Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Сооронкулова: Мыйзамдуу өкмөттү тез арада түзүү керек


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Кыргызстандагы азыркы кырдаалдан чыгуу үчүн бардык тараптар тааныган өкмөттү түзүү маанилүү. Бул тууралуу «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова «Азаттыктагы» маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда президент бардык күчтөрдүн башын кошкон улуттук диалогду башташы керек.

«Азаттык»: - Клара айым, Кыргызстан 6-октябрдагы окуялардан бери укуктук талаага кайта албай, абдан оор кырдаал сакталып турат. Учурда мыйзамдуу өкмөт ким деген суроого да жооп берүү да кыйын болууда. Ушундай шартта кырдаалдан чыгуунун кандай жолдорун көрүп турасыз?

Сооронкулова: - Бүгүнкү кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу - жаңы шайлоо жарыялоо. Мыйзамдын талабы деле ошондой. БШК мурдагы шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп жарыялаган соң бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалышы керек.

Бүгүн мыйзамды гана сактоо зарыл. Премьер-министр менен өкмөттү мыйзам чегинде легитимдештириш керек. Анткени Садыр Жапаров бул кызматка көрсөтүлгөндөн тартып эле иш-аракеттер мыйзам бузуу менен коштолуп, легитимсиз болуптур. Ошон үчүн мыйзамдаштыруу керек.

Менин пикиримде, Садыр Жапаровдун өз тарапташтары, башка партиялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө азыр да кеч эмес. Буга чейин эле «шашылбаңыз, токтоңуз, бардык күчтөр менен сүйлөшөлү» деп эскерткен элем. Ошол сыяктуу азыр деле сүйлөшүп, "баарыбыз шайлоого баралы, андан утканыбыз өкмөт түзөлү" десе туура болмок.

Учурда «Мекенчил» партиясы өзүн аябай күчтүү көрүп атат, андай кыйын болсо шайлоодон көп добуш алсын. Азыр болсо бардык саясий күчтөргө бейтарап, кесипкөй кризис-менежерди шайлоого чейин премьер-министр кылып туруш керек.


«Азаттык»: - Азыркыдай шартта бул канчалык деңгээлде мүмкүн? Саясий кризистен чыгуу боюнча консенсус табыла элек. Президент Жээнбековдун буга чейинки билдирүүлөрүндө айтылгандай кызматын тапшырабы азырынча белгисиз...

Сооронкулова: Азыр көп нерсе президенттин колунда, ал легитимдүү болуп жатпайбы. Көпчүлүк саясатчылар "президент азыр калышы керек, кетпесин" деп жатышат. Бирок президенттин акыркы митингдерден кийин отурганга моралдык укугу деле жок. Ошол эле учурда мамлекеттин кызыкчылыгы, туруктуулук баарынан жогору турушу керек. Ошондуктан президент элди, мамлекетти ойлоп консенсуска бардык күчтөрдү чакырышы керек эле. Ал кайсы бир аянтча түзүп, баарын катыштырып, ошол жерден ачык сүйлөшкөндөй шарт түзүү зарыл. Президент ушуну колго алса, ачык талкуулап, кайсы бир пикирге, жыйынтыкка келет элек. Ал жагынан кандай иш болуп жатканынан кабарым жок.

Жарандык коом атайын аянтча түзүп, баарын диалогго чакырабыз деп жатат. Бир консенсуска келип, өкмөт шайласак ошол легитимдүү болот эле. Легитимдүүлүк деген мыйзамдуу жол менен шайлануудан тышкары, калган саясий күчтөр да таанышы керек. Ушул жаатта иштеш керек.


«Азаттык»: - Азыркы тапта экс-президент Роза Отунбаева баш болгон бир катар ишмерлер жалпы улуттук консенсус демилгесин баштаганы белгилүү болду. Отунбаева Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан учурда ушул тууралуу сөз болгону да кабарланды. Сиздин бул демилге боюнча кабарыңыз барбы?

Сооронкулова: Жок, азырынча андай маалымат жок. Башка партиялардан диалогго келели деп чыгып жатышат. Анда мен «президент менен жолугалы, ошол жерден айта турганыбызды айталы» деп сунуш кылдым. Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүшүбүз керек. Эгер ушул маселелерди тезинен чечпесе кырдаалды көрүп жатабыз.

Пандемия күчөп жатат, ага каршы күрөшүп, жөнгө салуу үчүн сырттан жардам керек. Өкмөт легитимдүү болбосо, эч бир өлкө, уюм жардам бербейт.


«Азаттык»: - Оппозиция, жарандык коом биригип, өз талаптарын бийликтин алдына коюш керек деп жатасыз. 6-октябрдагы нааразылык акцияларынын негизги талабы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу гана эмес, жаңылануу, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү деген маселелер болчу. Учурда кырдаалды жөнгө салуу жөнүндө гана сөз болуп жатат. Калган талаптар эмне болот? Акция учурунда каза болгон Үмүтбектин өлүмү, майып болуп калган ондогон балдардын мүдөөсү эмне болот?

Сооронкулова: - Албетте, ал талаптар жерде калбашы керек. Сөзсүз түрдө бул маселелер боюнча жооптуу адамдарды караш керек. Биз 6-октябрь түнү атышуулар болуп жатканда ИИМге чуркап барып, министр Кашкар Жунушалиев менен жолугууну талап кылганбыз. Анда «ок атууну токтотуңуз, биз арачы бололу, элди тараталы, Ак үйгө чабуул болбосун» деп айтууну көздөгөнүбүз менен ИИМдин күзөт кызматынын башчысы гана чыгып «Жунушалиев өзү ошол операцияларды жетектеп жүрөт»,-деп жооп берди. Бир эмес, эки-үч жолу айтты. Мен ошондо эле «демек, министр өзү баш болуп жооп берет, кийин ушуну эскертебиз» деп айтканмын. Азыр ушул маселе боюнча сөзсүз түрдө парламенттик комиссия түзүлүшү керек. Бирок азыркы чакырылышка ишеним жок, кеп ошондо болуп жатпайбы. Ошондуктан, жаңы парламент келген учурда комиссия түзүлүп, баа берилиши керек. Ал эми ага чейин милиция кылмыш ишин козгоп, тергөөнү жүргүзүшүн талап кылабыз.

«Азаттык»: - Дагы бир маселе, президент Жээнбековдун тагдыры боюнча болуп калды. Буга чейин ал өлкөдө мыйзамдуу бийлик бутактары иштеп баштаган соң кызматтан кетерин жарыялаган. Ага карата бир топ дооматтар айтылган. Ушундай шартта президенттин жоопкерчилиги, мындан аркы келечеги жөнүндө эмнелерди айтсак болот?

Сооронкулова: - Президент өзү кетем деп айтты. Моралдык укугу деле калган жок. Бирок эгер президент кете турган болсо, мыйзам талап кылгандай кыска мөөнөттө президенттик шайлоо болушу керек. Анан азыр же легитимдүү, кадыр-барктуу парламентибиз жок, анын деле беш жылдык мөөнөтү бүттү.

Президент кетип калса, өлкө азыркыдай акыбалда болсо парламенттик шайлоо, президенттик шайлоону Кыргызстан көтөрө албайт. Ошондуктан, менин жеке пикирим боюнча (бул «Реформа» партиясынын позициясы эмес) азыркы кырдаалдан чыгып, абал турукташкан соң президенттин тагдырын жаңы парламент чечсин. Азыркы парламент эч нерсени чече албайт. Бир нерсени чечкенге учурдагы Жогорку Кеңештин моралдык укугу деле калган жок, мөөнөтү да бүтүп калды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG