Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Чукул реформанын максаты жана кесепети


Кыргызстандын Баш мыйзамы.
Кыргызстандын Баш мыйзамы.

Жогорку Кеңеш чукул арада Конституцияны реформалоого макулдук берди. Бул коомчулукта талаш жаратты.

Айрымдар бул кадамды бир кишинин колуна бийликти берүү деп баа беришсе, бир даары соңку чечимдерди кырдаалды жөнгө салыш үчүн жасалган аргасыз кадам катары негиздеп жатат.

Чукул конституциялык реформа эмнеге алып келет? Ушул ж. б. маселелерди «Арай көз чарай» берүүсүндө талкууладык.

Ага Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин II чакырылышынын депутаты Тойгонбек Калматов катышты.

- 22-октябрдын кечинде Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору чукул кабыл алынды. Мыйзам долбоорун 83 депутат колдоп берди. Бир депутат каршы болду.

Расмий аталышы «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» деп аталган мыйзамга президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров ушул эле түнү кол койду.

Клара айым, конституциялык реформа менен кырдаалды жөнгө салууну байланыштыруу канчалык жөндүү?

Клара Сооронкулова: - Кыргызстанда болуп жаткан соңку процесстердин баары, өзгөчө мамлекеттик деңгээлдеги чечим кабыл алуу мыйзамдын негизинде болушу керек. Үч-төрт саат ичинде парламент мыйзамды үч окууда карап туруп, президенттин милдетин аткаруучу кол коюп койду. Мындай Кыргызстанда болгон эмес.

Мыйзамды кабыл алуунун өзүнүн тартиби, жараяндары, мөөнөттөрү бар. Жок дегенде үч-төрт күн коомго коюлуп талкууланышы керек болчу.

Бизде мыйзам кабыл алуу фракция жетекчилеринин саясий оюнуна айланып кетти. Муну мыйзамсыздык деп айтсак болот.

- Тойгонбек мырза, айрым депутаттар бул мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип, «бийликти бир кишинин колуна берүү аракети» деп баа беришти. Бул процесстер артка чегинүү катары кабыл алынбайбы?

Тойгонбек Калматов: - Системалык реформаларды өткөрүү боюнча элдин талабы бар болчу. Менимче ошол талаптарды эске алуу менен бир топ депутат буга туура реакция берип, системалык реформаны жүргүзүү Конституцияга өзгөртүү киргизбей туруп жүрбөй турганын эске алып кабыл алды. Мен аны туура эле кабыл алдым. Бүгүнкү күнгө чейин саясий системалардын жараксыздыгы, саясий уюмдардын даяр эместиги далилденип калды. Андыктан биз мындан кийинки өзүбүздүн жолубузду тактап, аныктап алып, ошол боюнча кеткенибиз оң.

- Бийликтин узурпациясына бараткан жокпу?

Тойгонбек Калматов: - Узурпацияга баратканыбыз жок. Себеби кыргыз эли ага мүмкүнчүлүк бербейт. Андай шарт да түзбөйт. Биздин эл бийликти бир колго топтоп алганды эч качан колдогон эмес.

- Алдыда кандай коркунучтар бар?

Клара Сооронкулова: - Коркунучтар абдан көп. Бийликти легитимдештириш үчүн парламенттик шайлоону өткөрүп туруп, жаңы депутаттар менен конституциялык реформалар жана референдум жөнүндө сөз баштасак болмок.

Ошондой эле кечээ (22-октябрда) Орусиянын президенти Путин өз баасын берди. Ал «бул окуялар - Кыргызстандын шору, кыргыз элин аяп жатам» деди. Кандай болбосун эл аралык аренада биз өзүбүздү укуктук мамлекет, мыйзамды сактаган мамлекет катары көрсөтүп, «бул бийлик легитимдүү» дей турган болсок, анда биз эч качан мыйзам алкагынан чыкпашыбыз керек.

- Кийинки кадамдар кандай болушу мүмкүн? Сиздерден божомол кандай?

Тойгонбек Калматов: - Элдин талаптарын эске ала турган болсок, парламенттик-президенттик бийлик орношу керек. Эгер коомчулук демократияга даяр эмес болсо, ага демократияны таңуулоо чексиз кан төгүүгө алып келет. Анархия болот. Бизде анархиялык айрым жагдайлар пайда болду десем мен аша чаппайм. Азыркы партиялар «бизнес клубга» же «ачык акционердик коомго» айланып кетти десек болот. Себеби саясатчы партияга киргенде өзүнүн жеке кызыкчыгы үчүн гана кирип жатат.

- Коомчулукта партиялык системага иренжигендер көп. Буга эмне себеп болуп жатат?

Клара Сооронкулова: - Чындап эле партияларга иренжигендер көп. Бирок кеп партияларда эмес да. Кеп партияларды түзүп, ошо партия системасын башка жакка бургандарда болуп жатпайбы. Арасында чыныгы идеянын астына бириккен уюмдар да бар.

Тойгонбек Калматов: - Бүгүнкү эл башкача. Үч элдик толкундоо тең партиялык система иштебегендиктен улам болду. Биздин эл партиялык системага даяр эмес экени кашкайып көрүнүп турат.

Клара Сооронкулова: - Менин таң калуум жана тынчсыздануум - элден жашыруун мыйзам долбоорлорун кабыл алуу. Эмне үчүн жаңы адамдардын бийликке келишине, жаңы партиялардын парламентке келишине бут тосулуп жатат? Элдик толкундоого себеп болгон азыркы чакырылыштын депуттарына биз эмне үчүн ишенишибиз керек? Эмне үчүн мамлекеттик чечимдерди кабыл алышына жол беришибиз керек? Бизге люстрация мыйзамын ишке киргизүү зарыл. Бирок бүгүнкү жагдайда эч кандай люстрация мыйзамы кабыл алынбайт.

Тойгонбек Калматов: - Элдин өзү бышып жетилди. Люстрация мыйзамын кабыл алууга мезгил жетти. Менимче сөзсүз кабыл алынат. Ишке ашат.

Талкуунун толук вариантын бул жерден көрүңүз:

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG