Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-сентябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 11:21

Цианид чуусу: Сот «Кумтөр» компаниясын 17 кишиге кенемте төлөөгө милдеттендирди


Кумтөр алтын кени.

Бишкектин Октябрь райондук соту 10-августта Ысык-Көл облусунун тургундарынын «Кумтөр» алтын кен компаниясына каршы цианид чуусуна байланышкан доо арызын карады.

Ишти караган Октябрь райондук соттун судьясы Альбина Жээнбекова «Кумтөр» компаниясын 17 доогер кишиге 400 миң сомдон кенемте төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу доогерлердин өкүлү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева «Азаттыкка» билдирди.

«Кумтөр» компаниясы соттун чечими тууралуу комментарий бере элек. «Азаттык» компаниянын басма сөз кызматы менен байланышканда, «маалымат кийинчерээк берилет» деген жооп алды.

Райондук соттон бул иш жакында каралганы белгилүү болду. Жогорку соттун басма сөз кызматы чечим тууралуу маалымат такталган соң берилерин билдирди.

Негизи, цианид чуусуна байланышкан сот 15 жылдан бери уланып келе жатат. Доогерлердин өкүлү Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, иш төрт ирет Жогорку сотко барып, биринчи инстанцияга кайтарылган. 2019-жылы Октябрь райондук соту, Бишкек шаардык соту доогерлерди жактаган чечим чыгарган. Бирок Жогорку сот аны четке каккан.

1998-жылы «Кумтөр» компаниясынын машинеси авария болуп, 1740 килограмм цианид Барскоон дарыясына төгүлгөн. Доогер тарап компания сууну хлор менен тазалап, чекилик кылганын, эл хлорциан менен ууланганын айтып жүрөт. Алардын маалыматына караганда, компаниянын аракетинин айынан Ысык-Көл облусунда 2000дей адам ууланып, эки адам каза болгон. 17 000 киши медициналык жардам алган.

Облустун 29 тургуну келтирилген зыян толук төлөнгөн жок деген негизде бул ишти калыс кароо тууралуу талап менен 2005-жылы сотко кайрылган. 15 жылда алардын 12си каза болуп калгандыктан, 10-августта сот калган 17 доогердин арызын канааттандырган. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG