Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Жапаровдун легитимдүүлүгү кайрадан талаш жаратты


Садыр Жапаров 10-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров 10-октябрь, 2020-жыл.

Кыргызстанда 6-октябрдагы окуялардан соң өлкөнү укуктук талаага кайтаруу аракети боюнча талаштар дагы эле бүтө элек. 10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, анда Садыр Жапаров баштаган өкмөттүн курамын бекитилген.

Бул жыйынга мыйзам талап кылгандай 120 депутаттын жарымынан көбү катышканы расмий түрдө жарыяланган.

«Жогорку Кеңештин жыйыны кворум жок өттү»

Бир катар депутаттар, коомдук-саясий ишмерлер парламенттин 10-октябрдагы жыйыны кворум жок өткөнүн жана андагы кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз экенин айтып чыгышты. Ал тургай бул жыйынга барган айрым депутаттар басым-кысымга кабылганын билдирүүдө.

Биринчилерден, бул маселеге мурдагы премьер-министр Феликс Кулов көңүл буруп, парламенттин кезексиз жыйыны мыйзамсыз өткөнүн жазды.

«Жыйынга 51 депутат катышып, 10 депутаттын ишеним каты бар экени жарыяланды. Бирок бул ишеним каттар залда 61 депутат катышкан учурда гана күчкө ээ болот. Эгер мынча сандагы депутат катышпаса, депутаттар кабыл алган чечимдер мыйзамсыз саналат жана аткарылбашы керек. Мындан улам Садыр Жапаров шайланган премьер-министр болуп саналбайт».

Кулов мыйзамдын талаптарын эске албаган депутаттардын аракетин сындап, өлкөдө «башаламандыкка жол ачып жатат» деп айыптады.

Мындай пикирди бир катар юристтер, коомдук ишмерлер колдоп чыгышты. Алар өлкөнүн укуктук жолго түшүп, өкмөт толук кандуу иштеши үчүн премьер-министр эң ириде мыйзамдуу негизде шайланашы керектигин айтып жатышат.

Жекшембиде Жогорку Кеңештин бир нече депутаты 10-октябрдагы жыйында кворум болбогонун билдирүүдө. Алардын бири Дастан Бекешев кезексиз жыйынды өткөрүүдө «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамдын бир нече беренеси бузулганын айтты.

«Кезексиз жыйын коркутуу менен коштолду»

Аида Касымалиев
Аида Касымалиев

Ал эми президент Сооронбай Жээнбековдун тарапташы саналган парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева 10-октябрдагы жыйын легитимсиз өткөнүн жана ага катышкан депутаттарга басым-кысым болгонун айтып чыкты. Касымалиева «Азаттыкка» маегинде өзү да опузага кабылганын ырастады:

«Кечээги жыйындын күн тартибинде премьер-министрди дайындоо эмес, премьер-министрдин программасы жана өкмөттүн курамы, аны бекитүү маселеси каралды. Кворум болбогондун себеби, регламентте «депутаттардын көпчүлүгү, кеминде 61 депутат ошол жерде өзү отурушу керек» деп так жазылып турат. Ишеним кат 61 депутат жеке өзү чогулгандан кийин гана топтолот. Кечээ мен отурганда 46 депутат, алты ишеним кат бар болчу. Бирок мен чыгып кеттим. Себеби биз ал жерде бир сааттан ашыгыраак отуруп калдык. Кворум такыр чогулбай жатты жана мен катышкым келген жок. Анткени башынан эле иштер мыйзамсыз болооруна көзүм жетти. Анын үстүнө ошол жерде депутат Урмат Самаев «силер келесиңер, добуш бересиңер» деп коркутуп жүрдү. Мага өзүмө да жеке коркутуу болду. Андан кийин бир топ депутаттар чыгып баратканда кайра ордуна кайтарып жатты. Ар кимге чалып «келесиңер, добуш бересиңер, каршы добуш бергендерди үйүнө чейин барып, тытмалап кетебиз» деген сөздөр болду. Мен ошондуктан ал жыйынга катышпай кетип калдым. Себеби бардыгы легитимдүү болушу керек».

Депутат Урматбек Самаевдин өзү менен байланышып, Аида Касымалиеванын жогорудагы айтканы боюнча комментарий алуу аракетибизден азырынча натыйжа чыга элек. Башка маалымат булактары Касымалиеванын билдирүүсүн Самаев төгүндөгөнүн жазды.

«Садыр Жапаров мыйзамдуу шайланган»

Бирок кезексиз жыйынды өткөрүп жаткан учурда спикерлик кызматтан кеткенин жарыялаган Мыктыбек Абдылдаев да, премьер-министрликке бекиген Садыр Жапаров да бардык мыйзамдар сакталганын жарыялашкан.

«Мекенчил» партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев Касымалиеванын акыркы билдирүүсүн негизсиз деп эсептейт.

Бакыт Аманбаев
Бакыт Аманбаев

Аманбаев «Азаттыкка» сүйлөп жатып, Садыр Жапаровду кызматка бекитүүдө мыйзам бузуу болбогонун билдирди:

«Төрт күндөн бери Кыргызстан оор абалда, өлкөбүздү жоготуп алуу коркунучунда турат. Бирден-бир легитимдүү орган деп Жогорку Кеңеш аталып жатат. Жогорку Кеңеш жыйынга чогулуп туруп, өлкөнү укуктук талаага келтирүүгө ар бир депутат өзүнүн атуулдук милдетин аткарып, отурумга катышып, каршы болсо каршы пикирин айтышы керек болчу да. Тескерисинче отурумга келип, бирок катышпай, кетип калып, ар кандай сөздөрдү айтууну кандай деп бааласак болот? Коркутту десе, ал мектептин кичинекей окуучусу же катардагы адам эмес да. Ал деген Жогорку Кеңештин депутаты. Эмне үчүн ошол жерде маалымат жыйынын өткөрбөйт. Анткени ал жерде ЖМК өкүлдөрү көп жүрдү».

Дал ушундай эле пикирди Садыр Жапаровдун үзөңгүлөшү Мелис Аспеков билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү легитимдүү өкмөттү каралоо күч алып жатат:

«Азыркы тапта өлкөдөгү жалгыз легитимдүү орган – парламент. Парламент Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитип берип жатат. Өткөндө «Достук» мейманканасында анын талапкерлигин депутаттар бекиткен. Бирок ошондо шашып, өкмөттүн программасы менен курамын бекитпей калышкан эле. Ошондуктан кечээ мамлекеттик резиденцияга кайрадан чукул жыйынга чогулушуп, өкмөт курамы менен программасы бекитилди. Ал жерде премьер-министрди бекитүү маселеси турган эмес. Кворум болду деп Мыктыбек Абдылдаев өзү айтты. Ишеним кат менен кошо 63 киши болду».

Касымалиева: «Жапаровду премьерликке дайындоо боюнча токтомго кол коюла элек»

Көп өтпөй Аида Касымалиева дагы бир талаштуу жагдайды ачыкка чыгарды. Анын жазышынча, 10-октябрдагы кезексиз жыйын легитимсиз жана анын жүрүшүндө кабыл алынган токтомго кол койгон адам «бийликти күч менен басып алуу» деген берене боюнча жооп берет.

«Садыр Жапаровду дайындоо боюнча Жогорку Кеңештин токтому жок. Анын шайланышы Жогорку Кеңештин расмий документтери менен бекитиле элек жана Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго бекитүү үчүн жөнөтүлө элек. Садыр Жапаровдун премьер-министр катары кабыл алган чечимдери юридикалык күчкө ээ эмес. Буга байланыштуу премьер-министрдин милдетин аткарууну биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков улантып жатат», - деп жазды Касымалиева.

Аида Касымалиева буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынын өткөрүү боюнча сүйлөшүү өткөрүп жатканын жана көпчүлүк коалициядан шайланган вице-спикер катары парламент төрагасынын милдетин аткарып жатканын билдирди.

Касымалиеванын бул билдирүүсү боюнча Садыр Жапаров жана анын командасы комментарий бере элек. Президенттик аппараттан да комментарий алууга мүмкүн болбой жатат.

"Республика" партиясынын билдирүүсү

11-октябрь күнү кечинде «Республика» партиясы саясий күчтөрдү мыйзамдуулук үчүн биригүүгө чакырды.

“Республика” партиясынын саясий кеңеши Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка шайлануусун мыйзамсыз деп эсептейт. Буга байланышкан билдирүүдө: «өкмөт башчынын жана өкмөттүн курамы шайлануусунун легитимдүүлүгү шектүү. Буга байланыштуу өкмөттүн легитимдүүлүгүн жокко чыгарып, мыйзам жолуна түшүүгө чакырабыз” деп жазылган.

Партия бардык саясий партиялардын жана коомдук кыймылдардын лидерлерин чогулуп, тынч сүйлөшүүлөр аркылуу элдин ынтымагын, тынчтыкты сактап калуу аркылуу мыйзамдуулукка келүү зарылчылыгын белгилеген. Ошондой эле күч кызматтарынын жетекчилерин, айрым саясий күчтөрдү оппоненттерин коркутуп-үркүтүүнү токтотууга чакырган.

«Мындай аракеттер, тескерисинче коомдо чыңалууну пайда кылат. 5-октябрдагы нааразылык митингинин талабы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу болчу. Бардык тараптарды эркин жана таза шайлоону камсыздоого чакырабыз. Элдин ынтымагы, тынчтык жана мыйзамдуулук бардык саясатчылардын жана саясий күчтөрдүн кызыкчылыгынан жогору болушу керек”, деп жазылган билдирүүдө.

Ошентип, Кыргызстанда 5-октябарда пайда болгон бийлик вакуумун калыбына келтирүү жараяны толугу менен аягына чыга элек. Учурда президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун өкмөтүн кызматка дайындоо боюнча жарлыкка кол коё элек.

Өлкө Конституциясынын 84-беренесине ылайык, президент үч күндүк мөөнөттө премьер-министрди жана өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарышы керек. Эгерде президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө жарлык чыгарбаса, өкмөт дайындалды деп эсептелет.

Ал ортодо Садыр Жапаров кызматына толук кандуу киришкенин жарыяланды. Ал алгачкы кадрдык чечимдерге кол коюп, ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып Улан Ниязбековду дайындады.

Азырынча Садыр Жапаровдун айланасындагы окуялар боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн кандай позицияда экени белгисиз.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG