сот чечими тууралуу гана комментарий берди:

Кумтөрдөгү алтын өндүрүү учуру.
Кумтөрдөгү алтын өндүрүү учуру.

«2020-жылдын 10-августунда биринчи инстанциядагы сот тарабынан Барскоон айылынын тургундарынын доо арызы боюнча алардын талаптарын аз-аздап канааттандыруу тууралуу соттун чечими жарыяланды. «Кумтөр Голд» компаниясы соттун жазуу жүзүндөгү чечимин азырынча ала элек. Биринчи инстанциянын сотунун чечими 30 күндүк мөөнөт өткөндөн кийин апелляция берилбеген шартта күчүнө кирет. Андан аркы аракеттер соттун жазуу жүзүндөгү чечимин алгандан кийин аныкталат. Муну менен «Кумтөр Голд» компаниясы өзүнө кабыл алган милдеттенмелерди талаптагыдай аткарарын белгилеп кетмекчибиз».

Мындан 22 жыл мурунку Барскоондогу окуя кезинде эл аралык деңгээлде чуу жараткан жана «цианид чуусу» деген ат менен тарыхта калган. Ошол кездеги бийлик ээлери мунун зыяны олуттуу болбогонун билдирсе, жергиликтүү тургундар анын кесепети жашоочулардын саламаттыгына, жаратылышка өтө чоң болгонун белгилеп жүрүшөт.

Биринчи президент Аскар Акаевдин тушунда, кийинки мамлекет башчы Курманбек Бакиевин тушунда да бул боюнча нааразылык митингдери өткөн.

Андан кийин бир нече мамлекеттик комиссиялар түзүлүп, иликтөө жүргүзгөн. Алардын жыйынтыгында Кумтөрдү иштеткен компания мамлекетке кенемте төлөгөн. Бирок ал жабырлануучулардын колуна жетпегени айтылып жүрөт.

Кумтөр темасын жылдап иликтеп келаткан коомдук ишмер Кубанычбек Исабековду угалы.

Кубанычбек Исабеков.
Кубанычбек Исабеков.

«Компания сууга цианид төгүлүп калса, эч кимге айтпай, кабарлабай, чара көрбөй коюшкан. Бир эле Барскоон эмес, бир нече айылдын жашоочулары жабыр тарткан. Балыктар кырылып калганын мен өз көзүм менен көргөм. Ошол убактагы маалымат боюнча 47 келиндин боюнан түшүп калган. Мал өлдү, андан сырткары Ысык-Көлдүн жемишин эч ким албай калган. Турист деген келбей калган. Бул түздөн-түз экологиялык катастрофа болгон. Аскар Акаевдин бийлиги биринчи-вице-премьер-министр Борис Силаевди комиссиянын төрагасы кылып, кырсыктын зыянын болушунча төмөн баалаган. Шоопурларды кошпогондо натыйжада эч кимди жоопко тарткан эмес. Бул иш боюнча керек болсо кылмыш ишин козгоп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартыш керек болчу. Төрт миллион доллар экологиялык чыгымды төлөтүп, аны жок кылып, жеп коюшкан. Андан эл алган деле эмес, айрымдарын санаторийлерге жаткырымыш болуп кутулушкан. Дүйнөлүк практикада мындай кырсыктын чыгымы кеминде 40 млн. доллар болушу керек эле. А бизде болсо жада калса жабырлануучуларга жетиштүү кенемте да төлөбөй жатышпайбы. Кумтөрдү иштеткендер биздин эл-журтту тооктой көрүп жатышат. Ошону үчүн компенсацияны эмгиче төлөбөй жүрөт. Чет мамлекетте эгер кен казган компания ушундай цианид төгүп, жашырып, айтпай койсо, аны дароо жаап же мамлекеттештирип салышмак», - дейт ал.

«Кумтөр Голд» компаниясы 2019-жылы 18 тонна 636 кг же 600 миң унций алтын казып алган. Ишкана 2020-жылы 16,17-17,42 тонна же 520-560 миӊдей унций алтын өндүрүүнү көздөп турганын жарыялаган.

Ал эми 20 жылдан ашуун убакыт ичинде Кумтөр кенинде 400 тоннадай алтын өндүрүлгөнү белгилүү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG