Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышат


Садыр Жапаров. Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
Садыр Жапаров. Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

Өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров декабрда кызматтарын тапшырып, президенттик шайлоого катышарын жарыялады.

Жапаров кызматын тапшырып шайлоого барат

Кыргызстанда президенттик шайлоо 10-январда өтөт жана ага мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров да катышат. Бул тууралуу Жапаровдун 25-октябрда Кочкор районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда айткан видеосу Интернетте тарады.

«10-январда президенттик шайлоо болот. Мен декабрдын башында бүгүнкү кызматымды тапшырып берип, катардагы адам катары катышам. Өтсөм ажо болом, өтпөсөм сиздердин араңыздарда жөнөкөй эле жаран бойдон калам», - деди ал.

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-октябрдагы жыйынында кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөрүн жарыялаган.

Ал эми президенттикке талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү 15-ноябрда аяктайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов 26-октябрда президенттик шайлоонун мөөнөтү тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзам боюнча президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтогон учурда парламент бир жума аралыгында жаңы президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилеши керек. Жогорку Кеңеш мөөнөттү бекитпеген шартта президенттик шайлоо автоматтык түрдө белгиленди деп эсептелет.

«Парламент президенттик шайлоонун мөөнөтүн дайындаган жок. Мыйзам боюнча шайлоонун мөөнөтү аяктагандын эртеси күнү мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоонун убактысы дайындалды деп эсептелет. Ошого байланыштуу БШК эки күн ичинде шайлоо мөөнөтүн белгилеши керек. Ошого ылайык, 24-октябрда БШК 2021-жылдын 10-январына президенттик шайлоону дайындады. Азыр уюштуруу иштерин жүргүзө баштады. Президенттикке эки субъект талапкерлерди көрсөтө алат. Биринчиси - жарандар өзүн-өзү көрсөтө алат. Экинчиси - талапкерлерди саясий партиялар көрсөтөт. Талапкерлер 15-ноябрга чейин көрсөтүлөт. 19-ноябрга чейин шайлоочулардын алдын ала тизмеси добушканаларга берилет. Тиешелүү документтерди талапкерлер 7-декабрга чейин БШКга бериши керек. Талапкерлер кеминде 30 миң кишинин кол тамгасын чогултуп, 3-декабрга чейин тапшырышы керек», - деди Бекматов.

Буга чейинки президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоодон кийинки толкундоолорго байланыштуу кызматынан кеткен.

2017-жылдагы шайлоодо 54% добуш алып, алты жылга шайланган Жээнбеков туура үч жыл гана иштеди. 2017-жылы ага атаандаш катары шайлоого 11 талапкер катышкан. Анын ичинде мурдагы депутат, "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Жээнбековдун негизги атаандашы болуп, 33% добуш жыйнаган. Ал эми 6,54% добуш алган "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров үчүнчү болгон. Алардын алдыдагы шайлоого катышар-катышпасы маалым боло элек.

Президенттин милдетин ким аткарат?

Жапаровдун президенттик жарышка аттанары белгилүү болоор замат "мамлекет башчынын, премьер-министрдин ыйгарым-укуктарын ким аткарат?" деген суроо пайда болду. Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов Конституцияда президенттин милдетин кимдер аткарууга ыйгарым укуктуу болгонун санап берди:

«Жапаров милдетин өткөрүп берсе кайра төрагага берилиши керек. Анткени Баш мыйзамда президенттин милдетин төрага жана өкмөт башчы гана аткара алат деп так жазылган. Төрага баш тартып, өкмөт башчыга өткөн. Эми өкмөт башчы баш тартса, кайра төрагага өтүшү мүмкүн».

Кыргызстанда мыйзам боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан адам шайлоого катыша албайт. Эгер ал шайлоого катышууну кааласа, кызматын өткөрүп берүүгө милдеттүү. Мындай учурда жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктары спикерге өтөт. Бирок Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев буга чейин президенттин ыйгарым укуктарынан баш тартып койгон.

Ал эми депутат Дастан Бекешевдин айтымында, өкмөт башчынын милдетин мыйзам боюнча биринчи вице-премьер-министр аткара берет. Жапаров бийликке келгенден кийин биринчи вице-премьер-министр болуп Артем Новиков дайындалган. Депутат Бекешев бийлик азырынча кандай саясий жүрүш жасаары белгисиз экенин кошумчалады.

«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова «Vesti.kg» сайтына Садыр Жапаров президенттик шайлоого кетсе, өлкөдө укуктук туңгуюк жаралышы мүмкүн деп эсептейт. Анын айтымында, мыйзам боюнча президенттин милдетин парламент төрагасы гана аткара алат. Бирок, жогоруда айтылгандай, азыркы төрага Канатбек Исаев бул кызматтан баш тарткан.

Жакупова белгилегендей, анын үстүнө парламенттин мөөнөтү 28-октябрда аяктайт жана ал президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан спикерди кайра шайлоосу суроо жаратат. Ал «булар хаос, башаламандык жана анархиялык абал түзүп жатышат» деди.

Мыйзамга эмес, түшүнүктөргө байланган саясий жүрүш

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова серепчилерге да өлкөнүн саясий багытын божомолдоо мүмкүн болбой жатканын, мындай белгисиздик коомчулукту тынчсыздандырып жатканын айтты.

«Мага жакында эле эл аралык серепчилер чыгып, «Эртең Кыргызстанда кандай болушу мүмкүн?» деп сурашты. Мен «эртеңки күндү мен да, сиз да, керек болсо чоң саясатчылар да, парламент да билбейт» деп айттым. Кайсы бир топтор чогулуп келип эмнени талап кылса, ошолордун айтканы болуп жатат. Тилекке каршы, ушундай жолго түшүп алдык. Бийлик алмашкан сайын мыйзамдуулуктан тайып баратабыз. Азыр кимдин колунда бийлик болсо, айланасына кыйкыргандарды чогултуп алып, ошолор чечим кабыл алып калган учурга келдик. Кыргызстанда мыйзамдар тебеленди. Мен Жапаровго гана эмес, бардык саясатчыларга да кайрылам: бир нерсени жарыя кылардан мурда жети өлчөп бир кескиле. Жапаровдун кызматта отурганынын мыйзамдуулугу боюнча талаш бар. Түрмөдөн чыгып президент болуп калды деп жатышат. Бул 2005-жылы Феликс Куловдон башталган, ал түрмөдөн чыгып келип өкмөт башчы болуп калган. 2010-жылы Исмаил Исаков түрмөдөн чыгып кызматка отуруп калган. Ушул саясатчылардын бири да «соттун чечими болмоюнча мен түрмөдөн чыкпайм» деп мыйзамдуу жол менен чыккан эмес. Баары чыгып келип эле кызматка отуруп, артынан соттун чечими чыккан. Мына ошонун жыйынтыгы. Бул деген сотту уруп ойнобойм деген мыйзамсыздыктын алгачкы кадамы».

16-октябрдан тартып президенттин милдетин аткарууга киришкен Садыр Жапаров 6-октябрдагы окуялардан соң тарапташтарынын көмөгү менен абактан бошоп чыккан.

Журналист Кудрет Тайчабаров Жапаровду азырынча сындоо же ага баа берүү эртелик кылат дейт.

«Жөнөкөйлүгү, элге жакындыгы менен тарапташтарын көбөйтүп алды. Башка саясатчылардай чечен же билимдүү, баарын билген киши эмес. Ал эми улам оюн өзгөртүп жатканын мындайча түшүндүрсөм: ал патриоттук сезим менен айтып алат. Кийин адистер менен кеңешкенде мыйзамга туура келбей калат. Азыр эми баа бере тургандай иштей элек. Ал эми кадрдык саясат боюнча айтсам, бизде бир талапкерди башка бирөөгө жабыштырыш оңой. Ал Отунбаева, Атамбаев, Бакиев менен да иштеген болушу мүмкүн».

Садыр Жапаровдун парламенттик шайлоо, конституциялык реформа тууралуу бири-бирине карама-каршы келген сөздөрү коомчулукта кызуу талкууланып жатат.

Атап айтканда, "Жапаров пикирин улам өзгөртүүдө" деген сындарга бир нече окуялар жем таштады. Маселен, саясий абал турукташа баштаган 12-октябрда Садыр Жапаров өкмөт башчы катары депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, «эл бир мандаттуу шайлоо системасын талап кылууда» деп парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу, системаны өзгөртүү ою бар экенин кыйыткан. Анда юристтер, жарандык коом бул сунушту Баш мыйзамга каршы келет деп сындап чыгышкан. Бирок төрт күндөн кийин президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаров парламент жыйынында мыйзам боюнча конституциялык реформа өткөрүү туура эмес экенин айткан.

«Президенттик шайлоонун күнүн кийинки жумада белгилейбиз. 10-январдан ары өтпөшү керек экен, анткени 90 күн ичинде болууга тийиш. Парламенттик шайлоо боюнча: бир мандаттуу дегенди азырынча мен туура эмес көрдүм. Анткени мыйзам боюнча партиялык система менен өтүшү керек экен. Эгерде антип өткөрбөй, конституциялык реформага барабыз десек, анда мыйзам чегинен четтеп кетчүдөй экенбиз. Үч пайызга түшүрөлү деген сунуш болуп жатат, аны өзүңүздөр чечиңиздер, бирок үч пайыз өтө эле ылдый болуп калат, беш пайызга түшүрсө болот го. Беш миллиондук күрөөнү бир миллионго түшүрсөңүздөр. 120 деген санды 70 же 90го түшүрүп, ушул парламенттик шайлоо менен келип, андан кийин гана конституциялык реформага барсак туура болот экен», - деген Жапаровдун мындай пикирине каршы келген сунуштар парламенттеги ага жакын деп саналган депутаттардын оозунан чыга баштады.

Жогорку Кеңештин 21-октябрындагы жыйынында референдум, шайлоо мөөнөтүн жылдыруу, парламенттик системаны өзгөртүү боюнча демилге көтөрүлдү. Парламентте бул сунуш кызыл чеке талаш жаратканы менен, бир күндөн кийин 22-октябрда Баш мыйзамды өзгөртүүгө жол ачкан мыйзам бир сааттын ичинде сунушталып, үч окуудан тең дээрлик көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Ошол эле күнү ага президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койду.

Ал эми 23-октябрда Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасына Кыргызстанда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана парламентти кайра шайлоо жараяндары келерки жылдын март айына чейин өткөрүлүп бүтөт деп жазган. Эки күндөн кийин Садыр Жапаров социалдык тармактардагы баракчаларына «Кыргызстанда парламенттик шайлоо эмки жылдын биринчи жарымына чейин болбойт» деп жазды.

«Парламенттик шайлоо эмки жылдын биринчи жарымына чейин болбойт. 20-декабрда парламенттик шайлоо болот деп, туура эмес маалымат тараткандарга ишенбегиле. 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо болот. Андан кийин кудай буюрса, реформалар жүрөт. Андан кийин парламенттик шайлоо болот»,- деген Жапаров.

Жогорку Кеңештин II чакырылышынын депутаты, коомдук-сясий ишмер Тойгонбек Калматов Конституцияны өзгөртпөй туруп, системалык реформа жасоо мүмкүн эмес деп эсептейт. Ошондуктан ал жаңы бийликтин кадамдарына оң баалаган:

«Системалык реформаларды өткөрүү боюнча элдин талабы бар болчу. Менимче ошол талаптарды эске алуу менен бир топ депутат буга туура реакция берип, системалык реформаны жүргүзүү Конституцияга өзгөртүү киргизбестен мүмкүн болбогонун эске алып кабыл алды. Мен аны туура эле кабыл алдым. Бүгүнкү күнгө чейин саясий системалардын жараксыздыгы, саясий уюмдардын даяр эместиги далилденип калды. Андыктан биз мындан кийинки өзүбүздүн жолубузду тактап, аныктап алып, ошол боюнча кеткенибиз оң. Узурпацияга баратканыбыз жок. Себеби кыргыз эли ага мүмкүнчүлүк бербейт. Андай шарт да түзбөйт. Биздин эл бийликти бир колго топтоп алганды эч качан колдогон эмес».

Акылбек Жапаров: ЖКга шайлоону кечеңдетүү - мунасалуу чечим болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:53 0:00

Жапаровдун саясий бейнеси

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров 1968-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган. 1991-2005-жылдары мунайзат ташыган компанияларда иштеген. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, саясий айдыңда аты чыга баштаган.

Бакиевдин бийлигинин тушунда бир катар жетекчилик кызматтарда иштеген. Маселен, 2006-жылы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөсү, 2007-жылы Мунапыс берүү боюнча комиссиянын жетекчисинин орун басары, 2008-2010-жылдары Коррупцияны алдын алуу улуттук агенттигинин комиссары болуп иштеген.

2008-жылы ошол кездеги оппозициянын мүчөлөрү Каркыра жайлоосунун жерин Казакстанга берүүгө каршы Ысык-Көлдө митинг уюштурушкан. Садыр Жапаров ошол митингди үзгүлтүккө учуратып, саясатчыларды жумуртка менен урган акцияны уюштурган деп айтылып келет. Ал өзү аталган дооматты четке кагып, 2015-жылы «Саясатка аралашкан 10 жыл» аттуу китебинде бул окуяга тиешеси жок экенин жазган.

Жапаров 2010-жылкы окуялардан кийин Жогорку Кеңешке «Ата Журт» партиясы менен депутат болуп келген. Ушул чакырылышта партиялашы Камчыбек Ташиев менен Алтынбек Сулаймановдун парламенттеги мушташына Жапаров да аралашканы айтылып, сүрөтү Интернетке тараган.

2012-жылы «Кумтөр» алтын кен долбоорун мамлекеттин карамагына алууну талап кылган митингге депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов катышкан. Анда Ташиев жаалданган топ менен парламент имаратынын тосмосун аттап түшүүгө аракет кылып, тополоң чыккан. Бул окуя боюнча үч депутат камалып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 2013-жылы бир жарым жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарып, бирок кийин шаардык сот аларды актаган. Актоо чечимин чыгарган шаардык соттун судьясы Курманкул Зулушев кийин «Республика Ата-Журт» партиясынан депутат болуп келген. Жакында эле Жапаров Зулушевди башкы прокурор кылып дайындады.

2013-жылы сентябрда Жапаровдун аты «Юпигейт» окуясында чыккан. Анда Коомдук телеканал сюжет чыгарып, анда Эрланбек Өмүралиев аттуу киши "оппозиция мүчөлөрү 8-10-сентябрь күндөрү өлкөдө башаламандык уюштурууну жана Нарын дарыясын цианид менен уулоону пландаганын" айткан. Садыр Жапаров баш болгон оппозиция өкүлдөрү тасмада айтылган сөздөрдү четке кагып, аны бийликтин чагымы катары сыпаттаган.

Ошол эле жылы Караколдо жергиликтүү бийлик өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу окуясы болуп, андан кийин Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кеткен. Чет өлкөдө жүрүп Садыр Жапаров 2015-жылы «Саясатка аралашкан 10 жыл» аттуу китеп чыгарган. Анда Жапаров ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигин сындап, 2011-жылы үч тонна алтын Түркияга чыгарылып кеткен деп жазганы талкуу жараткан. Ошол учурдагы бийлик бул айыптарды четке каккан.

Садыр Жапаров ошол бойдон 2017-жылы мартта Кыргызстанга кайтып келерин, аны миңдеген тарапташтары тосуп аларын айтып, муну Интернет аркылуу алдын ала жарыялаган. Бирок күч түзүмдөрү аны чек арадан кармап, тарапташтары чогулган митингде ызы-чуу болуп, бир топ активисттер кармалып, камакка алынган.

Ошол эле жылы Садыр Жапаровго «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып коюлган. 2019-жылы Жогорку сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Жапаров абакта жатканда атасы, апасы, баласы каза болгон.

2019-жылдын 2-мартында Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митинг өткөн. Анын соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. Милиция митингдин катышуучуларын күч менен таратып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда митингчилер укук коргоо органдары менен кагылышып, таш ыргытылып, көчө боюндагы бир катар автоунаалар, имараттар жабыркаган.

Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган болчу. Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин айткан. Ал 3-мартта, башаламандык менен коштолгон митингдин эртеси Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, «бардык маселелер укуктук талаада чечилет, ультиматум тили кабыл алынбайт» деп билдирген.

Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарова быйыл майда Интерпол аркылуу Польшада кармалган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Райкүл Жапаровага эл аралык издөө жарыяланганын ушул жылдын 11-февралында маалымдаган.

Райкүл Жапарова 2007-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкты» тартып алган деп айыпталып, сыртынан соттолгон.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Интерпол Польшадан кармалган Райкүл Жапарованы Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин карап жатканын билдирген. Бирок кийин ал Польшада бошотулган.

Жакында эле Кубатбек Бороновдун өкмөтүндө иштеген вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Райкүл Жапаровага байланыштуу шек саноодон улам жаңы бийлик менен иштешүүдөн баш тартканын жазды.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG